Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-сентябры № 2266-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2832-V, 2013-жылдын 6-мартындагы № 2836-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3096-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3097-V, 2013-жылдын 19-июнундагы № 3257-V, 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына төмөнкүлөрдүн талапкерликтери аныкталсын:
Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиевдин - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына;
Жоомарт Каипович Оторбаевдин - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына;
Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Тайырбек Дуйшекеевич Сарпашевдин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Камила Абдыразаковна Талиеванын - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Нурханбек Сакеновнч Момуналиевдин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызматына;
Эрлан Бекешович Абдылдаевдин - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына;
Абдулда Шергазиевич Суранчиевдин - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына;
Алмамбет Насырканович Шыкмаматовдун - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына;
Ольга Владимировна Лаврованын - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына;
Темир Аргембаевич Сариевдин - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматына;
Таалайбек Алимбекович Айдаралиевдин - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматына;
Калыкбек Иманалиевич Султановдун - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына;
Кубатбек Айылчиевич Бороновдун - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына;
Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызматына;
Канат Жалилович Садыковдун - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына;
Динара Зарлыковна Сагимбаеванын - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына;
Султан Акимович Раевдин - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына;
Кудайберген Базарбаевич Базарбаевдин - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин кызматына;
Алисбек Төлбашиевич Алымкуловдун - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин кызматына;
Таалайбек Барыктабасович Өмүралиевдин - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызматына (Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы);
Бусурманкул Беркутович Табалдиевдин - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын кызматына (Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы).
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2832-V, 2013-жылдын 6-мартындагы № 2836-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3096-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3097-V, 2013-жылдын 19-июнундагы № 3257-V, 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерликтер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2010-жылдын 17-декабрындагы № 28-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө";
2011-жылдын 23-декабрындагы № 1453-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө"
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
|
|
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|