Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры № 1463-V
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча текшерүү планын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча текшерүү планы бекитилсин (тиркелет).
2. Текшерүү планына киргизилген министрликтер, агенттиктер жана мамлекеттик кызматтар ушул токтомдун аткарылышына байланыштуу уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Абдиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы № 1463-V токтому менен бекитилген |
┌──┬─────────────────┬─────────┬──────────────────────────────────────┐
│N │Мамлекеттик │ Өткөрүү │ Контролдоого тийиш болгон │
│ │органдын │ мөөнөтү │ маселелердин чөйрөсү │
│ │аталашы │ │ │
├──┼─────────────────┼─────────┼──────────────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз │2012-жыл │1. Мамлекеттик органдын ишин регла-│
│ │Республикасынын │апрель │менттеген ченемдик укуктук актылардын│
│ │Финансы министр- │ │(жобо, регламент, нускама ж.б.) бар│
│ │лиги │ │экендиги, ошондой эле, алардын мыйзам-│
├──┼─────────────────┼─────────┤дардын талаптарына ылайык келиши. │
│2 │Кыргыз │2012-жыл │2. Мамлекеттик органдын аппаратынын│
│ │Республикасынын │май │курамынын сапаттык жана сандык талдоо.│
│ │Юстиция министр- │ │Кадр ишинин сапаты. Кадрларды кызматка│
│ │лиги │ │дайындоого жана жылдырууга буйрук-│
├──┼─────────────────┼─────────┤тардын негизи. Сынактык тандоосуз да-│
│3 │Кыргыз │2012-жыл │йындалган кызматтардын саны, алардын│
│ │Республикасынын │июнь │негиздемеси. Тандап алуунун квалифика-│
│ │Транспорт жана │ │циялык талаптары. │
│ │коммуникациялар │ │3. Мамлекеттик органдын актыларынын│
│ │министрлиги │ │жана чечимдеринин (буйруктар ж.б.)│
├──┼─────────────────┼─────────┤мыйзамдардын талаптарына ылайык кели-│
│4 │Кыргыз │2012-жыл │ши. │
│ │Республикасынын │сентябрь │4. Мамлекеттик органдын аттестация-│
│ │Билим берүү жана │ │лык-сынактык комиссиясынын иши: │
│ │илим министрлиги │ │- сынактардын саны. Аларды өткөрүүнүн│
├──┼─────────────────┼─────────┤жол-жоболорунун жана тартибинин сакта-│
│5 │Кыргыз │2012-жыл │лышы; │
│ │Республикасынын │октябрь │- аттестациялардын саны. Аларды│
│ │Саламаттык сактоо│ │өткөрүүнүн жол-жоболорунун жана тарти-│
│ │министрлиги │ │бинин сакталышы. Аттестациядан өтпөй│
├──┼─────────────────┼─────────┤калган мамлекеттик кызматчылардын саны│
│6 │Кыргыз │2012-жыл │жана алар боюнча кабыл алынган кадрлык│
│ │Республикасынын │ноябрь │чечимдер; │
│ │Энергетика жана │ │- өткөрүлгөн квалификациялык экзамен-│
│ │өнөр жай министр-│ │дердин саны. Мамлекеттик кызматчыларга│
│ │лиги │ │класстык чендер ыйгарылганбы, алардын│
├──┼─────────────────┼─────────┤ыйгарылышынын негиздемеси. │
│7 │Кыргыз │2012-жыл │5. Мамлекеттик органдын статс-катчы- │
│ │Республикасынын │декабрь │сынын ишинин мыйзамга ылайык келиши. │
│ │Өзгөчө кырдаалдар│ │6. Мамлекеттик органдын мамлекеттик│
│ │министрлиги │ │кызматчынын этикасынын сакталышына ти-│
├──┼─────────────────┼─────────┤ешелүү мыйзамдын ченемдеринин талапта-│
│8 │Кыргыз │ │рын ишке ашыруу боюнча иши. │
│ │Республикасынын │2013-жыл │7. Мамлекеттик кызматчынын кирешелери│
│ │Маданият жана │январь │жана мүлкү жөнүндө декларацияларды│
│ │туризм министрли-│ │өткөрүүнү уюштуруунун мөөнөттөрү менен│
│ │ги │ │тартибинин сакталышы. │
├──┼─────────────────┼─────────┤8. Эмгек тартибинин сакталышы. Ички│
│9 │Кыргыз │ │эмгек тартибинин маселелери кайсы че-│
│ │Республикасынын │2013-жыл │немдик укуктук актылар менен жөнгө са-│
│ │Айыл чарба жана │февраль │лынат жана анын ченемдери колдонуудагы│
│ │мелиорация │ │мыйзамдардын талаптарына ылайык келе-│
│ │министрлиги │ │би? │
├──┼─────────────────┼─────────┤9. Кызматтык териштирүүнүн (мамлекет-│
│10│Кыргыз │ │тик кызматчыларга карата кызматтык те-│
│ │Республикасынын │ │риштирүү жүргүзүү фактылары барбы,│
│ │Жаштар, эмгек │2013-жыл │эгер болсо, анда алардын жыйынтыктары│
│ │жана иш менен │март │боюнча кандай чечимдер кабыл алынган)│
│ │камсыз кылуу │ │жыйынтыктары боюнча мамлекеттик орган│
│ │министрлиги │ │кабыл алган чечимдерге мамлекеттик│
├──┼─────────────────┼─────────┤кызматчылардын даттанууларын кароону│
│11│Кыргыз │ │жүзөгө ашыруунун тартиби. │
│ │Республикасынын │2013-жыл │10. Жарандардын каттары, даттануулары│
│ │Экономика жана │апрель │жана арыздары менен иштөөнүн абалы. │
│ │монополияга каршы│ │11. Мамлекеттик органдын жетекчилиги│
│ │саясат министрли-│ │тарабынан жарандарды жеке маселелер│
│ │ги │ │боюнча кабыл алуунун уюштурулушу. │
├──┼─────────────────┼─────────┤12. "Ишеним телефонунун", "коомдук ка-│
│12│Кыргыз │ │был алуунун" ишин талдоо. │
│ │Республикасынын │2013-жыл │13. Мамлекеттик органдын аппаратындагы│
│ │Социалдык өнүгүү │май │аткаруу тартибинин абалы. │
│ │министрлиги │ │14. Мамлекеттик органда иш кагаздары-│
│ │ │ │нын уюштурулушу жана жүргүзүлүшү. │
│ │ │ │15. Кызматкерлердин эмгектик китепче-│
│ │ │ │лерин, жеке карточкаларын жүргүзүүнүн│
│ │ │ │тартибинин сакталышы. │
│ │ │ │16. Мамлекеттик кызматчылардын жеке│
│ │ │ │делолорун жүргүзүүнүн тууралыгы жана│
│ │ │ │толуктугу. │
│ │ │ │17. Мамлекеттик органдын кызматкерле-│
│ │ │ │рин материалдык жана социалдык-тиричи-│
│ │ │ │лик жактан камсыз кылынышы: эмгек акы-│
│ │ │ │нын, сыйакылардын өз убагында│
│ │ │ │төлөнүшү, ишинин узактыгы, класстык│
│ │ │ │чендер ж.б. үчүн үстөктөрдү бел-│
│ │ │ │гилөөнүн тууралыгы. Мамлекеттик кыз-│
│ │ │ │матчылардын укуктары менен кызыкчылык-│
│ │ │ │тарынын корголушу. │
│ │ │ │18. Мамлекеттик органга баш ийген│
│ │ │ │түзүмдүк бөлүкчөлөрдө мамлекеттик кыз-│
│ │ │ │мат жөнүндө Кыргыз Республикасынын│
│ │ │ │мыйзамдарынын сакталышынын мониторин-│
│ │ │ │гин жүзөгө ашыруу жана табылган тартип│
│ │ │ │бузууларды четтетүү боюнча кабыл алын-│
│ │ │ │ган чаралар. │
│ │ │ │19. Мамлекеттик органдын кадр резерви│
│ │ │ │(анын ишинин натыйжалуулугу, кадр ре-│
│ │ │ │зервдеринин курамын талдоо жүргүзүлөбү│
│ │ │ │жана кабыл алынган чаралар) жана мый-│
│ │ │ │зам менен каралган башка маселелер. │
└──┴─────────────────┴─────────┴──────────────────────────────────────┘