КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы № 1512-V
"Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу, "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-октябрындагы № 667 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу, "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|