Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-сентябры № 2294-V
Жалал-Абад областынын Сузак районунда жугуштуу
күл оорусуна каршы эмдөөнүн айынан койлордун массалык
өлүмү менен байланышкан кырдаал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областынын Сузак районунда жугуштуу күл оорусуна каршы эмдөөнүн айынан койлордун массалык өлүмү менен байланышкан кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун биринчи орун басары С.Т.Алиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 32-статьяларына ылайык Мамлекеттик ветеринария департаментинин базасында өзүнчө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик ветеринария кызматын түзүү жөнүндө маселени эң кыска мөөнөттө карасын;
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Жалал-Абад областынын аймагында жугуштуу күл оорусуна каршы ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзсүн;
төмөнкү маселелерди карасын:
- жугуштуу күл оорусуна каршы эмдөөнүн айынан зыян тарткан жарандарга мамлекеттик, колдоо көрсөтүү жөнүндө, ошондой эле жеңилдетилген кредиттерди берүү тууралуу;
- республиканын региондорун күчтүү ветеринардык кызмат кадрлары менен камсыз кылуу максатында ветеринардык тармакты өнүктүрүү жана ветеринардык кызматкерлерди даярдоо үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө;
- ветеринардык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө;
- райондук жана областтык ветеринардык башкармалыктардын бухгалтерлеринин штаттык бирдиктерин калыбына келтирүү жөнүндө;
- ветеринардык дары-дармектерди контролдоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектик камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификациялоо борборуна өткөрүп берүү жөнүндө;
сапатсыз ветеринардык дары-дармектерди мыйзамсыз алып келүүгө жана сатууга бөгөт коюу максатында көзөмөлдү күчөтсүн жана сертификаттары, ошондой эле расмий тилде аннотациялары бар дары-дармектерди ветеринардык дарыканаларда сатууну камсыз кылсын;
сатып алынган ветеринардык дары-дармектердин сапатын жана алардын калк тарабынан пайдаланылышын контролдоону күчөтсүн;
ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууну караган Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
жугуштуу оору жуккан жаныбарлардын этин тамакка пайдаланган жарандарды медициналык кароодон өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
өлгөн малды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык керектен чыгаруу иштерин жүргүзсүн;
калган койлорду жугуштуу күл оорусунан коргоо, анын республиканын башка аймактарына жайылтпоо боюнча тиешелүү ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзсүн жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырсын;
жугуштуу күл оорусу, анын зыяны жана алдын алуу чаралары жөнүндө, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашпастан жаныбарларды эмдегендик үчүн жарандардын жоопкерчилиги тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк арасында түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жасалган иштердин жыйынтыктары боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 24-ноябрына карата, ошондой эле 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 1754-V "2012-жылдын кыш мезгилиндеги оор климаттык шарттардын натыйжасында республиканын алыскы жана бийик тоолуу райондорунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкү маселелерди иликтесин:
тиешелүү кызмат адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө жана бул маселе боюнча козголгон жазык иштерин териштирүүнүн жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын;
ветеринардык дары-дармектерди сатып алуу боюнча өткөрүлүп жаткан тендерлердин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык келерлиги жөнүндө.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.М.Узакбаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А.Жээнбеков
|