Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели №1754-V
2012-жылдын кыш мезгилиндеги оор климаттык шарттардын натыйжасында республиканын алыскы жана бийик тоолуу райондорунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандардын эсебин алууну жүзөгө ашырсын жана аларга өтүп жаткан жылдын ичинде турак жай субсидияларын биринчи кезекте бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;
барууга кыйын райондордо жайгашкан тургундарынын саны аз калктуу конуштарды иликтөө жүргүзсүн жана алар менен туруктуу байланыш түзсүн;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин автомобиль жолдорун тазалоо боюнча техникасын республиканын барууга кыйын райондоруна тоюттун бардык түрлөрүн өз убагында жеткирүү үчүн пайдалансын;
жабыр тарткан айылдык товар өндүрүүчүлөргө, анын ичинде биринчи кезектеги тартипте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин тартуу менен жер-жерлерде өлгөн малдын так эсебин алууну жүргүзсүн, чарба китептеринде катталган болгон үй жаныбарларынын так эсебин алууну жүзөгө ашырсын жана жакырлар менен бардар жашагандардын үй жаныбарларынын санын талдоону жүргүзсүн;
мал өлүктөрүн ветеринардык-санитардык ченемдерге ылайык көмүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
малды тоюттандыруу үчүн пайдаланылган буудай, арпа, картошка жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө муктаждыктын ордун толтуруп, жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүнү камсыз кылсын, ошондой эле калкка сапаттуу үрөндөрдү сатууда көмөк көрсөтсүн;
мамлекеттик чек араларды ачуунун, зарыл шарттарды түзүүнүн жана сатып алуучуларды тартуунун аркасында айыл чарба азыктарын (этти, картошканы, капустаны жана башкаларды) сатып өткөрүүдө өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтсүн;
төмөнкү маселелерди карасын:
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдар пайда болгон учурда оперативдүү мамиле жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебин түзүү;
- альтернативдүү Бишкек-Ош автомобиль жолун куруу үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине зарыл техниканы сатып алууга жана жазгы сел алуу жана суу ташкын кубулуштарынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө (мамыларды бекемдөө, жээктерди бекемдөө жумуштары, каналдарды, дамбаларды куруу, суу сактагычтардын жана башкалардын коопсуздугу) акча каражаттарын бөлүп берүү;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн тоюттарды өз убагында камсыз кылуусунун максатында кийин аларды республиканын райондорунда сатуу менен ата мекендик өндүрүүчүлөргө ат чөп чапкычтарды, тырмоолорду жана башка зарыл айыл чарба шаймандарын өндүрүүгө каражат бөлүп берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда калктын малы үчүн даярдалган күрдүү жана аралаш тоюттарды сактоого жооптуу ишканаларда жыюуну, топтоону жана сактоону уюштуруу;
төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
- 2012-2013-жылдарга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын планын;
- күрдүү тоюттарды, анын ичинде алардын гранулдаштырылган жана башка түрлөрүн өндүрүүнү кайра жаңыртууну жана түзүүнү карап, тоюттар менен камсыз кылуу бөлүгүндө мал чарбасын өнүктүрүү концепциясын;
төмөнкү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
- тоют өндүрүү боюнча милдеттүү камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчилик жоболорун кароо менен "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар үчүн жабдууларды, техниканы, транспорт каражаттарын жана башка зарыл материалдарды сатып алуу жөнүндө жобону кароочу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын;
- калган малдын башын сактап калуу үчүн өтө муктаж болгон жабыр тарткан айылдык товар өндүрүүчүлөргө кесек, күрдүү тоюттарды жана алар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды, чатырларды зарыл санда жеткирүүнү;
- өзгөчө кырдаалдардын учурунда оперативдүү пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оор техникасынын ар бир бийик тоолуу райондо болушун;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурларда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдерин аткарышын жана жабыр тарткандарга зарыл жардам берүүгө катышпагандык үчүн алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин;
оор климаттык шарттардын натыйжасында жабыр тарткандарга пайызсыз ссудаларды берүү үчүн каражаттарды Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен биргелешип тапсын;
аларды кыш мезгилинде жабыр тарткандарга толук көлөмдө компенсацияга багыттоо менен гранттык каражаттарды берүү жөнүндө эл аралык коомдоштук менен сүйлөшүүлөр жүргүзсүн.
2. Жабыр тарткан фермерлерди колдоо максатында коммерциялык банктар жана чакан кредиттик мекемелер тарабынан төмөндөтүлгөн пайыздык ставкалары бар жана кредиттин негизги суммасын төлөөнү бир жылга узартуу менен кредиттерди берүү, ошондой эле мурда берилген кредиттерди пролонгациялоо жөнүндө маселелерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы 2012-жылдын 28-сентябрында угулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, ошондой эле Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|