ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1707-V «Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция02.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-марты № 1707-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 19-декабрындагы № 760 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков