Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 14-марты № 1730-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет;".

2. 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелердин 1-бөлүмүнүн аталышындагы "Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет" деген сөздөр "Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет" деген сөздөр менен алмашылсын.

3. 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун экинчи абзацындагы "Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин" деген сөздөр "Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.

4. 2012-жылдын 12-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы "Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет" деген сөздөр "Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет" деген сөздөр менен алмашылсын.

5. 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтарындагы "Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин" деген сөздөр "Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков