Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2012-жылдын 15-марты №1735-V
2011-жылдын 11-февралындагы №166-V "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2011-жылдын 11-февралындагы №166-V "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Ө.Тербишалиев "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|