Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2011-жылдын 11-февралы № 166-V
"Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 15-мартындагы № 1735-V, 2013-жылдын 12-июну № 3198-V ,2015-жылдын 15-апрелиндеги № 4993- V, 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5045- V токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өнөктүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен парламенттик деңгээлде активдүү саясий диалогго умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
А.К.Келдибеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы, Комитеттин теңтөрагасы;
А.Б.Калматов;
З.И.Бекбоев;
Н.В.Никитенко;
Ж.Р.Сапарбаев;
Б.С.Кадыров;
Э.А.Сакебаев;
К.Э.Осмонов;
А.Т.Сулайманов;
М.И.Бакиров;
А.Ж.Эшимов;
Д.Ө.Тербишалиев;
Н.А.Мадалиев;
А.О.Кутушев.;
Сулайманкулов Б.А.
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 15-мартындагы № 1735-V, 2013-жылдын 12-июну № 3198-V ,2015-жылдын 15-апрелиндеги № 4993- V, 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5045- Vтоктомдорунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитети тарабынан жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
3. 2008-жылдын 14-февралындагы № 170-IV "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А.Келдибеков |