Редакцияот 06.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 6-апрели № 1797-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-ноябрындагы № 734а токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков