КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-апрели № 1800-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор)(II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 743 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|