ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1800-V «Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор)(II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция06.04.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 6-апрели № 1800-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор)(II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 743 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков