Редакцияот 10.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-майы № 1889-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 21-январындагы № 1534-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 21-январындагы № 1534-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков