Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-майы № 1927-V
2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель- июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" жана 2012-жылдын 2-февралындагы № 1588-V "2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.А.Карашевдин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" жана 2012-жылдын 2-февралындагы № 1588-V "2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.А.Карашевдин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көрсөтүлгөн токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. 2011-жылдын 26-майындагы № 500-V "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар жана шарттар жөнүндө чет өлкөлүк мамлекеттерде, эл аралык уюмдарда калыс жана ынанымдуу маалыматты жайылтуу, өзгөчө сепаратчылардын иши жөнүндө бөлүгүн аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетишсиз иши белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көрсөтүлгөн токтомдорун толук көлөмдө аткаруу боюнча ишти улантсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана комитеттерине өз карамагындагы маселелерге ылайык жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|