Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII токтомуна) |
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагын толтуруунун, демилгечи топтун кол коюу барагындагы жарандардын коюлган колдорун ырастаган мүчөсүнүн колун ырастоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип жарандардын элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин укугун жүзөгө ашыруу максатында кол коюу барагын толтуруунун, демилгечи топтун кол коюу барагындагы жарандардын коюлган колдорун ырастаган мүчөсүнүн колун ырастоо жол-жобосун (мындан ары - Тартип) белгилейт.
2. Колдорду чогултуу укугу демилгечи топтун мүчөлөрүнө таандык. Демилгечи топтун кол тамгаларды чогултууну жүзөгө ашыруучу мүчөсү жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорунун республикалык басылмаларда жарыяланган текстин же болбосо анын Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылганы жөнүндө маалыматты таанышуу үчүн берүүгө, ошондой эле жарандардын талабы боюнча демилгечи топтун катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү же анын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Жарандардын кол тамгаларын чогултуу жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жери боюнча, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында эмгек акысы берилген жерлерде кол тамгаларды чогултууга жол берилбейт.
4. Кол коюу барагына Кыргыз Республикасынын шайлоо укугуна ээ болгон жарандары кол коюуга укуктуу:
Эгерде майыптыгы бар адам кол коюу барагына кол коюу ниетине ээ болуп, бирок аны өз алдынча жасоого жөндөмсүз болсо, кол коюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 176-беренесинин 3-бөлүгүндө аныкталган эрежелер менен бирдей жүргүзүлөт.
5. Жаран мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту колдоо үчүн бир жолу кол коюуга укуктуу. Бир эле жарандын бир нече кол тамгалары аныкталган учурда бир гана кол тамгасы жарактуу деп эсептелет.
6. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту колдоо үчүн кол койгон жарандар кол коюу барактары тапшырылганга чейин демилгечи топко арыз берүү аркылуу кол коюу барактарындагы кол тамгаларын кайтарып алууга укуктуу.
2. Кол коюу барагын толтуруу
7. Кол коюу барагынын формасындагы "Демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери" графасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген, элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун жүзөгө ашыруу боюнча демилгечи топту (мындан ары - демилгечи топ) каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.
8. Кол коюу барагынын формасындагы "Каттоо датасы" графасында демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган так дата көрсөтүлөт.
9. Кол коюу барагынын формасындагы "Каттоо жөнүндө күбөлүк берген органдын аталышы" графасында демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктү берген мамлекеттик орган көрсөтүлөт.
10. Кол коюу барагынын формасындагы "Демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери", "Каттоо датасы", "Каттоо жөнүндө күбөлүк берген органдын аталышы" графалары толтурулгандан кийин мыйзам долбоорунун аталышын көрсөтүлөт, ал эми референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген учурда референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун тексти жана референдумга чыгарылган маселенин долбоорунун тексти жарыялоонун республикалык басылма булагынын аталышы, анын жарыкка чыккан номери жана чыгарылган датасы милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берилет.
11. Кол коюу барагынын формасындагы "Катар №" графасында элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун жүзөгө ашыруунун алкагында демилгеленген мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилишин колдогон жарандардын катар номери көрсөтүлөт.
12. Кол коюу барагынын формасындагы "Фамилиясы, аты, атасынын аты" графасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорун колдогон жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты анын инсандыгын ырастаган документке же аны алмаштыруучу документке ылайык көрсөтүлөт.
13. Кол коюу барагынын формасындагы "Жашаган жеринин дареги (облус, шаар, район, көчө, үйдүн жана батирдин номери)" графасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорун колдогон жарандын жашаган жеринин расмий маалыматтары: облустун, шаардын, райондун, айылдын, көчөнүн аталышы, ошондой эле үйдүн жана батирдин номери көрсөтүлөт.
14. Кол коюу барагынын формасындагы "Жарандын инсандыгын ырастоочу документтин же аны алмаштыруучу документтин аталышы, сериясы жана номери" графасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорун колдогон жарандын инсандыгын ырастаган документтин же аны алмаштыруучу документтин аталышы, сериясы жана номери көрсөтүлөт.
15. Кол коюу барагынын формасындагы "Кол тамгасы" графасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорун колдогон жарандын колу коюлат.
16. Кол коюу барагынын формасындагы "Кол коюу датасы" графасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорун колдогон жарандын колу коюлган дата көрсөтүлөт.
17. Кол коюу барагынын формасындагы "Кол тамганы кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар" графасында жаран тарабынан кол коюлган жана демилгечи топтун дарегине жиберилген элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорун колдоо жөнүндө кол тамгасын кайтарып алуу тууралуу арызы демилгечи топ тарабынан кабыл алынган дата көрсөтүлөт.
18. Кол коюу барагынын формасындагы "Катар №", "Фамилиясы. аты. атасынын аты", "Жашаган жеринин дареги (облус, шаар, район, көчө, үйдүн жана батирдин номери)", "Жарандын инсандыгын ырастоочу документтин же аны алмаштыруучу документтин аталышы, сериясы жана номери", "Кол тамгасы", "Кол коюу датасы", "Кол тамганы кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар" графалары толтурулгандан кийин ал киргизилген күндү милдеттүү түрдө көрсөтүү менен демилгечи топтун кол тамгаларды чогулткан мүчөсүнүн колун коюу аркылуу кол коюу барагын күбөлөндүрүү үчүн демилгечи топтун кол тамгаларды чогулткан мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, анын жашаган жеринин дареги, документти берген органдын аталышын көрсөтүү менен анын инсандыгын ырастаган документтин же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлөт.
19. Кол коюу барагы демилгечи топтун кол тамгаларды чогулткан мүчөсү тарабынан ырасталгандан кийин кол коюу барагына демилгечи топтун төрагасы кол коюу датасын көрсөтүү менен кол коет.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII токтомуна) |
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагын толтуруунун, демилгечи топтун кол коюу барагындагы жарандардын коюлган колдорун ырастаган мүчөсүнүн колун ырастоонун ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 689-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип жарандардын элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин укугун жүзөгө ашыруу максатында кол коюу барагын толтуруунун, демилгечи топтун кол коюу барагындагы жарандардын коюлган колдорун ырастаган мүчөсүнүн колун ырастоо жол-жобосун (мындан ары - Тартип) белгилейт.
2. Колдорду чогултуу укугу демилгечи топтун мүчөлөрүнө таандык. Демилгечи топтун кол тамгаларды чогултууну жүзөгө ашыруучу мүчөсү жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорунун республикалык басылмаларда жарыяланган текстин же болбосо анын Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылганы жөнүндө маалыматты таанышуу үчүн берүүгө, ошондой эле жарандардын талабы боюнча демилгечи топтун катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү же анын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Жарандардын кол тамгаларын чогултуу жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жери боюнча, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында эмгек акысы берилген жерлерде кол тамгаларды чогултууга жол берилбейт.
4. Кол коюу барагына Кыргыз Республикасынын шайлоо укугуна ээ болгон жарандары кол коюуга укуктуу:
Кол коюу барагына дене боюндагы кемчиликтеринен улам өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон майыптыгы бар жаран кол койгон учурда, кол коё турган жарандын катышуусу, жана нотариустун катышуусу менен ал үчүн башка адам кол койгонго же болбосо «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныктыгы күбөлөндүрүлгөн факсимилдик кол тамгасын пайдаланууга жол берилет.