Редакцияот 07.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 7-июну № 1986-V

"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын №ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 24-апрелиндеги № 255 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашиштон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков