Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-апрели № 255
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кезексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Тиркеме
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-кат (мындан ары - Макулдашуу-кат) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдердин нормаларына каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу-кат кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Жер жана агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү маселелери боюнча комитети, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 564-б буйругу менен жактырылган.
"Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору (мындан ары - Долбоор) боюнча карыз алууга атайын укук (СПЗ) менен 5,7 млн. суммадагы (9,0 млн. АКШ доллары) каржылоо жөнүндө жана Долбоорду кошумча 2,5 млн. СПЗ (4,0 млн. АКШ доллары) суммада кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (мындан ары - МАР) ортосундагы макулдашууларга 2008-жылдын 20-июнунда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 175 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Кыргыз тараптын суроосу боюнча Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасы жогоруда аталган Долбоор үчүн 6,7 млн. евро өлчөмдө Кошумча каражат бөлүү жөнүндө чечим чыгарган.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган жана 2010-жылдын 30-декабрында мыйзамда белгиленген тартипте ратификацияланган. Мында Европа союзунун гранттык жардамын ишке ашыруу мөөнөтү адегенде 30 ай болчу.
Долбоорду аткаруунун алкагында пландалган иштерди аткаруу (ар кандай тендерлерди өткөрүү, Дүйнөлүк банктын талаптарына ылайык сатып алууларды жүргүзүү ж.у.с.) үчүн узак убакыт керек болгондуктан Долбоордо каралган иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү 2011-жылдын 31-декабрына чейин аткарылбай калганына байланыштуу Кыргыз Республикасы менен МАРдын ортосунда "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору боюнча Грантты жабуунун белгиленген жаңы датасына чейин, б.а. 2012-жылдын 30-июнуна чейин Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Трасттык фондунан грант каражаттар толук төлөнүшүн камсыздоо максатында аталган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө келишимге жетишилген. Долбоордун аткаруучу агенттиктери болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (мындан ары - АРИС) эсептелет.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы № ТF 096043 Кошумча каржылоо боюнча Гранттык макулдашуунун алкагында Кыргыз тарап "Товарлар жана окутуу" категориясы боюнча 12 процент, "Консультациялык кызматтар" категориясы боюнча - 10 процент кошумча каржылоого, ошондой эле КНСти, бажылык жыйымдарды жана алымдарды төлөөгө милдеттенген.
Долбоорду кошо каржылашуу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2012-жылы 33,4 млн. сом бөлүү каралган.
Долбоорду ишке ашыруу аз камсыз фермерлерди сапаттуу үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоого; жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жана жайыттарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн микропроекттерди ишке ашырууга; жаныбарлардын коркунучтуу алты ылаңына, анын ичинде зооноздук ыландарга (бруцеллез, шарп, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, майда малдын чумасына) каршы вакциналарды сатып алуу жолу менен өлкөдө жаныбарлардын жана адамдардын ден соолугун сактоого байланышкан абалды жакшыртууга; ветеринария мекемелеринин потенциалын арттыруу үчүн учурдун талабына ылайык лабораториялык жана диагностикалык жабдууларды, реагенттерди ж.у.с. сатып алууга байланышкан приоритеттүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" негизги долбоору боюнча 5,7 млн. СПЗ (9,0 млн. АКШ доллары) суммасына каржылоо жөнүндө жана "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоорун кошумча 2,5 млн. СПЗ (4,0 млн. АКШ доллары) суммасына кошумча каржылоо жөнүндө негизги макулдашууларга 2008-жылдын 20-июнунда кол коюлган.
Долбоордун негизги максаты - фермерлер жана малчылар үчүн институттук жана инфраструктуралык шарттарды жакшыртууну жана жаныбарлардын адамдын ден соолугуна таасир этүүчү ылаңдарын азайтууну көздөйт.
Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасы жогоруда аталган долбоор үчүн 6,7 млн. евро өлчөмдө Кошумча каржылоо бөлүп берген. Долбоордун каражаттарынын администратору Дүйнөлүк банк.
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министри 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол койгон жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 30-декабрындагы № 59 "№ ТF 096043 грант боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган.
Бул Макулдашууга № ТF 096043 грантты жабуу мөөнөтүн узартууну караштырган өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 564-б буйругу менен Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-кат жактырылган жана Кыргыз Республикасынын финансы министри 2011-жылдын 30-декабрында кол койгон.
Макулдашуу-катта реструктуралоодо: (а) Өнүктүрүү боюнча долбоордун жалпы максаты өзгөрбөстүгү жана (б) ЕС Грантынын жалпы суммасы өзгөрбөстүгү белгиленген, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөртүүлөр караштырылган:
1. "Жаныбарларды тоюттандыруу" деген Б бөлүгүнүн аталышы "Жаныбарларды тоюттандыруу жана дыйканчылык" деп өзгөртүлүп, ага (i) фермерлерди жаныбарларды тоюттандыруу жана өсүмдүктөрдү өстүрүү маселеси боюнча окутуу, анын ичинде жаныбарларды багуу боюнча айыл чарбалык билимди жайылтуу боюнча атайын программаны кеңейтүү иштери караштырылган, бул өсүмдүктөрдү өстүрүүнү жана өндүрүштү интеграциялуу башкаруу программасын кеңейтүү максатында киргизилген;
(ii) жайыттарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында инфраструктураны жакшыртуу жана микродолбоорлорду ишке ашыруу үчүн жайыт комитеттерине жайыттарды башкаруу боюнча суб-гранттары каралган; жана
(iii) коомдук үрөн фондулары үчүн үрөн жана жер семирткичтерди берүү.
2. Жайыттарды жакшыртууга суб-гранттар үчүн сарптоолордун жаңы категориясын киргизүү менен чыгымдардын категориялары боюнча каражаттардын бөлүштүрүлүшү өзгөртүлдү:
┌──────────────────────────┬──────────────────────┬───────────────────┐
│ Категория │ Гранттын бөлүнгөн │ Каржыланууга тийиш│
│ │ суммасы (Евро менен)│ болгон чыгымдардын│
│ │ │ проценти │
├──────────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────┤
│(1) Товарлар жана окутуу │ 3,778,557 │ 88% │
├──────────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────┤
│(2) Долбоордун В.2 бөлүгү │ 1,440,537 │ 100% │
│боюнча Суб-гранттар │ │ │
├──────────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────┤
│(3) Консультациялык │ 1,480,886 │ 90% │
│кызматтар │ │ │
├──────────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────┤
│ЖАЛПЫ СУММА │ 6,700,000 │ │
└──────────────────────────┴──────────────────────┴───────────────────┘
Мында Долбоорду 33,4 млн. сом суммада кошо каржылоону Кыргыз Республикасынын 2012-ж. республикалык бюджетинен ишке ашыруу каралууда.
Европа Союзунун грант каражаттары белгиленген мөөнөттө, б.а. 2012-жылдын 30-июнуна чейин иштетилет жана приоритеттүү иштерди жасоого жумшалат, атап айтканда: аз камсыз фермерлер сапаттуу үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздалышат; инфраструктура жакшыртылат жана жайыттарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн микропроекттер ишке ашырылат; өлкөдө жаныбарлардын ден соолугун сактоого байланышкан маселени чечүү үчүн жаныбарлардын коркунучтуу алты ылаңына, анын ичинде зооноздук ылаңдарга каршы вакциналар сатып алынат.
Ушул айтылгандардын негизинде, жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдаган.
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жарыяланган (www.gov.kg). Долбоор боюнча сунуштар жана пикирлер түшкөн жок.
Айыл чарба жана мелиорация министри | С.Тынаев
|