КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну № 2074-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Атайын Акционердик Фонду тарабынан берилген инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 28-майындагы № 336 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Атайын Акционердик Фонду тарабынан берилген инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |