Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 336
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын акционердик фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын акционердик фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын акционердик фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын акционердик фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуу (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган макулдашуулар күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын акционердик фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуу (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин нормаларына карама-каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык жогоруда аталган макулдашуу аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери менен ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети) тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-ноябрындагы N 542-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Гранттык жана Насыялык макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги финансылык каражаттарды берүү шарттарына жана мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана макулдашууларды ратификациялоонун башка натыйжаларына экспертиза жүргүзгөн. Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар толук бойдон Европалык Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан берилет жана ушуга ылайык, ушул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо каралган эмес. Долбоордун жалпы суммасы 15,6 млн. АКШ долл. түзөт (ЕРӨБ кредит түрүндө 10,1 млн. АКШ долл. жана грант түрүндө 5,5 млн. АКШ долл. суммасында каражат бөлөт). Ошондой эле, ушул уюм тарабынан корпоративдүү өнүктүрүү үчүн 0,25 млн. АКШ доллары жана Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына көмөк көрсөтүү үчүн - 0,52 млн. АКШ доллары суммасында техникалык кызматташтык фондунун каражаттарынын эсебинен гранттык негизде финансылык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.
Кредит 10 жылга берилет, анын ичинен 3 жылдык жеңилдетилген Euribor + 1,0%тик ставкасы менен (өтө жай өзгөрүү ставкасын эсепке алганда). Кредитти пайдалануу мезгили үчүн Кыргыз Республикасынын төлөөлөрү мамлекеттик бюджетке көп кыйынчылык келтирбейт.
Андан сырткары Насыялык макулдашуунун шарттары боюнча ЕРӨБдөн алынган кредиттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын жана кредиттик каражаттарды кайтарып берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясына рекредиттелет.
Долбоордун Аткаруучу агенттиги болуп Бишкек шаарынын мэриясы эсептелет.
Азыркы учурда Европа Кайра конструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы (ЕБРР) "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү Долбоору" долбоорун ишке ашырууну 15,6 млн. доллар США суммасында (ЕБРР кредит түрүндө 10,1 млн. долл. США жана грант 5,5 млн. долл. США грант бөлөт) каржылоого макулдугун берди. Ошондой эле, техникалык кызматташтык фондунун каражатынын эсебинен гранттык негизде корпоративдик өнүктүрүү үчүн 0,25 млн. долл. США жана транспорт боюнча Шаардык департаментке көмөк көрсөтүү үчүн 0,52 млн. долл. США финансылык жардам көрсөтүүнү чечти.
Бул долбоордун максаты жапыз полдуу жана бийик полдуу жаңы троллейбустарды сатып алууга, тийиштүү инфраструктураны жарым-жартылай реабилитациялоого жана Бишкек шаарынын коомдук транспортунда тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жардам көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
А Бөлүгү.
1. Түбү жапыз троллейбустарды сатып алуу - 6,40 млн. долл. США га 32 даана;
2. Түбү бийик троллейбустарды сатып алуу - 6,16 млн. долл. США га 44 даана;
3. Жабдууларды алып келүү жана орнотуу - 0,67 млн. долл. США га 7436 даана; 4.
Троллейбус тармагынын инфраструктурасында инвестициялар - 1,02 млн. долл. США;
5. Тейлөөчү техникаларда инвестициялар - 0,36 млн. долл. США;
6. Энергия менен камсыз кылуу инфраструктурасында инвестициялар 0,99 млн. долл. США.
Б Бөлүгү.
1. Товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу жана долбоорду ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Программаны ишке ашыруу - 0,25 млн. долл. США;
2. Корпоративдик өнүктүрүү Программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, электрондук жол менен билеттерди сатуу-сатып алуу Программасын иштеп чыгуу жана киргизүү, ал электрондук билеттерди жалпы тармактык интеграциялык системасын иштеп чыгууда, сатып алууда жана ишке ашырууда Шаардык Коомдук транспортко жардам берет - 0,52 млн. долл. США.
Бул долбоордун аткаруучу агенттиги Бишкек шаарынын мэриясы болот.
Долбоорду 2013-жылдын 31-декабрынан кеч эмес аяктоо пландалууда.
Ушуга байланыштуу Сиздердин карооңуздарга ушул Макулдашууларды ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору киргизилет.
Министр | А.Жапаров |