Редакцияот 21,06,2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 21-июну № 2076-V

"2011-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Атайын Акционердик Фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 28-майындагы № 336 токтому) "2011-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Атайын Акционердик Фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ош жана Нарын шаарларынын мэрияларына бир нече троллейбус бөлүп берсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков