Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну № 2080-V
"2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" (ЭӨА гранты № H358-KG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 29-майындагы № 338 токтому) "2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" (ЭӨА гранты № H358-KG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоордун экинчи фазасында резервге калтырылган 2 млн. АКШ долларын бөлүштүрүүдө ал каражаттарды Ош шаарындагы таза суу топтоочу жайды камсыз кылууга багыттасын.
Төрага | А.Жээнбеков
|