Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 338
"2012-жылдын 3-майында кол коюлган,"Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (грант МАР № Н358-КG) Долбоорду өнүктүрүү максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жабуу датасын узартуу жөнүндө толуктоо-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2012-жылдын 3-майында кол коюлган, "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (грант МАР № Н358-КО) Долбоорду өнүктүрүү максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жабуу датасын узартуу жөнүндө толуктоо-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2012-жылдын 3-майында кол коюлган, "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууга жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (грант МАР № Н358-КG) Долбоорду өнүктүрүү максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жабуу датасын узартуу жөнүндө толуктоо-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары аны кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
2012-жылдын 3-майында кол коюлган, "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (грант МАР № Н358-КG) Долбоорду өнүктүрүү максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жабуу датасын узартуу жөнүндө толуктоо-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуунун жана толуктоо-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тараптын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Тиркеме |
1. 2012-жылдын 3-майында кол коюлган, "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга (грант МАР № Н358-КG) Долбоорду өнүктүрүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жабуу датасын узартуу жөнүндө толуктоо-каттын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсү тууралуу маселе боюнча:
Макулдашуу жана Макулдашууга толуктоо-кат жалпы алганда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин нормаларына карама-каршы келбейт.
Бул Макулдашуу жана толуктоо-кат кол коюу стадиясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринде макулдашуудан өткөн: Бюджет жана финансы боюнча комитет (Комитеттин 2012-жылдын 26-мартындагы чечими, 2012-жылдын 28-мартындагы № К-711 каты); Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитет (2012-жылдын 4-февралындагы № К-204 каты); Эл аралык иштер боюнча комитет (2012-жылдын 20-февралындагы чечими, Комитеттин бөлүмүнүн 2012-жылдын 21-февралындагы № 490 каты).
2. Аталган Макулдашууну жана толуктоо-катты ратификациялоодо мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка натыйжалар жөнүндө маселе боюнча.
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы тандап алынган жаңы конуштарда гана эмес, ошондой эле 23 чакан шаарда жашоо шартын жакшыртуу боюнча ийгиликтүү иштерди улантуу максатында Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн колдоону чечти жана төмөнкүлөрдү сунуш кылды: (1) долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүн 2015-жылдын июлуна чейин узартуу жана (2) чакан шаарлар менен байланышкан компоненттин эсебинен масштабын кеңейтип, "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча (мындан ары - БОШШИД) кошумча каржылоону ачуу.
БОШШИДди ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоонун суммасы 15,8 млн. АКШ доллары өлчөмүндө белгиленген. Анын ичинен 8,7 млн. АКШ доллары кредит, ал эми 7,1 млн. АКШ доллары - грант болуп эсептелет.
Бул Долбоордун максаты Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарындагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чакан шаарларындагы базалык шаардык инфраструктура объекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүү болушун жогорулатуу, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларындагы жана чакан шаарлардагы социалдык инфраструктура объекттеринин жеткиликтүү болушун жогорулатуу болуп эсептелет.
Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:
1. Бишкек, Ош шаарларынын жана чакан шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү.
2. Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле 23 чакан шаардагы коомчулуктарды инвестициялоо программасы.
3. Операциялык чыгымдар.
Кошумча каржылоонун алкагында төмөнкүлөр аткарылат:
(а) Бишкек шаарындагы Баш-Кара-Суу суу топтоочу жайды жана магистралдык суу берүүнү куруу боюнча иштер жүргүзүлөт, мында борбордун түштүк-батышындагы 7 жаңы конуштун, ошондой эле магистралык суу берүүгө жакын жайгашкан айылдардын бөлүштүрүү тармактары суу топтоочу жайга суу берүүгө кошулат, мунун өзү 98500дөн ашык адамды таза суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет;
(б) төмөнкү төрт чакан шаарда суу берүү жана канализация системалары боюнча курулуш жана реабилитациялоо иштери өткөрүлөт:
- Баткен, Исфана, Нарын жана Талас;
(в) Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле 23 чакан шаарда социалдык инфраструктура объекттерин куруу жана/же реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт;
(г) Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттеринин институционалдык мүмкүнчүлүгүн көтөрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Буга чейин эмне болду: Кыргыз Республикасында 2008-жылдан тартып Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору ишке ашырылып жатат. Аталган долбоордун аяктоо мөөнөтү 2012-жылдын 30-июну.
Долбоордун максаты: Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарынын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аларды социалдык жана экономикалык жагынан шаардык коомчулукка интеграциялоо үчүн тургундарга көрсөтүлүп жаткан инфраструктуралык кызматтардын мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу болуп саналат. Долбоордун жалпы бюджетин АКШнын 12 млн. доллары өлчөмүндөгү грант түзүп турат.
Долбоордун максатына жетишүү үчүн ишке ашыруу: (1) Базалык инфраструктура, (2) Коомчулуктарды инвестициялоо, (3) Институттук өнүктүрүү деген компоненттер боюнча жүзөгө ашырылат.
Долбоордун алкагында "Базалык инфраструктура" компоненти боюнча Бишкек шаарынын 7 жаңы конушунда 21,5 км узундуктагы асфальт жолдордун курулушу аяктады, ушуну менен 30745ке жакын адам талапка ылайык тапталган жол менен жүрүп калышты. Ош шаарында суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо жана куруу боюнча жалпы суммасы АКШнын 4,932,028 долларына барабар келген 4 чакан долбоор аяктады, алар Ош шаарынын 3 жаңы конушундагы 21675 адамды ичүүчү суу менен камсыз кылат.
"Коомчулуктарды инвестициялоо" компоненти боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жана коммуналдык ишканаларына техникалык жана институттук жардам көрсөтүлдү. Бишкек шаарындагы № 7 - МТУда жана № 14 - МТУда "Шаардын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын (МТУ) кызматтарын автоматташтыруу жана маалымдамалар базасын киргизүү" боюнча чакан долбоор аяктады. Ош шаарынын мэриясына документтерди электрондук жүгүртүү системасы, "Спецавтобаза" муниципалдык ишканасына жана Ош шаарынын муниципалдык турак жай - коммуналдык башкармалыгына билинг системасы киргизилди, Ош шаарынын мэриясынын "Спецавтобаза" муниципалдык ишканасынын атайын автомашиналарына автоматташтырылган GPS-мониторинг системасы орнотулду.
Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоорунан тышкары, чакан шаарлардын базалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Чакан шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу жана потенциалын арттыруу долбоору иш жүргүзүп келген. Бул долбоор 2005-2011-жылдарда ишке ашырылган. Аталган долбоор (ПИНПМГ) 18 чакан шаарда суу менен камсыз кылуу, суу бөлүп берүү, шаардык жолдор секторлору боюнча 24 чакан долбоорду ишке ашырган. Долбоордун алкагында 22 чакан шаарга тиричиликтин таштандыларын жыйноо жана ташып чыгаруу үчүн жалпы суммасы АКШнын 3258211 долларына барабар келген атайын техниканын 101 бирдиги берилген, 23 шаарда жалпы суммасы АКШнын 1167504 долларына барабар келген реабилитациялоо иштери жүргүзүлдү - социалдык инфраструктура боюнча (мектептер, ооруканалар, балдар мекемелери, спорттук жана балдар аянтчалары) 88 чакан долбоор ишке ашырылды.
Эми эмне сунуш кылынат: Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы тандалып алынган жаңы конуштарда гана эмес, ошондой эле жыйырма үч чакан шаарда калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча ийгиликтүү ишти улантуу максатында, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү чечти жана 1) долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүн 2005-жылдын июлуна чейин узартууну жана 2) ПГИБОнун масштабдарын чакан шаарларга байланыштуу чакан компоненттердин эсебинен кеңейтүү менен ПГИБО долбоору боюнча кошумча финансылоо ачууну сунуш кылды.
ПГИБОну - "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоорун ишке ашырууну кошумча финансылоонун суммасы АКШнын 15,8 млн. доллары өлчөмүндө белгиленген. Анын ичинен АКШнын 8,7 млн. доллары Кредит жана АКШнын 7,1 млн. доллары Грант.
Аталган Долбоордун максаты Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарындагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чакан шаарларындагы шаардык инфраструктуранын базалык объектилеринин кызматтарынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле чакан шаарларда социалдык инфраструктура объектилеринин мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Долбоор төмөндөгү компоненттерден турат:
1. Бишкек, Ош шаарларынын жана чакан шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын коомчулуктарын, ошондой эле 23 чакан шаарды инвестициялоо программасы.
3. Операциялык чыгашалар.
Кошумча финансылоонун алкагында:
(а) Бишкектеги Баш-Кара-Суу суу башатынын жана магистралдык суу алып келүү курулушу боюнча иштер жүзөгө ашырылат, ал суу башатын борбор калаанын түштүк батышындагы жети жаңы конуштун, ошондой эле магистралдык суу алып алып келүү тутумуна жакын жайгашкан айылдардын бөлүштүрмө тармактары менен кошот, мунун өзү 98500 адамды ичүүчү суу менен камсыз камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет;
(б) төрт чакан шаарда - Баткенде, Исфанада, Нарында жана Таласта суу менен камсыз кылуу жана канализация системалары боюнча курулуш жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлөт;
(в) Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле бардык 23 чакан шаарда социалдык инфраструктура объектилерин куруу жана/же реабилитациялоо боюнча иштер жүзөгө ашырылат;
(г) Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттеринин институттук потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Финансы министр | А.Жапаров |