КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну № 2082-V
"Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 28-майындагы № 325 токтому) "Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|