Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 325
"Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келиши жөнүндө жана аны ратификациялоодогу мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө индонезия тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 195 "Чет өлкөлүк граждандардын виза режимин жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын чет өлкөлөргө баруусун жеңилдетүү чаралары жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги демилге кылган Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келиши жөнүндө жана аны ратификациялоодогу мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка баалоо жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келди.
Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашуу чыныгы дипломатиялык же кызматтык паспорттордун ээлери үчүн 30 (отуз) күндөн ашпаган убакыт мезгилине экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына чыгуу, кирүү, транзит жана болуу үчүн виза алууга талаптардан бошотууну карайт.
Жогоруда белгиленген Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Индонезия Республикасынын жарандарынын - дипломатиялык, кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүсүн жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет; ал саясий-экономикалык жана консультациялык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршылыктар жана шайкеш келбестиктер жоктугу жөнүндө жыйынтык жасоого мүмкүндүк берет.
Бул Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети менен макулдашылган.
Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен чыгымдын болушуна алып келбейт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нью-Йорк шаарында 2011-жылдын 23-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартип орнотуу жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ратификациялашы максатка ылайык келет деп эсептейт.
23-сентябрь 2011-жылы Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартипти орнотуу тууралуу Макулдашууга кол коюлган.
Айтылган Макулдашуу дипломаттык же кызматтык паспорттордун ээлери үчүн кирүү-чыгуу үчүн визаны алууну талап кылуудан бошотууну жана транзитти жана башка Тараптын мамлекетинин территориясында 30 (отуз) күндөн ашпаган убакытка калуусун карайт.
Азыркы мезгилде дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ жарандар үчүн чет өлкөнүн аймагына кирүү жана анда бир ай мөөнөткө чейин туруусу үчүн Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын ортосунда эки тараптуу эл аралык келишимдердин негизинде визасыз тартип иштейт.
Акыркы мезгилдерде эки тараптуу кыргыз-индонезия мамилелери өсүп келе жатат. Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун активдеши байкалууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир категориядагы паспорттору үчүн индонезия тарабы менен визасыз тартип киргизүү зарылдыгы бышып жетилди.
Айтылган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Индонезия Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ жарандарынын өз ара сапарларынын бир топ жеңилдешине түрткү болот жана саясий-экономикалык жана консулдук мамилелердин мындан ары өнүктүрүүгө көмөкчү болгон эки өлкөнүн ортосунда келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө шарт түзөт.
Министр | Р.Казакбаев |