Редакцияот 21.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 21-июну № 2084-V

"Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек - Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун  ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи  окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 17-апрелиндеги № 245 токтому) "Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек - Торугарт автомобиль жолун (Долон Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков