Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну № 2087-V
"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Мадылбеков, А.Артыков, А.Ш.Жээнбеков, Т.Б.Мамытов, А.Б.Калматов, А.М.Маматалиев, Ч.А.Турсунбеков, Э.Б.Жумалиева, Э.А.Кочкарова, К.Э.Осмонов, А.Т.Сулайманов, А.Г.Бекматов, Д.Ө.Тербишалиев, Д.Д.Бекешев, А.О.Кутушев, К.А.Талиева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2012-жылдын 2-июнундагы № 372 токтому) тарабынан демилге көтөрүлгөн "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.Мадылбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|