Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 372
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору;
- «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору ушул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-б.) төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 30-статьянын l-бөлүгүндө «(мындан ары - Башкы прокурор)» деген сөздөрдөн кийин «жана ал ыйгарым укук берген областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун статусунан ылдый эмес прокурорлор» деген сөздөр менен толукталсын;
2. 31-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене. 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
Ушул Мыйзам коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, коррупцияны алдын алуунун жана аны менен күрөшүүнүн, коррупциялык укук бузууларды азайтуунун жана анын кесепеттерин жоюунун укуктук жана уюштуруу негиздерин белгилейт.
1-берене. Ушул мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Коррупция - материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар.
Коррупцияга каршы аракеттенүү - ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдук институттардын, уюмдардын жана жеке жактардын:
- коррупцияны алдын алуу боюнча, анын ичинде коррупцияны табуу, андан кийин анын себептерин четтетүү боюнча (коррупцияны профилактикалоо);
- коррупциялык укук бузууларды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана тергөө боюнча (коррупция менен күрөшүү);
- коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу боюнча;
- коррупциялык укук бузууларды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга, бетин ачууга жана тергөөгө көмөк көрсөтүү боюнча иши.
2-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери түзөт.
3-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкү негизги принциптерге негизделет:
- адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо;
- мыйзамдуулук;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы;
- теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жана абалдары боюнча ар кандай кодулоого, укугун жана эркиндигин кемсинтүүгө жол бербөө;
- инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкерлик беделин коргоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун иш-аракеттерин, алардын иш аракеттеринин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамлекеттик жана коомдук контролду укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүү жол-жоболорун жана кадрлардын иштерин, мамлекеттик аппараттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын аппаратынын түзүмдөрүн өркүндөтүү;
- ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөө;
- жасаган коррупциялык укук бузуусу үчүн жоопкерчилик тартары шексиз экендигине;
- коррупция менен байланышкан укук бузуулар менен күрөшүүдө көмөк көрсөткөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- мамлекеттин жарандык коомдун институттары, эл аралык уюмдар жана жеке жактар менен кызматташуусу.
4-берене. Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери
1. Коррупциялык укук бузууларды жасаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар коррупциялык укук бузуулардын субъекттерине кирет.
2. Иши, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, болбосо уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциясы) бар жана коррупциялык укук бузууларды жасаган мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларга жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерине материалдык жана башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берген жеке жана юридикалык жактар коррупциялык укук бузуулардын субъекттеринин катарына кирет.
5-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүргүзүүчү органдар
1. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жүзөгө ашырууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мекемелердин жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жана ушул Мыйзамда каралган чаралардын колдонулушун камсыз кылышат. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери, ошондой эле жарандар коррупцияга каршы-аракеттенүүдө ыйгарым укук берген органдарга көмөк көрсөтүшөт жана зарыл жардамдарды беришет.
2. Коррупциялык укук бузууларды табуу, аларды алдын алуу жана бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы жагынан күнөөлүү адамдарды өзүнүн компетенциясынын чегинде жоопкерчиликке тартуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн уюштуруучулук негиздери
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдардын иштеп чыгуусун жана кабыл алуусун камсыз кылат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу бийлигинин органдарынын ишин контролдойт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин органдарынын ортосунда функцияларды бөлүштүрөт.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциянын абалы тууралуу маалыматты чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырат, кабыл алынып жаткан чаралардын эффективдүүлүгүнө, улуттук коопсуздукка коррупциядан пайда болгон коркунучтун даражасына баа берет, зарыл учурда тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын кароосуна киргизет, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет ресурс аркылуу калктын арасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча укуктук үгүттөөнү, маалыматтын жыйылышын жана таралышын жүзөгө ашырат.
5. Мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
6. Укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан чектөөлөр менен тыюу салуулар, кызыкчылыктардын чыр-чатагын алдын алуу жөнүндө же жөнгө салуу жөнүндө талаптар сакталбаган же коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттердин аткарылбаган фактылары аларга белгилүү болуп калган учурда прокуратура органдарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
7-берене. Коррупцияны профилактикалоо боюнча чаралар
Коррупцияны профилактикалоо төмөнкү негизги чараларды колдонуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат:
- коомдо коррупциялык жүрүм-турумга жол берилбестикти түзүү;
- ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун антикоррупциялык экспертизасын аткаруу;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка органдарда, мыйзам менен айрым мамлекеттик же башка ачык ыйгарым укуктар берилген уюмдарда табылган бузууларды алдын алуу жана алардын себептерин четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу максатында бир кварталда бир жолудан кем эмес ченемдик укуктук актыларды жараксыз, көрсөтүлгөн органдардын, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин же аракеттерин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин жыйынтыгы боюнча укук колдонуу практикасынын маселелерин кароо;
- мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарды жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө талапкер адамдарга мыйзам менен белгиленген тартипте квалификациялык талаптарды коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн жарандар тарабынан берилген маалыматтарды белгиленген тартипте текшерүү;
- өзүнүн кирешеси, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенме жөнүндө маалыматты бербегендиги же атайылап туура эмес же толук эмес маалыматты бергендиги үчүн, ошондой эле өзүнүн аялынын (күйөөсү) жана жашы жетпеген балдарынын кирешеси, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө атайылап жалган маалымат бергендиги үчүн ээлеген кызматынан бошотууга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тизмеге киргизилген мамлекеттик же муниципалдык кызматта ээлеген кызмат ордунан адамды бошотууга, мамлекеттик же муниципалдык кызматта ээлеген кызмат ордунан бошотууга же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонууга негиз катары белгилөө;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык кызматынын практикасына мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан өзүнүн кызматтык милдеттерин узак мезгилден бери, кынтыксыз жана эффективдүү аткаргандыгына жараша аны жогору турган кызматка дайындоодо, ага атайын наам, класстык чен, дипломатиялык рангды ыйгарууда же аны сыйлоодо милдеттүү түрдө эске алына турган эрежелерди киргизүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн коомдук жана парламенттик контролдоо институттарын өнүктүрүү.
8-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары
Коррупцияга каршы аракеттенүү эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча коомдук жана парламенттик комиссиялар менен, ошондой эле жарандар жана жарандык коомдун институттары менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү механизмин түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы аракеттенүүдө жигердүүрөөк катышуу үчүн тартууга, коомдо коррупциялык жүрүм-турумга терс мамиле түзүүгө багытталган мыйзам, администрациялык жана башка чараларды кабыл алуу;
- антикоррупциялык стандарттарды киргизүү, башкача айтканда иштин тийиштүү жаатында коррупцияны алдын алууну камсыз кылган тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү системасын бул жаатта бекитүү;
- жарандардын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматты билүүсүн камсыз кылуу;
- коррупцияны алдын алуу боюнча чараларды артыкчылыктуу колдонуу;
- саясий, уюштуруучулук, маалымат-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды комплекстүү колдонуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын көзкарандысыздыгын камсыз кылуу;
- соттордун көзкарандысыз жана сот ишине кийлигишпөө принциптерин сактоо;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын ишинин уюштуруусун өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөнүн тартибин өркүндөтүү;
- мамлекеттик же муниципалдык керектөөлөргө товар жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү үчүн заказ берүүдө ак ниеттүүлүктү, ачыктыкты, ак ниеттүү атаандаштыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу;
- негизсиз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү четтетүү, өзгөчө экономикалык ишмердүүлүк жаатында;
- мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү, мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык жардам көрсөтүүдө) пайдалануу тартибин, ошондой эле мындай мүлктү берүү жана аны ээликтен ажыратуу үчүн укукту берүү тартибин өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын деңгээлин жана социалдык жаткан коргоону жогорулатуу;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жол менен алынган жана чет өлкөдө болгон мүлктү издөө, конфискациялоо жана репатриациялоо жаатында укук коргоо органдары жана атайын кызматтар менен, финансылык чалгындоо бөлүкчөлөрү жана чет мамлекеттик башка компетенттүү органдар жана эл аралык уюмдар менен эл арылык кызматташууну чыңдоо жана кызматташуунун эффективдүү формаларын өнүктүрүү;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуусунда камтылган маселелердин чечилишинин контролун күчөтүү;
- мамлекеттик органдардын жарым функциясын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өзүн-өзү жөнгө салган уюмдарга, ошондой эле башка мамлекеттик эмес уюмдарга берүү;
- бир эле мезгилде мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кесипкөй адистерди тартуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санын кыскартуу;
- коррупциянын себептерин четтетүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызматкерлеринин функцияларын жана ыйгарым укуктарын оптимизациялоо жана конкретизациялоо, алар администрациялык жана кызматтык нускамаларда, башка ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлүшү керек.
9-берене. Коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылуулар жөнүндө билдирүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын милдети
1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кайсы бир адамдар ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган бардык учурлар тууралуу жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына, улуттук коопсуздук жаатында ыйгарым укуктуу органга же башка мамлекеттик органдарга билдирүүгө милдеттүү.
2. Коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылуулар тууралуу жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан учурлардан тышкары, бул фактылар тууралуу билдирүү мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын кызмат милдети болуп саналат.
3. Ушул берененин l-бөлүгү менен каралган кызматтык милдеттерди мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан аткарылбашы, аны мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотууга же аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартууга алып келе турган укук бузуу болуп саналат.
4. Коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында ага кайрылган фактылар тууралуу, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан коррупциялык укук бузуулар жасалган фактылар тууралуу, киреше, мүлк жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенме жөнүндө маалыматты бербегендиги же атайылап туура эмес же толук эмес маалыматты бергендиги тууралуу жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органына же башка мамлекеттик органдарга кайрылган мамлекеттик же муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда болот.
5. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кызыкчылыктардын чыр-чатагынын пайда болуусунун бардык мүмкүндүктөрүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кызыкчылыктардын чыр-чатагы пайда болгон тууралуу же анын пайда болуу мүмкүндүгү ага белгилүү болоор замат өзүнүн тикелей жетекчисине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
7. Жалдоочунун өкүлү, эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчыда кызыкчылыктардын чыр-чатагына алып келген же алып келе турган жеке-кызыгуусу пайда болгондугу белги болуп калса, кызыкчылыктардын чыр-чатагын алдын алуу же жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
8. Кызыкчылыктардын чыр-чатагын алдын алуу же жөнгө салуу кызыкчылыктардын чыр-чатагынын тарабы болуп саналган мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын кызматтык абалын өзгөртүүдөн, керек болсо белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруусунан четтетүүдөн жана (же) анын кызыкчылыктардын чыр-чатагынын себеби болгон пайдадан баш тартуусунан турат.
9. Кызыкчылыктардын чыр-чатагынын тарабы болуп эсептелген мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан кызыкчылыктардын чыр-чатагын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча чаралар кабыл алынбагандыгы мамлекеттик же муниципалдык кызматчыны мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотууга алып келе турган укук бузуу болуп саналат.
10. Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчы баалуу кагаздарга, акцияларга (үлүштүк катышка, уюмдун уставдык (кампалык) капиталындагы пайга) ээлик кылган болсо, ал кызыкчылыктардын чыр-чатагын алдын алуу максатында ага тийиштүү болгон баалуу кагаздарды, акцияларды (үлүштүк катышты, уюмдун уставдык (кампалык) капиталындагы пайды) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним кылынган башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында кызмат орун ээлеген кызматкерлер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлгөн башка юридикалык жактардын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызмат орундарды ээлеген кызматкерлер, ушул Мыйзамдын 9-11-беренелерине ылайык кайсы бир адамдар ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган учурлар тууралуу билдирүүгө милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактардын ченемдик актылары менен аныкталган тартипте кызыкчылыктардын чыр-чатагынын кандай гана болбосун мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга милдеттүү.
10-берене. Коррупцияга карты күрөшүүгө көмөк көрсөткөн адамды мамлекеттик коргоо кепилдиктери
1. Коррупцияга каршы күрөштө көмөк көрсөткөн адам жөнүндөгү маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын же соттун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча гана берилет.
2. Коррупция көрүнүшүнүн фактылары жөнүндө билип туруп жалган маалымат берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
11-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер адамдарга коюлуучу атайын талаптар
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер Кыргыз Республикасынын жарандары коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө ыктыярдуу түрдө кабыл алат. Мында аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тыюу салынган иш-аракеттердин укуктук натыйжалары жөнүндө маалымдалат.
Чектөөлөрдү кабыл алуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеде чагылдырылат. Чектөөлөрдү (толугу менен же жарым-жартылай) кабыл албоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ишине кабыл алуудан баш тартууга алып келет.
12-берене. Каржылык контролдоо чаралары
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматына талапкер жарандар салык кызматынын тиешелүү органдарына, бардык кирешелер жана өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон мүлк, анын ичинде мүлккө талап укугу жөнүндө маалыматтарды берет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле иши мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин банк мекемесинде же каржы-кредиттик мекемелеринде жеке эсептерин ачууда өз эсептеринин номерлери жана банк мекемесинин реквизиттери жөнүндө үч күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
Мындай билдирүүнү бербегендик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет.
Ушул беренеде каралган, салык кызмат органдарына келип түшкөн маалыматтар кызматтык сырды түзөт. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
13-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызмат орундарды ээлеген жаранга коюлуучу чектөөлөр
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен башка белгиленбесе, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызмат орундарды ээлеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен каралган тартипте тийиштүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат кылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер тиешелүү болот.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында кызмат орун ээлеген кызматкерлерге, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, мыйзамдардын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлгөн башка юридикалык жактардын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызмат орундарды ээлеген кызматкерлерге ушул мыйзам менен жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын тиешелүү беренелери менен белгиленген мамлекеттик кызматтын кызмат ордун ээлеген адамдарга карата чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен тиешелүү болот.
14-берене. Коррупция үчүн шарт түзүүчү укук бузуулар жана алар үчүн жоопкерчилик
1. Коррупция үчүн шарт түзүүчү укук бузуулар болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын төмөнкү иш-аракети же аракетсиздиги саналат:
- мамлекеттик башка органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын иш-аракетине мыйзамсыз кийлигишүү;
- өз ыйгарым укуктарын өздөрүнүн жеке таламдарына, жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, жубайынын, ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын (сиңдилеринин) же кайын-журтунун (жубайынын ата-энесинин, ага-инилеринин, эже карындаштарынын (сиңдилеринин) жана балдарынын) таламдарына тиешелүү маселелерди чечүүдө пайдалануу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка киргени жаткан жана кызматынан жогорулаганы жаткан адамга мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү;
- жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тийиштүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга мыйзамсыз артыкчылыктарды берүү;
- өздөрү кызматта турган же аларга баш ийген, контролундагы же отчет бере турган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин иштери боюнча жеке жана юридикалык жактарга ишенимдүү адам катары катышуу;
- расмий түрдө жайылтууга тийиш эмес жана мамлекеттик функцияларды аткаруу учурунда алынган маалыматты жеке же топтук кызыкчылык үчүн пайдалануу;
- берилиши мыйзамда каралган маалыматты жеке жана юридикалык жактарга берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны өз убагында бербөө, такталбаган, болбосо толук эмес маалыматты берүү;
- жеке жана юридикалык жактардан мыйзамда каралбаган маалыматты талап кылуу;
- мамлекеттик же муниципалдык каржылык жана башка материалдык ресурстарды талапкерлердин жана коомдук уюмдардын шайлоо фонддоруна берүү, ошондой эле аларды жарандарга жана юридикалык жактарга мыйзамсыз берип жиберүү;
- протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө жогору турган расмий адамдарга кызматтан тышкары учурларда ызаат көрсөтүү катары берилүүчү символдук белгилерден жана символдук сувенирлерден башка белектер берүү, материалдык жана башка убай көрсөтүү, иштен тышкары кызмат көрсөтүү;
- жогору же төмөн турган, болбосо кызмат же иш боюнча дагы башкача көз карандылыкта турган кызмат адамдары менен акчалай же мүлктүн башка мүнөздөгү кумар оюндарына катышуу;
- ишкерчиликти мамлекеттик жөнгө салуу үчүн ушундай ишти, ошондой эле ага контролду жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн берүү.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандайдыр бир укук бузуулардын жасалышы, эгерде ал кылмыш катары жазалана турган жосундун белгилерин камтыбаса, тартиптик жаза тартууга, ошону менен бирге мамлекеттик кызматтан четтетүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушуна алып келет.
15-берене. Коррупциялык укук бузууларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тутумунда коррупциянын алдын алууга жана адеп-ахлактык тазалык жана укуктук маданият жагдайын түзүүгө багытталган жарандык позицияны калыптандырат.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупция көрүнүштөрүнүн фактылары жөнүндө жарыяланган маалыматтар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка маалымдайт. Мындай маалыматтар алгачкы ирет маалымдалган жалпыга маалымдоо каражаттарында гана жарыяланат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына берилүүчү маалыматтар коррупция көрүнүшүнүн фактысын ырастаган же төгүнгө чыгарган мүнөздө болууга тийиш.
16-берене. Кыргыз Республикасынын коррупцияга карты аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташуусу
1. Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык эки жакка бирдей принциптин негизинде чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары жана атайын кызматтары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен төмөнкү максатта кызматташат:
- коррупциялык кылмыштарды жасоого шектүү (күнөөлүү) болгон адамдарды, алардын жайгашкан жерин, ошондой эле коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар башка адамдардын жайгашкан жерин аныктоо;
- коррупциялык укук бузууларды жасоонун жыйынтыгында алынган мүлктү же аны жасоо каражаты катары колдонулган мүлктү табуу;
- текшерүүлөрдү же сот экспертизаларын өткөрүү үчүн предметтерди же заттардын үлгүлөрүн тиешелүү учурларда көрсөтүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалымат менен алмашуу;
- коррупцияны профилактикалоо жана коррупция менен күрөшүү боюнча ишти координациялоо.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, коррупциялык укук бузууларды жасаган деп айыпталган (шектүү болгон) Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жарандык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон чет өлкөлүк юридикалык жактар, эл аралык уюмдар, ошондой эле алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү (чет өлкөлүк уюмдар) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 6-мартындагы № 51 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2003-ж., № 5, 217-б.)
- «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-февралындагы № 71 Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 44-статья төмөнкү мазмундагы 3-1 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
«(3-1) ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьялары менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн айып негизги жаза катары эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүсүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүз миңине чейинки өлчөмүндө белгиленет же буюмдун эселик наркынын көлөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун же паранын суммасында эсептелет, ал эми кошумча жаза катары - кылмыш жасалган учурда эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүзүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн он миңине чейинки өлчөмүндө белгиленет же буюмдун эселик наркынын көлөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун же паранын суммасында эсептелет.
Эсептик көрсөткүчтүн беш миңге чейинки өлчөмүндөгү айып коммерциялык паралап сатып алуунун же паранын эселик суммасынын көлөмүнө карата айыптын өлчөмүн эсептөө учурунан тышкары, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьяларында каралган учурларда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана белгиленет.
Коммерциялык паралап сатып алуунун же паранын эселик суммасынын көлөмүнө карата эсептелген айып коммерциялык паралап сатып алуунун же паранын жүз эсе суммасына чейинки өлчөмүндө белгиленет, бирок беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана беш жүз миң эсептик көрсөткүчтөн жогору болбошу керек.
ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьялары менен каралган кылмыш жасаган деп соттолуп жаткан, айыпталып жаткан тарабынан күнөө моюнуна алынса жана кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтурулса, сот ушул Кодекстин көрсөтүлгөн статьялары менен каралган айыптын эн кичине өлчөмүндө жаза белгилейт.
(6) ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьялары менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор айыпты төлөөдөн качкан учурда ал ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн адам күнөөлүү деп табылган тийиштүү статьясынын санкциясында каралган мөөнөттүн чектеринде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.».
2. 52-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«52-статья. Мүлктү конфискациялоо
(1) Мүлктү конфискациялоо:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте мыйзамдуу ээсине кайтарылууга тийиш болгон мүлктү жана андан түшкөн кирешени кошпогондо, кылмыш жасоо үчүн кызмат кылган же ага арналган же болбосо кылмыштын натыйжасында алынган мүлктү;
2) бул мүлктөн түшкөн бардык кирешелерди;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте мыйзамдуу ээсине кайтарылууга тийиш болгон мүлктү жана андан түшкөн кирешени кошпогондо, кылмыштын натыйжасында алынган мүлктөн жана бул мүлктөн түшкөн кирешелерден жарым-жартылай же толугу менен айланган же кайра түзүлгөн акчаны, баалуулуктарды жана башка мүлктү мамлекеттин менчигине мажбурлап акысыз алып коюудан турат.
Эгерде мүлктүн бир гана бөлүгү конфискацияланууга тийиш болсо, сот мүлктүн кайсы бөлүгү конфискациялана тургандыгын даана көрсөтүүгө же конфискациялануучу буюмдарды тизмелеп берүүгө тийиш.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлк, эгерде мүлктү алган адам ал кылмыш аракеттеринин натыйжасында алынгандыгын билсе же билиши керек болсо соттолгон тарабынан башка адамга берилген мүлк конфискацияланууга тийиш.
(3) Мүлктү конфискациялоо ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьяларында каралган пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган атайылап жасалган кылмыштар жана (же) кылмыштар үчүн гана сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
(4) Мамлекет конфискацияланган мүлктүн эсебинен канааттандырылуучу дооматка карата активдин чектеринде гана жооп берет, мында дооматтарды канааттандыруунун кезектүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер сакталат.
(5) Мүлктү конфискациялоодо мамлекет соттолгондун карызы жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, эгерде алар мүлктү сактоо боюнча тергөө органдары же сот тарабынан чаралар көрүлгөндөн кийин жана бул органдардын макулдугу жок пайда боло турган болсо.».
3. 9-глава төмөнкү мазмундагы 52-1 жана 52-2-статьялары менен толукталсын:
«52-1-статья. Мүлктүн ордуна акча суммасын конфискациялоо
Эгерде ушул Кодекстин 52-статьясында көрсөтүлгөн мүлккө кирген белгилүү буюмду конфискациялоо сот тарабынан бул буюмду конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, аны колдонгондугуна, сатылгандыгына байланыштуу же башка себептер боюнча мүмкүн болбосо, сот бул буюмдун наркына ылайык келген акча суммасын конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.
52-2-статья. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу
(1) Ушул Кодекстин 52 жана 52-1-статьяларына ылайык мүлктү конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алынганда биринчи кезекте мыйзамдуу ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилиши керек.
(2) Ушул Кодекстин 52-статьясында көрсөтүлгөндөн тышкары, соттолгондун өндүрүп алууга башка мүлкү жок болгондо, анын наркынан мыйзамдуу ээсине келтирилген зыяндын орду толтурулат, ал эми калган бөлүгү мамлекеттин кирешесине айландырылат.»
4. 56-статья төмөнкү мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
«(4) Бул статья ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьялары менен каралган кылмышты жасаган адамдарга карата колдонулбайт.
5. 63-статьянын 7-бөлүгүндөгү «Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга,» деген сөздөрдөн кийин «ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыш жасаган адамдарга,» деген сөздөр менен толукталсын.
6. 66-1-статьянын 3-бөлүгүндөгү «кепилге берилген адамдын» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыш жасаган адамдардын» деген сөздөр менен толукталсын.
7. 76-статьяда:
3-бөлүктүн 2-пунктундагы «жазаны өтөгөндөн» деген сөздөрдөн кийин «же жазаны аткаргандан» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
«(3-1) ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыш жасагандыгы үчүн негизги жазага айып түрүндө соттолгон адамдын соттуулугу, жазасын толугу менен аткаргандан кийин ушул статьянын 3-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарынын талаптарына ылайык жоюлат.»
8. 183-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«(1) Кылмыш жолу менен алынган, анын ичинде чет өлкөдөн да, акчалай каражаттар, баалуу кагаздар же башка мүлк менен болгон операциялардын же бүтүмдөрдүн (сатып алуу, ээлик кылуу же пайдалануу же болбосо кайра түзүү же өткөрүп берүү) жак тарабынан пайда табуу же алардын мыйзамсыз тек-жайын жашыруу максатында атайылап жасалуусу, же болбосо акчалай каражаттарды, баалуу кагаздарды же башка мүлктү ээлөөгө, пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү тур берүү максатында айтылган жакка жардам көрсөтүү, ошону менен бирге акчалай каражаттардын, баалуу кагаздардын же башка мүлктүн чыныгы мүнөзүн, булагын, жайгашкан жана турган жерин, тескөө ыкмасын, которуштуруусун же анык кимге таандыгын, ошондой эле аларга карата анык укуктарды жак тарабынан жашырып-жабуу,-»;
эскертүүнүн 3-пунктундагы «эгерде ал» деген сөздөрдөн кийин «жасаган жосуну жөнүндө өз ыктыяры Менен билдирсе жана» деген сөздөр менен толукталсын;
9. 22-глава төмөнкү мазмундагы 194-1 жана 194-2-статьялар менен толукталсын:
«194-1-статья. Баалуу кагаздар рыногун манипуляциялоо
Баалуу кагаздар рыногун манипуляциялоо, башкача айтканда жалган же баалуу кагаздардын суроо-талабына таасирин тийгизген же таасирин тийгизе турган алдап жазгыруучу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары, жалпы колдонуудагы маалымат-телекоммуникациялык тармактар аркылуу жана башка ыкма менен жайылтуу, ошого тете бүтүм жактын же жактардын эсебинен же бул жөнүндө алдын ала сүйлөшүү болгон өкүлдөрдүн ортосунда жүргүзүлгөн шартта, ошол эле күнү уюштурулган соодадагы баалуу кагаздарга болгон баадан бир кыйла айырмаланган баа боюнча бүтүм жасоо, эгерде бул аракеттер баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларына зыян келтирүү менен пайда көздөөдөн же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалса,
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) кайталап;
2) кызмат абалынан пайдалануу менен;
3) алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса;
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
194-2-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр
(1) Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөрдү жасоо, башкача айтканда эмитенттин макулдугу жок инсайдердик маалыматты пайдалануу менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүү, эгерде бул аракеттер пайда көздөөдөн же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалса,
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса;
2) өтө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Жалпыга ачык болуп саналбаган, анын ичинде белгилүү бир мезгилде жалпыга ачык болуп саналбаган маалымат, ошондой эле эмитент жөнүндө же эгерде бул маалыматтар кызматтык абалына, эмгек милдеттерине же түзүлгөн келишимдерге байланыштуу ага ээ болгон адамдарды баалуу кагаздар рыногунун башка катышуучуларына Караганда артыкчылыктуу абалга кое турган болсо аларга эмиссияланган баалуу кагаздар - жөнүндө маалымат инсайдердик маалымат деп түшүндүрүлөт.».
10. 224-статьяда:
статьянын аталышы «(коммерциялык жана башка уюмдардын кызматчыларын паралап сатып алуу)»;
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«(1) адамды паралап сатып алууну жүргүзүп жаткан адамга карата кандайдыр бир аракет же аракетсиздик жасоо үчүн коммерциялык жана башка уюмда кандай гана кызматта болбосун иштеген адамга жеке өзү же ортомчу аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк түрүндө, ошондой эле мүлк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кандайдыр бир мыйзамсыз артыкчылыкка сөз берүү, сунуш кылуу же көрсөтүү,-»;
2-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацындагы «же болбосо» деген сөздөрдөн кийин «эки жылдан» деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын;
«(3) адамды паралап сатып алууну жүргүзүп жаткан адамга карата кандайдыр бир аракет же аракетсиздик жасоо үчүн коммерциялык жана башка уюмда кандай гана кызматта болбосун иштеген адам жеке өзү же ортомчу аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк түрүндө, ошондой эле мүлк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кандайдыр бир укукка каршы артыкчылык алса,-
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун жыйырма беш эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
4-бөлүктүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн он миңден жыйырма миңге чейинки өлчөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун элүү эседен жетимиш эсеге чейинки суммасында айып салууга же болбосо беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
11. 225-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«225-статья. Мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу
(1) Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болуп эсептелбеген коммерциялык эмес уюмдун кызматчысы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып жасоого тийиш болгон же жасай ала турган белгилүү аракетти паралап сатып алган адамдын таламында аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн олуттуу өлчөмдө акча, баалуу кагаз, башка мүлк түрүндө, ошондой эле мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө укук каршы кандайдыр бир артыкчылык алганда,-
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун жетимиш эседен жүз эсеге чейинки суммасында айып салууга жазаланат.
Ошол эле жосун адамдардын тобу тарабынан же ири өлчөмдө жасалса,-
эсептик көрсөткүчтүн эки миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун жыйырма эседен отуз эсеге чейинки суммасында айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан бир жылдан уч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосун өтө ири өлчөмдө жасалса,-
эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же коммерциялык паралап сатып алуунун бир эседен уч эсеге чейинки суммасында айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьяда сыйлыктын же мүлктүк пайданын наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү эсе ашса, ири - миң эсе ашса, өтө ири - он миң эсе ашса кыйла өлчөм деп табылат.
12. 30-главанын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«30-глава Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар».
13. 304-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы:
- «жүздөн үч жүзгө» деген сөздөр «бир миңден эки миңге» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- «андай кылбастан» деген сөздөрдөн кийин «бир жылдан» деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы:
«үч жүздөн беш жүзгө» деген сөздөр «үч миңден төрт миңге» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- «андай кылбастан» деген сөздөрдөн кийин «үч жылдан» деген сөздөр менен толукталсын.
3-бөлүктүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»
14. 304-1-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен же андай кылбастан бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.».
15. 305-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
2-бөлүктүн 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын;
«эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
16. 305-1-статьянын экинчи абзацындагы «беш» деген сөз «жети» деген сөзгө алмаштырылсын.
17. 305-2-статьянын экинчи абзацындагы «элүүдөн беш жүзгө» деген сөздөр «бир миңден эки миңге» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 306-статьяда:
2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -»
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
19. 307-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат».
20. 30-глава төмөнкү мазмундагы 307-1-статья менен толукталсын:
«307-1-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же келишим (контракт) каралган электр менен камсыздоонун чектөөсүн колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарбоо же башка турмуш-тиричиликти камсыздоо булактарынан өчүрүү.
(1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же келишим (контракт) каралган электр менен камсыздоонун чектөөсүн колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарбоо же башка турмуш-тиричиликти камсыздоо булактарынан өчүрүү кызмат адамы тарабынан жасалса, ошого тете коммерциялык же башка уюмда башкаруу функциясын аткарса, эгерде бул байкабастыктан ири зыян келтирүүгө, сапаттыгына оор зыян келтирсе же башка оор кесепеттерге алып келсе,
эсептик көрсөткүчтүн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же эки жылга чейин эркиндигин чектөөгө же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен же андай кылбастан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
21. 308-статьяда:
биринчи абзац «Кызмат» деген сөз алдында «(1)» деген сан менен толукталсын;
экинчи абзацта «беш жүздөн бир» деген сөздөр «бир миңден эки» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«(2) Ошол эле жосун:
1) алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) ири өлчөмдө жасалса, белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
22. 309-статьяда: экинчи абзацтагы:
- «беш» деген сөз «үч» деген сөз менен алмаштырылсын;
- «жүздөн эки жүзгө» деген сөздөр «бир миңден эки миңге» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23. 310-статья күчүн жоготту дел табылсын;
24. 311-статья күчүн жоготту деп табылсын;
25. 312-статья күчүн жоготту деп табылсын;
26. 313-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«(1) Кызмат адамы берүүчүнүн кызыкчылыктарында анын мыйзамдуу укуктарын бузган өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кызмат адамы жеке өзү же ортомчулар аркылуу опузалап талап кылганда, ошого тете аны өзүнүн укук тарабынан корголгон кызыкчылыктарына зыян келтирген кесепеттер келип чыгышынын алдын алуу максатында пара берүүгө мажбур болгондой шарттарга койгондо, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө же паранын жыйырма эседен отуз эсеге чейинки суммасында айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
2-бөлүктөгү 2-пунктун экинчи абзацындагы «мүлкүн» деген сөздүн алды «эсептик көрсөткүчтүн кырк миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө же паранын кырк эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салууга же» деген сөздөр менен толукталсын»;
27. 30-глава төмөнкү мазмундагы 313-1 жана 313-2-статьялар менен толукталсын;
«313-1-статья. Пара алуу
(1.) Эгерде мындай аракет (аракетсиздик) кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе же кызматтык абалына байланыштуу ушундай аракетке (аракетсиздикке) көмөк көрсөтүшү мүмкүн болсо, кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын же эл аралык уюмдун кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу акчалай, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүүчүнүн же анын өкүлү болгон адамдардын пайдасына жасаган аракет (аракетсиздик) үчүн пара алса, -
«эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же паранын беш эседен он эсеге чейинки суммасында айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен уч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2.) Мыйзамсыз аракети (аракетсиздиги) үчүн кызмат адамы, чет өлкөлүк кызмат адамы же эл аралык уюмдун кызмат адамы пара алса,
эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө же паранын он эседен жыйырма эсеге чейинки суммасында айып салууга же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3.) Ошол эле жосун:
1 мамлекеттик же муниципалдык кызматтын системасында кызмат бергендиги үчүн;
2) алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан;
3) ири өлчөмдө жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Эгерде ушул статьянын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган жосун:
1) ири өлчөмдө;
2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьяда жана 313-2 жана 314-статьялардагы паранын ири өлчөмү катары кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн ашкан акчанын суммасы, баалуу кагаздардын наркы, башка мүлк же мүлк мүнөзүндөгү пайда табылат.
Ушул кодекстин статьяларында чет өлкөлүк кызмат адамы деп чет мамлекеттин мыйзам чыгаруу, аткаруу, администрациялык же сот органында кандайдыр бир кызмат ээлеген, дайындалган же шайланган адам же чет мамлекет үчүн, анын ичинде мамлекеттик ведомство же ишкана үчүн кандайдыр бир функция аткарган адам түшүнүлөт. Эл аралык уюмдун кызмат адамы деп эл аралык жарандык кызматчы же мындай уюмдун атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген адам түшүнүлөт.
313-2-статья. Пара алуудагы ортомчулук
(1) Пара алуучунун же пара берүүчүнүн тапшырмасы боюнча түздөн-түз пара берүү (пара алуудагы ортомчулук), -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Пара алуудагы ортомчулук кайта же өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен же ири өлчөмдө пара алууда жасалса, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
1. Пара алуу же башка адамга пара берүү жөнүндө макулдашууга жетишүүгө жана аны жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адам ортомчу-көмөкчү деп таанылат.
2. Пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу-көмөкчү болуп саналган адам, эгерде ал бул тууралуу кылмыш ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу түрдө билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.».
28. 314-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«(1) Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же эл аралык уюмдун кызмат адамына өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү, -
эсептик көрсөткүчтүн эки миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
2-бөлүктүн 2-пунктундагы «уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгында жасалганда, ошого тете пара бергенде» деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүктүн 3-пунктунун экинчи абзацындагы «үч» деген сөз алды «эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же» деген сөздөр менен толукталсын; '
статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«(3) Эгерде ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү менен жосун:
1) уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгында;
2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалса,-
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»;
эскертүүнүн 1 жана 2-пункттары алынып салынсын;
29. 315-статьяда:
биринчи абзацтагы «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчысы» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде кызматтык адам болуп саналбаган» деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы «эки жүзгө» деген сөздөр «бир миңден үч миңге» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«(2) Ошол эле жосун, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келсе, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн торт миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
30. 30-глава төмөнкү мазмундагы 315-1-статья менен толукталсын:
«315-1-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү.
(1) Кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете кызмат адамы, өз мамлекеттик кызматчы же кызмат адамы болуп эсептелбеген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчы тарабынан документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү,-
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен уч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Кызматка ак ниетсиз же кош көңүл мамиледен улам кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан өзүнүн милдеттери аткарылбаганда же талапка ылайык аткарылбаганда, эгерде ал Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга мыйзамсыз берүүгө же Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келсе,-
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки
мөөнөткө ажыратууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.»
31.316-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «жүздөн эки жүзгө» деген сөздөр «бир миңден үч миңге» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы «жети жылга» деген сөздөрдүн алды «төрт жылдан» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 2, 20-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-бөлүгүндөгү «Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдер» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп Эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. 2-статьянын 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдер» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
3. 5-статьяда:
он биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, анын орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын, областтардын прокурорлору, райондук жана шаардык прокурорлор, аскер прокурорлору жана райондук прокурорлорго теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары, прокуратура органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, улук прокурорлор, прокуратура органдарынын түзүмдүк бөлүкчөсүнүн прокурорлору, тийиштүү ыйгарым укук берилген улук прокурорлор жана прокурордун жардамчылары;»;
отуз төртүнчү абзац:
- «чечимине» деген сөздөн кийин «шектүү, айыпталуучу тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын;
- «алардын өкүлдөрүнүн тарабынан» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле уюмдар тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын;
- «соттук чечимдер» деген сөздөр «тергөөгө чейинки органдын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
кырк жетинчи абзац алынып салынсын;
элүү алтынчы абзацтагы «жазык сот өндүрүшүнө катышуу үчүн чакырылган жана ушул Кодексте белгиленген тартипте сот арачысы катары тандоодон өткөн» деген сөздөр «мыйзам менен белгиленген тартипте сот арачыларынын талапкерлеринин тизмесине кирген жана кылмыш-жаза ишин кароого катышууга тандалган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.;
4. 28-статьяда:
1-бөлүктүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 66-статьясына ылайык жабыр тартуучу жеке жана жеке коомдук айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде;»;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(4) Эгер адам кылмыш жасаса, ушул статьянын l-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча ишти токтотууга жол берилбейт:
1) уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында же мурда мындай кылмыштар үчүн соттолгон болсо;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында;
3) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган.»;
5. 29-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-статьясынын нормаларына ылайык сот (судья), прокурор, ошондой эле тергөөчү прокурордун макулдугу менен, кырдаалдын өзгөрүүсүнөн улам, эгер жасалган жосун коомдук коркунучтуу мүнөзүн жоготсо же коомдук коркунучтуу болбой калса жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын 3-бөлүгүндө каралган, алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган кылмыш жөнүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштеринен башка учурда, адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу менен кылмыш-жаза ишин токтотууга укуктуу»;
6. 74-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« 74-статья. Прокурордон баш тартуу
(1) Прокурор төмөнкү негиздер бар болгондо иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:
1) эгер ал, жабыр тартуучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер болуп эсептелсе, ошондой ал бул ишке сот арачы, күбө, эксперт, адис, тилмеч, судья, коргоочу, сот отурумунун катчысы, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, соттолуучу, жабыр тартуучу, жарандык доогер же жарандык жоопкер катарында катышкан болсо;
2) эгер ал жабыр тартуучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин же анын өкүлдөрүнүн тууганы, айыпталуучунун, соттолуучунун же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн тууганы жана судьянын. Коргоочунун, тергөөчүнүн, сот отурумунун катчысынын тууганы болуп эсептелсе;
3) эгер прокурордун келишпестигине шек келтирген башка жагдайлар болсо.
(2) Баш тартуу үчүн негиздер болгон учурда прокурор ишке катышуудан баш тартууга милдеттүү. Бул негиздер боюнча шектүү, айыпталуучу, соттолуучу, коргоочу, ошондой эле жабыр тартуучу жана анын өкүлү, жарандык доогер, жарандык жоопкер же анын өкүлдөрү тарабынан прокурорго баш тартуу билдириши мүмкүн.
(3) Сотто прокурордон баш тартуу жөнүндө маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет.»;
7. 81-статьяда:
2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) мыйзам менен белгиленген тартипте алынган, оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалары менен;"
5-пункт 6-пункт болуп саналсын;
8. 91-статьянын 2-бөлүгү «башка тергөө» деген сөздөрдөн кийин «оперативдүү-издөө» деген сөздөр менен толукталсын;
9. 109-1-статьяда:
3-бөлүктөгү «тергөөчүнүн, прокурордун» деген сөздөр алынып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«(4) Бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө соттун токтомуна прокурор, айыпталуучу жана анын коргоочусу тарабынан 5 сутканын ичинде жогору турган сотко кассациялык тартипте даттануу болушу мүмкүн.
Анын чечилишине чейин сунушту же даттанууну берүү бөгөт коюу чарасы катары үй камагын колдонуу жөнүндө токтомдун күчүн токтото албайт жана үй камагын жокко чыгарууга алып келбейт.»;
10. 110-статьяда:
3-бөлүк «прокурордун» деген сөздөн кийин «тергөөчүнүн» деген сөз менен толукталсын;
4-бөлүктөгү «прокурор же анын тапшырмасы боюнча өтүнүчтү козгогон адам аны негиздейт» деген сөздөр «тергөөчү өтүнүчтү негиздейт» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
«(12) Бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө же мындан баш тартуу жөнүндө судьянын токтомуна прокурор, айыпталуучу жана анын коргоочусу тарабынан 5 сутканын ичинде жогору турган сотко кассациялык тартипте даттануу болушу мүмкүн.
Камакка алынган адамды кармаган жердин администрациясы, камакка алуу (камоо) түрүндө бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө соттун токтомуна бул адамдын жогору турган сотко жиберген даттануусун алгандан кийин, кандай учур болбосун, аны алгандан баштап 12 сааттан кечикпестен, ал тууралуу прокурордун билдирүүсү менен даттанууну токтоосуз түрдө тийиштүү сотко жиберүүгө милдеттүү.
Анын чечилишине чейин даттанууну берүү бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну колдонуу жөнүндө токтомдун күчүн токтото албайт жана адамды камактан бошотууга алып келбейт.»
11. 111-статьяда:
9-бөлүктөгү «тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн ишти кайтарып бергенде» деген сөздөр «ушул Кодекстин 264-статьясынын 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча прокурорго ишти өткөрүп берүүдө» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(10) Камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө же мындан баш тартуу жөнүндө судьянын токтомуна прокурор, айыпталуучу жана анын коргоочусу тарабынан 5 сутканын ичинде жогору турган сотко кассациялык тартипте даттануу болушу мүмкүн.
Камакка алынган адамды кармаган жердин администрациясы, камакка алуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна бул адамдын жогору турган сотко жиберген даттануусун алгандан кийин, кандай учур болбосун, аны алгандан баштап 12 сааттан кечикпестен, ал тууралуу прокурордун билдирүүсү менен даттанууну токтоосуз түрдө тийиштүү сотко жиберүүгө милдеттүү.»;
12. 132-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
13. 163-статьяда:
1-бөлүктөгү «136-статьянын 3-бөлүгү» деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүк «Коомдук коопсуздукка» деген сөздөрдүн алды «адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясы), жеке менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясынын 2, 3 жана 4-бөлүгү),» деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүктөгү «кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-316-статьялары),» деген сөздөр алынып салынсын;
3-1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(3-1) Кызмат адамдары, жооптуу кызмат орундарды ээлеген кызмат адамдары, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштеген адамдар тарабынан, ошондой эле ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциясы) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө, ушул статьяда белгиленген караштуулугуна карабастан прокуратуранын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.»;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-бөлүк менен толукталсын:
«(3-2) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.»;
5-бөлүктөгү:
- «179-186, 188-193, 195-203, 208, 209,211-225» деген сандар «179-182, 184, 186, 188-193, 195-203, 208, 209, 211, 212, 213-статьянын 1-бөлүгү, 215-225» деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- «финансы полиция органдарынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-бөлүктөр менен толукталсын:
«(5-1) Экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183 жана 185-статьялары) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, баңги затты көзөмөлдөө боюнча органдарынын, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(5-2) Экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-статьясынын 2-бөлүгү) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.»;
6-бөлүктөгү «финансы полиция органдарынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8-бөлүктөгү «жана финансы полициясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын жана улуттук коопсуздук органдарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-бөлүк менен толукталсын:
«(9-1) Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-316-статьялары) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.»;
10-бөлүктөгү:
- «экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы)» деген сөздөр жана сан алынып салынсын;
- «финансы полиция органдарынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15 жана 15-1-бөлүктөрдөгү «финансы полициясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 373-4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«373-4-статья. Кассациялык инстанциядагы сот жазык иштерин карап чыгышынын мөөнөттөрү.
(1) Кассациялык даттануу же сунуш боюнча келип түшкөн кылмыш-жаза иши ал келип түшкөн күндөн тартып 30 суткадан кем эмес мөөнөттө каралат.
(2) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну, үй камагын колдонуу жөнүндө соттун токтомуна, аны менен катар камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартууга прокурордун сунушу, айыпталуучунун же анын коргоочусунун даттануусу кассациялык инстанциянын сотуна келип түшкөн күндөн тартып 5 суткадан кечиктирилбестен каралуусу керек.»;
15. 375-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«(3) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну жана үй камагын колдонуу жөнүндө, аны менен катар камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартууга карата соттук чечимге прокурор, айыпталуучу же анын коргоочусу тарабынан кассациялык инстанциянын чечими чыккан күндөн тартып 5 сутканын ичинде даттануу болушу мүмкүн.
Прокурордун сунушу, айыпталуучунун же анын коргоочусунун даттануусу ал сотко келип түшкөн күндөн тартып 15 суткадан кечиктирилбестен каралуусу керек.»;
16. 132-статьянын 3-бөлүгүнүн 4-пунктундагы мамлекеттик тилдеги редакциядагы «токтотуу» деген сөз «кыскартуу» деген сөз менен алмаштырылсын;
17. 238-статьянын l-бөлүгүнүн 4-пунктундагы мамлекеттик-тилдеги редакциядагы «токтотууга» деген сөз «кыскартууга» деген сөз менен алмаштырылсын;
18. 261-статьянын 4-бөлүгүндөгү мамлекеттик тилдеги редакциядагы «токтотууга» деген сөз «кыскартууга» деген сөз менен алмаштырылсын;
19. 313-статьянын 2-бөлүгүндөгү мамлекеттик тилдеги редакциядагы «токтотуу» деген сөз «кыскартуу» деген сөз менен алмаштырылсын;
20. 339-статьянын 3-бөлүгүндөгү мамлекеттик тилдеги редакциядагы «жети» деген сөз «он» деген сөз менен алмаштырылсын;
21. 352-статьянын 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы мамлекеттик тилдеги редакциядагы «токтотулбаса» деген сөз «кыскартылбаса» деген сөз менен алмаштырылсын;
22. 383-статьяда мамлекеттик тилдеги редакциядагы:
- l-бөлүктүн 4-пунктундагы «токтотууга» деген сөз «кыскартууга» деген сез менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү «токтотот» деген сөз «кыскартат» деген сөз менен алмаштырылсын;
23. 425-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү «макулдашуу түзүлгөн» деген сөздөрдөн кийин «же өз ара мамиленин принцибинин негизинде» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктөгү «Башкы прокурордун» деген сөздөр «Башкы прокуратурага» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү «орус» деген сөз «расмий» деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«(2) Өз ара мамиленин принциби Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси менен тастыкталат.»;
2 жана 3-бөлүктөр 3 жана 4-бөлүк болуп саналсын;
24. 428-статьяда:
2-бөлүк «же, эгер бул Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, өз ара мамиленин принцибинин негизинде аткарылат» деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк «келишимдер» деген сөздөн кийин «же өз ара мамиленин принцибинин негизинде өз ара аракеттенүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмелер» деген сөздөр менен толукталсын;
25. 431-статьяда:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(2) Эгер эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жана ага байланыштуу өткөрүп берүү жөнүндө талап жиберилсе, ошондой эле жосун жаза чарасын колдонуучу болуп эсептелсе жана аны жасагандыгы үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жазалоо же оор жазалоо каралса - жазык куугунтугу үчүн өткөрүп берүү учурунда же адам алты айдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолсо - өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү учурунда өз ара мамиленин принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө талапты жиберүү жүзөгө ашырылат»;
Статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
«(3) Өткөрүп берүү жөнүндө талап төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
1) талап жиберилген адамдын, фамилиясын, атын жана атасынын атын, анын туулган күнүн, айын, жылын жана жерин, жарандыгын, жашаган же турган жерин, мүмкүнчүлүккө жараша - сырткы көрүнүшүн, сүрөтүн, бармактарынын тагын жана башка анын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды;
2) санкцияны милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, жоопкерчилик каралган мыйзамдын текстин келтирип, жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайларын баяндоо;
3) кылмыштын айынан келтирилген мүлктүк зыяндын көлөмү;
4) мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же болбосо тиешелүү документтердин ырасталган көчүрмөлөрүн тиркөө менен айыпкер катарында жоопко тартуу жөнүндө токтомдун чыгарылган орду жана убактысы жөнүндө маалыматтар.
(4) Жазык куугунтугу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө талапка камакка алуунун бөгөт коюу чарасы катары тандоо жөнүндө судьянын токтомунун ырасталган көчүрмөсү тиркелүү керек. Өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө талапка мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдүн ырасталган көчүрмөсү жана жазанын өтөлбөгөн бөлүгү жөнүндө маалым кат тиркелүүсү керек.»;
26. 433-статьяда:
1-бөлүк «анын орун басарлары тарабынан» деген сөздөрдөн кийин «эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара мамиленин принцибинин негизинде» деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(2) Адамды өткөрүп берүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) эгер кылмыш-жаза мыйзамы бул жосундарды жасагандыгы үчүн бир жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жазаны же оор жазаны караса, жазык куугунтугу үчүн адамды өткөрүп берүү жүзөгө ашырылганда;
2) эгер өткөрүп берүү жөнүндө талап жиберилген адам алты айдан аз эмес мөөнөткө эркинен ажыратылууга же оор жазага соттолгон болсо;
3) талап жиберилген чет мамлекет, өткөрүп берүү жөнүндө талап жиберилген адамга таланта көрсөтүлгөн кылмыш үчүн гана куугунтук болооруна, соттук териштирүү жана жаза өтөө бүткөндөн кийин бул мамлекеттин аймагынан эркин чыгып кетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын макулдугусуз үчүнчү мамлекетке жибербөөгө, өткөрүп бербөөгө жана бербөөгө кепилдик бере алган учурда.
4) Чет мамлекеттин соту тарабынан кылмыш жасоого айыпталган же соттолгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттин жарандарын же жарандыгы жок адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же аны орун басарлары тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат.
5) Өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамга токтомдун көчүрмөсү берилет.
6) Өткөрүп берүү жөнүндө токтомго токтомдо көрсөтүлгөн адам же анын коргоочусу тарабынан токтомдун көчүрмөсүн алган учурдан баштап 10 сутканын ичинде сотко даттануу болушу мүмкүн.»;
27. 48-глава төмөнкүдөй мазмундагы 433-1-статья менен толукталсын:
«433-1-статья. Өткөрүп берилген адамдарды транзиттик ташуу.
(1) Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же тийиштүү талап боюнча мүмкүн өз ара мамиленин принцибинин негизинде, жазык куугунтугун же өкүмдү аткаруу үчүн үчүнчү мамлекеттерге берилген адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында транзиттик ташууга чет мамлекетке уруксат берет.
(2) Кыргыз Республикасынын аймагында адамдарды транзиттик ташуу жөнүндө талап боюнча чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары кабыл алат.
(3) Кыргыз Республикасынын аймагында транзиттик ташуу учурунда адамдарды камакка алуу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарынын уруксаты жана өткөрүлүп берилген адамды камакка алуу жөнүндө чет мамлекеттин сот же башка компетенттүү органынын чечими эсептелет.
(4) Кыргыз Республикасынын аймагында транзиттик ташууга уруксат берүүдө ушул Кодекстин 434-статьясында каралган негиздер бар болгон учурда баш тартуу болушу мүмкүн.
(5) Аба жолдору аркылуу транзиттик ташууда аны жүзөгө ашыруу үчүн уруксат Кыргыз Республикасынын аймагындагы аба кемесинин конуу аралыктарынын учурунда гана талап кылынат. Мындай учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында адамдарды транзиттик ташуу жөнүндө талап жалпы тартипте каралат»;
28. 434-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«434-статья. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
(1) Төмөнкүдөй учурларда өткөрүп берүүгө жол берилбейт:
1) эгер өткөрүп берүү жөнүндө чет мамлекеттен келип түшкөн талапта көрсөтүлгөн адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелсе;
2) эгерде адамга Кыргыз Республикасы тарабынан саясий баш калкалоо берилсе;
3) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө талапка негиз болуп кызмат кылган жосун Кыргыз Республикасында кылмыш деп таанылбаса;
4) эгерде адамга карата ошол эле кылмыш үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм болсо же иш боюнча кароо токтотулса;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишине же башка мыйзамдуу негиздердин айынан кылмыш-жаза иши козголушу же өкүм аткарылышы мүмкүн болбосо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык бул адамды өткөрүп берүү үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болсо;
(2) Адамды өткөрүп берүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болушу мүмкүн:
1) эгер өткөрүп берүү жөнүндө жиберилген талапка байланыштуу жосун Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы анын аймагынын сыртында жасалса;
2) Кыргыз Республикасында ошол эле жосун үчүн, өткөрүп берүү жөнүндө жиберилген талаптагы адамга жазык куугунтугу жүргүзүлөт;
3) өткөрүп берүү жөнүндө жиберилген талаптагы адамга жазык куугунтугу жеке айыптоо тартибинде козголот.
(3) Эгер адам өткөрүп берилбесе, анда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бул жөнүндө, баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен, тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органдарына билдирет»;
29. 435-статьянын 3-бөлүгү «Эгерде» деген сөздөн кийин «өткөрүп берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кабыл алынгандан кийин» деген сөздөр менен толукталсын»;
30. 440-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Башкы прокуратура андан ары жаза өтөөгө Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени кароо үчүн зарыл болгон документтерди чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан суроого укуктуу»;
2-бөлүк «Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору» деген сөздөрдөн кийин «же анын орун басары» деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«(3) Өтүнүч ушул Кодексте каралбаган негиздер боюнча кабыл алынбоосу мүмкүн эмес.»;
31. 49-глава төмөнкүдөй мазмундагы 440-1-статья менен толукталсын:
«440-1-статья. Жаза өтөө учун Кыргыз Республикасынын жаранынын эркин ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүүдөн баш тартуу.
(1) Кыргыз Республикасынын жаранынын эркин ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылуусу мүмкүн:
1) эгер бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүүсү мүмкүн болсо;
2) эгер соттолгон адам айыкпас же өзгөчө оор дарт менен жапа чексе;
3) эгер соттолгон адам үчүн жоюлбаган жарандык доо болсо;
4) жаза эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнүн айынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы мүмкүн эмес;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну учун ал жазаланат же акталат, же иш токтотулат, ошого тете адам Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазадан бошотулса».
3-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 2, 77-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 29-глава төмөнкү мазмундагы 400-3-статья менен толукталсын:
«400-3-статья. Мамлекеттик кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды бербөө же декларацияларды ылайыксыз берүү.
Мамлекеттик кызматчы тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды белгиленген мөөнөттө атайын бербөө, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Мамлекеттик кызматчы тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды туура эмес маалыматтар менен берүүсү, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган аракеттин кайра кайталануусу же администрациялык жаза чаралары колдонулгандан кийин тартип бузуулардын четтетилбөөсү, -
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
2. 508-статьянын 1-абзацындагы «400-статьясынын экинчи бөлүгүндө» деген сөздөр жана сан «400» деген сан менен алмаштырылсын, «400-2» деген сандан кийин «400-3» деген сан менен толукталсын;
3. 513-статьянын биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы «400-статьясынын биринчи бөлүгүндө,» деген сөздөр жана сан алынып салынсын;
4. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
«статьянын экинчи бөлүгү» деген сөздөр алынып салынсын;
«400» деген сандан кийин «400-3» деген саны менен толукталсын;
4-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.
1. 6-статьяда:
6-бөлүктөгү «; жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына» деген сөздөр «жазык-аткаруу системасынын жана башка укук коргоо органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү: укук коргоо органдары деп коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү адамдын жана жарандын укугу менен эркиндигин коргоо функцияларын жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар түшүндүрүлөт».
2. 27-статьядагы «ички иштер органдарынын, коопсуздук мекемелеринин жана органдарынын, финансы полиция органдарынын, жазык-аткаруу тутуму органдарынын, бажы органдарынын» деген сөздөр «укук коргоо органдарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 7-глава төмөнкү мазмундагы 58-1-статья менен толукталсын:
«58-1-статья. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат ээлеген жаран менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишим түзүүдө ага коюлуучу чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тизмеге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орун ээлеген жаран мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотулгандан кийин эки жылдын ичинде мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын жүрүм-турумуна болгон талаптарды сактоо жана кызыкчылыктардын чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча тиешелүү комиссиянын макулду менен, эгерде бул уюмду башкаруунун мамлекеттик, муниципалдык (администрациялык) башкаруунун айрым функциялары мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын кызматтык милдеттерине кирген болсо, жарандык-укуктук келишимдин (жарандык-укуктук келишимдердин) шартында бул уюмда эмгек келишимдин шартында кызмат ээлөөгө жана бул уюмда айына наркы отуз эсептик көрсөткүчтөн ашкан иш аткарууга (бул уюмга кызмат көрсөтүүгө) укуктуу.
Комиссия эмгек келишимдин шарттарында бул уюмда кызмат ээлөөгө жана же жарандык-укуктук келишимдин шарттарында бул уюмда иш аткарууга (бул уюмга кызмат көрсөтүүгө) макулдугун берүү жөнүндө жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуусун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте, көрсөтүлгөн кайрылууну жети күндүн ичинде-кароого жана кабыл алынган чечим тууралуу бир жумушчу күндүн ичинде жаранга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө жана үч жумушчу күндүн ичинде ага билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тизмедеги мамлекеттик же муниципалдык кызмат ээлеген жаран мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотулгандан кийин эки жылдын ичинде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) үчүн эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүүдө иш берүүчүгө өзүнүн акыркы иштеген жери тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тизмедеги мамлекеттик же муниципалдык кызмат ээлеген жаран мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошогондон кийин ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган талаптарды сактабаса, ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишти аткаруу үчүн көрсөтүлгөн жаран менен түзүлгөн эмгек келишимдин же жарандык-укуктук келишимди токтотууга алып келет.
Иш берүүчү ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотулгандан кийин эки жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тизмедеги мамлекеттик же муниципалдык кызмат ээлеген жаран менен эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүүдө он күндүн ичинде мындай келишим түзүлгөндүгү тууралуу анын акыркы иштеген жери боюнча мамлекеттик же муниципалдык кызматтын жалдоочусуна (иш берүүчүсүнө) билдирүүгө милдеттүү.
Ушул статьянын 4-бөлүгүндө белгиленген милдеттер иш берүүчү тарабынан аткарылбаса, укук бузуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Бул уюмдун мамлекеттик башкаруунун айрым функциялары жарандык же муниципалдык кызматчынын кызматтык милдеттерине кирген болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда, ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эмгек келишиминин шартында кызмат ээлөө үчүн жана (же) жарандык-укуктук келишимдин (жарандык-укуктук келишимдердин) шартында бул уюмда иш аткаруу (бул уюмга кызмат көрсөтүү) үчүн тыюу салуу жаран тарабынан сакталгандыгын текшерүү жана мындай жаран менен түзүлгөн эмгек келишимдин шарттары же жарандык-укуктук келишимдин шарттары иш берүүчү тарабынан сакталгандыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.».
4. 69-статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк толукталсын:
«Тиешелүү мамлекеттик органда мамлекеттик кызматта иштөөнүн спецификасын эске алган иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмда башка туруктуу же убактылуу ишке мамлекеттик кызматчыны которуунун (орун жылыштыруунун) өзгөчөлүктөрү тиешелүү мыйзамдар белгилениши мүмкүн».
5. 83-статьяда:
l-бөлүктүн 7-пункту алынып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, муниципалдык ченемдик укуктук актылар менен каралган тартипте мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты ээлеген адам ишеним жоготкондугуна байланыштуу төмөнкү учурларда бошотулууга жатат:
- түздөн-түз акчалай же товардык баалуулуктарды тейлеген кызматкер күнөөлүү аракеттерди жасаганда;
- таламдардын кагылышуусунун бир тарабы болуп эсептелген адам тарабынан аны алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлбөгөндө;
- адам тарабынан өзүнүн кирешеси, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешеси, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалымат берилбесе же атайын жалган же толук эмес маалыматтарды берсе;
- адам мыйзам менен белгиленген учурлардан тышкары, коммерциялык уюмдун башкаруу органынын ишинде акы алуунун негизинде катышса;»
- адам ишкердик ишти жүзөгө ашыра турган болсо;
- эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аракет кылгын саясий партиялардын, башкаруу органдарынын, камкордук же байкоо кеңештеринин, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнө кирсе;
Мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга кызыкчылыктардын чыр-чатагына алып келген же алып келе турган жеке кызыгуу кол алдындагыда пайда болгондугу белги болуп калса, кол алдындагы адам кызыкчылыктардын чыр-чатагын алдын алуу же жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөн учурда ишенем жоготкондугуна байланыштуу бошотулууга (кызматтан бошотулууга) тийиш.
6. 427-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди, саясий жана атайын кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларды иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, ротация (орун которуштуруу), аргасыз ишке чыкпай калган же акы төлөнбөөчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берүү маселелер боюнча жекече эмгек талаш-тартыштар соттон тышкаркы тартипте чечилет.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берүү маселелер боюнча жекече эмгек талаш-тартыштар укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга ылайык каралат.».
5-берене. «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (2009-жылдын 2-июлундагы № 62 «Эркин Too» гезити) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1. 44-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин эмгектик карым-катнашы мамлекеттик кызматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана ушул Мыйзам менен каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын прокуратура мекемелеринде жана органдарында кызмат өтөө тартибин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат. Жумуштан бошотуу, которуу (ротация), тартиптик жаза берүү маселелери боюнча прокуратура органдарынын жана мекемелеринин жетекчилеринин чечими даттанууга жатпайт.
2. 48-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби»;
2-бөлүктөгү «Прокурорду жана» деген сөздөр «Кызматтык милдеттерин аткарууда прокурорду жана» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Прокурорго же тергөөчүгө карата козголгон кылмыш ишин тергөө мезгилинде ал кызматынан четтетилет.».
3. 49-1-статья алынып салынсын,
6-берене. «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж, № 12, 502-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
48-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнү сүйлөм менен толукталсын:
«Мындай негиздер боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими даттанууга жатпайт».
7-берене. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
35-статьянын 6-бөлүгү төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:
«Мындай негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө жетекчинин чечими даттанууга жатпайт.».
8-берене. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статья төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам, соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан мамлекеттик кызматта боло албайт»;
2. 7-статья төмөнкү мазмундагы 15 жана 16-пунктчалар менен толукталсын:
«15) иши мамлекеттик сыр менен байланышкан мамлекеттик кызматты ээлеген адам, эгерде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыга турган болсо тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын режимдик-жашыруун бөлүкчөлөрүн алдын ала кабарлоого милдеттүү.
16) өзүнүн кирешеси, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешеси, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүүгө»;
3. 9-статья төмөнкү мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын;
«Таламдардын кагылышуусун алдын алуу маселеси боюнча түздөн-түз кол алдында болгон мамлекеттик кызматчы кайрылган учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан чара көрүлбөсө, ишеним жоготууга байланыштуу жетекчини жумуштан алууга негиз болуп саналат.»;
4. 11-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:»
«11-статья. Мамлекеттик кызмат менен байланышкан чектөөлөр
Мамлекеттик кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) муниципалдык кызматта болууга;
2) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү башка ишти аткарууга. Мында эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен эки жакка тең бирдей негизде сүйлөшүүлөрдө каралбаса, окутуу, илимий жана башка чыгармачылык иш чет мамлекеттин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен гана каржылана албайт.
3) жеке өзү же ишеним кылынган адам аркылуу ишкердик кылууга, уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан чарба субъекттерин башкарууда жеке катышууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын мамлекеттик кызматчы же анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кандай болбосун тике же кыйыр пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда жеке же юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;
4) өзү кызматында турган, болбосо өзүнө түздөн-түз баш ийген же контролдугунда болгон мамлекеттик бийлик органында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишке ишенимдүү адам же өкүл болууга;
5) маалыматты, материалдык-техникалык, каржы жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана дайындалган башка мамлекеттик мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
6) кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралбаган жеке жана юридикалык жактардан сыйакыларды (ссуда, акчалай же башка сыйакы, кызмат көрсөтүү, көңүл ачууну, эс алууну, транспорт чыгымдарын төлөө ж.б.) жана белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер Кыргыз Республикасынын же муниципалдык түзүлүштүн менчиги болуп таанылат жана акт боюнча тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык органга өткөрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын, муниципалдык түзүлүштүн башчысынын кызмат ордун, муниципалдык кызматты ээлеген, же туруктуу негизде ээлеп турган адам, протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди тапшырса, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сатып ала алат.
7) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат учурунда саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине кандайдыр бир формада катышууга, түзүүгө же көмөк көрсөтүүгө; мамлекеттик кызмат иштерин партиянын программалары менен чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат;
8) өзү менен туугандык мамилелерде болгон адамдардын (ата-энеси, жубайы, эркек жана кыз бир туугандары жана балдары) түздөн-түз баш ийиши же контролдукта болушу менен байланышкан мамлекеттик кызматта болууга;
9) өзүнүн кызматы менен байланышкан, өзү ыйгарым укуксуз болгон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө;
10) өзүнүн кызматтык абалын мамлекеттик кызматчынын жеке өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын туугандары болуп саналган адамдардын жеке таламдарын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү максатында пайдаланууга;
11) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурууга же катышууга, же башка иш-чаралар менен мамлекеттик органдардын иштешине тоскоолдук кылууга;
12) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда белгилүү болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттери менен байланышпаган максаттарда ачыкка чыгаруу жана колдонууга;
13) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен эки жакка тең бирдей негизде сүйлөшүүлөрдө каралбаса, башкаруу органдардын, камкордук же байкоо кеңештеринин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн курамына кирүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, муниципалдык органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттик же муниципалдык органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен сүйлөшүү боюнча жүзөгө ашырылган иш сапарлардан тышкары, жеке же юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кызматтык иш сапарларга чыгууга;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын, муниципалдык кызматты ээлеген, туруктуу негизде ээлеп жаткан адам катары жарыялар жана чыгып сүйлөөлөр үчүн гонорар алууга;
Ушул статьяда каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактысын белгилөө мамлекеттик кызматчыга ушул Мыйзамда каралган тартип жоопкерчилик чарасын колдонуу үчүн, ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин негиз болуп саналат.
Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин бир жылдын ичинде төмөнкүлөргө укуксуз:
- үчүнчү адамдардын таламын көздөп мурда өзү иштеген жер боюнча өзүнүн компетенциясына кирген маселелер менен кайрылууга;
- өзү мамлекеттик кызматта турган мезгилинде анын карамагында болгон кандай гана болбосун жеке же юридикалык адам кошумча артыкчылыктарды ала турган болсо, андай жеке же юридикалык адамдын атынан аракеттенүүгө.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, мамлекеттик кызматчылар коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында боло алышпайт.
Кош жарандыгы бар мамлекеттик кызматкер мамлекеттик бийлик органдарында жетектөөчү кызмат ордун ээлей албайт.»;
5. 31-статьяда:
биринчи бөлүк төмөнкү мазмундагы «в1» пункту менен толукталсын:
«б1) төмөнкү негиздердин бирөөсү бар болгондо ишеним жоготсо:
- таламдардын кагылышуусунун тарабы болуп эсептелгенде, аны алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;
- жеке өзү же ишеним адамдар аркылуу ишкердик менен алектенсе;
- мүлкү жана кирешеси жөнүндө декларацияны бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашырып-жапса.»;
«д» пунктчасында:
- жетинчи абзацтагы «катышуу» деген сөздөр «кандайдыр бир формада катышууга, түзүүгө же көмөк көрсөтүүгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурууга же катышууга, же башка иш-чаралар менен мамлекеттик органдардын иштешине тоскоолдук кылууга;
«л» пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу же чет мамлекеттин жарандыгын алуу».
9-берене. «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 2005-ж., № 2, 91-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 10-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүчө баяндалсын:
«Муниципалдык кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик кызматта болууга;
2) администрациялык муниципалдык кызматты саясий муниципалдык кызмат менен айкалыштырууга;
3) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү башка ишти аткарууга. Мында эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен эки жакка тең бирдей негизде сүйлөшүүлөрдө каралбаса, окутуу, илимий жана башка чыгармачылык иш чет мамлекеттин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен гана каржылана албайт.
4) жеке өзү же ишеним кылынган адам аркылуу ишкердик кылууга, уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан чарба субъекттерин башкарууда жеке катышууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын муниципалдык кызматчы же анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кандай болбосун тике же кыйыр пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда жеке же юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;
5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка каралбаса, коммерциялык уюмдун башкаруу органынын мүчөсү болууга;
6) өзү муниципалдык кызматта турган, болбосо өзүнө түздөн-түз баш ийген же контролдугунда болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишке ишенимдүү адам же өкүл болууга;
7) кызматтык маалыматты, материалдык-техникалык, каржы жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын жана башка мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
8) кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралбаган жеке жана юридикалык жактардан сыйакыларды (ссуда, акчалай же башка сыйакы, кызмат көрсөтүү, көңүл ачууну, эс алууну, транспорт чыгымдарын төлөө ж.б.) жана белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер муниципалдык түзүлүштүн менчиги болуп таанылат жана акт боюнча тийиштүү муниципалдык органга өткөрүлүп берилет. Муниципалдык түзүлүштүн башчысынын кызмат ордун, муниципалдык кызматты ээлеген, же туруктуу негизде ээлеп турган адам, протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди тапшырса, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сатып ала алат.
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен сүйлөшүү боюнча жүзөгө ашырылган иш сапарлардан тышкары, жеке же юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен иш сапарларга чыгууга;
10) иш таштоолорго катышууга, шайлоо кампанияларынын жана референдумдун учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштери менен иштөөгө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бузган аракеттер менен алектенүүгө;
11) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат учурунда саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине кандайдыр бир формада катышууга, түзүүгө же көмөк көрсөтүүгө; кызмат иштерин партиянын программалары менен чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат. Муниципалдык органдарда өкүлчүлүктүү органдарда жана кесиптик бирликтерде фракцияларды түзүүдөн тышкары, саясий партиялардын, диний жана башка коомдук бирикмелердин түзүмдөрүн түзүүгө болбойт.
12) өзүнүн кызматы менен байланышкан, өзү ыйгарым укуксуз болгон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө;
13) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен эки жакка тек бирдей негизде сүйлөшүүлөрдө каралбаса, башкаруу органдардын, камкордук же байкоо кеңештеринин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн курамына кирүүгө;
Ушул статьяда каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактысын белгилөө муниципалдык кызматчыга ушул Мыйзамда каралган тартип жоопкерчилик чарасын колдонуу үчүн, ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин негиз болуп саналат.».
төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«Мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам, соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан муниципалдык кызматта боло албайт.
Кош жарандыгы бар муниципалдык кызматкер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетектөөчү кызмат ордун ээлей албайт.».;
2. 33-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
- таламдардын кагылышуусунун тарабы болуп эсептелгенде, аны алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;
- мүлкү жана кирешеси жөнүндө декларацияны бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашырып-жапса.».
10-берене. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (2011-жылдын 22-июлундагы №59 «Эркин Тоо» гезити) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 13-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2. Акимге, анын орун басарларына, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын жана аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү башка ишти аткарууга. Мында эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен эки жакка тең бирдей негизде сүйлөшүүлөрдө каралбаса, окутуу, илимий жана башка чыгармачылык иш чет мамлекеттин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен гана каржылана албайт.
2) жеке өзү же ишеним кылынган адам аркылуу ишкердик кылууга, уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан чарба субъекттерин башкарууда жеке катышууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын мамлекеттик кызматчы же анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кандай болбосун тике же кыйыр пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда жеке же юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;
3) өзү кызматында турган, болбосо өзүнө түздөн-түз баш ийген же контролдугунда болгон мамлекеттик бийлик органында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишке ишенимдүү адам же өкүл болууга;
4) маалыматты, материалдык-техникалык, каржы жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана дайындалган башка мамлекеттик мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
5) кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралбаган жеке жана юридикалык жактардан сыйакыларды (ссуда, акчалай же башка сыйакы, кызмат көрсөтүү, көңүл ачууну, эс алууну, транспорт чыгымдарын төлөө ж.б.) жана белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер Кыргыз Республикасынын же муниципалдык түзүлүштүн менчиги болуп таанылат жана акт боюнча тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык органга өткөрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын, муниципалдык түзүлүштүн башчысынын кызмат ордун, муниципалдык кызматты ээлеген, же туруктуу негизде ээлеп турган адам, протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди тапшырса, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сатып ала алат.
6) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат учурунда саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине кандайдыр бир формада катышууга, түзүүгө же көмөк көрсөтүүгө; мамлекеттик кызмат иштерин партиянын программалары менен чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат;
7) өзү менен туугандык мамилелерде болгон адамдарды (ата-энеси, жубайы, эркек жана кыз бир туугандары жана балдары) түздөн-түз ага баш ийген кызматка дайындоого;
8) өзүнүн кызматы менен байланышкан, өзү ыйгарым укуксуз болгон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө;
9) өзүнүн кызматтык абалын мамлекеттик кызматчынын жеке өзүнүн жана үй-бөлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын туугандары болуп саналган адамдардын жеке таламдарын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү максатында пайдаланууга;
10) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурууга же катышууга, же башка иш-чаралар менен мамлекеттик органдардын иштешине же мамлекеттик кызматчылар тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылууга;
11) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда белгилүү болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттери менен байланышпаган максаттарда ачыкка чыгаруу жана колдонууга;
12) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен эки жакка тең бирдей негизде сүйлөшүүлөрдө каралбаса, башкаруу органдардын, камкордук же байкоо кеңештеринин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн курамына кирүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, муниципалдык органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттик же муниципалдык органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен сүйлөшүү боюнча жүзөгө ашырылган иш сапарлардан тышкары, жеке же юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кызматтык иш сапарларга чыгууга;
14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын, муниципалдык кызматты ээлеген, туруктуу негизде ээлеп жаткан адам катары жарыялар жана чыгып сүйлөөлөр үчүн гонорар алууга;
15) шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын ишине, ошондой эле референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине кийлигишүүгө.»;
2. 14-статьянын 1-бөлүгүндөгү экинчи абзац төмөндөгүдөй баяндалсын:
«Соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран Кыргыз Республикасынын акими боло албайт.»;
3. 15-статья төмөнкү мазмундагы «31» пункту менен толукталсын:
«31) төмөнкү негиздердин бирөөсү бар болгондо ишеним жоготсо;
- таламдардын кагылышуусунун тарабы болуп эсептелгенде, аны алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;
- жеке өзү же ишеним адамдар аркылуу ишкердик менен алектенсе;
- коммерциялык уюмдардын башкаруу органындагы иши (Мыйзамда каралган учурлардан тышкары);
- мүлкү жана кирешеси жөнүндө декларацияны бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашырып-жапса.»;
11-берене. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (2011-жылдын 22-июлундагы №59 «Эркин Тоо» гезити) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
1. 42-статьянын экинчи абзацы төмөндөгүдөй баяндалсын:
«Соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран Кыргыз Республикасынын мэри боло албайт.»;
2. 48-статьянын экинчи абзацы төмөндөгүдөй баяндалсын:
«Соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран Кыргыз Республикасынын айыл өкмөтүнө башчы боло албайт.».
12-берене. «Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 2004-ж., № 11, 514-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 7-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7-статья. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү жана жарыялоо.»;
- статья төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
«4. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар белгиленген тартипте прокуратура органдары тарабынан берилиши мүмкүн.».
3. 8-статьянын экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын:
«жана тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жиберет.».
13-берене. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 2004-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
18-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Мында, бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) катышкан тоорук болгон жок деп табылат.».
14-берене. «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 2, 20-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-статьянын сегизинчи абзацындагы «жашыруун» деген сөз «маалымдуу жана маалымдуу эмес» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15-берене. 1. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|