Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну №2127-V
"Кеcиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министри А.Т.Алымкуловдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1999-жылдын 26-ноябрында кабыл алынган. Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелери өз ишин "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерге толук ылайыктуу жүргүзүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бүтүндөй алганда аталган мыйзамды аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошону менен эле катар, мыйзамдын айрым ченемдери объективдүү жана субъективдүү себептер боюнча аткарылбай жатат.
Мисалы, Мыйзамдын 47-беренесин аткаруу жаатында 64 окуу жайынын ичинен 20сы айыл чарба тармактарынын адистерин даярдап жаткандыгына карабастан практикалык сабактарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жер участкаларына ээ эмес.
Бүгүнкү күндө окуу жайларынын балансында 1000 бирдиктен ашуун автотрактордук жана айыл чарба техникалары бар, алардын 50 пайыздан ашыгы колдонуудан чыгарып салууга жатат.
Окуу корпустарынын, устаканалардын, жатаканалардын көпчүлүк бөлүгү эски типте: 1990-жылдан тартып бир дагы объект кошумча курулган эмес.
Мамлекеттик бюджет негизинен эмгек акы төлөөгө, стипендияларга жана студенттердин тамак-ашына бөлүнөт. Мында акыркы жылдардын ичинде "капиталдык ремонт" жана "жабдууларды сатып алуу" беренелери боюнча каражат өтө эле аз бөлүнүп келген.
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлиги эмгек рыногунун талаптарына кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун толугураак ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн чечимдерди талап кылган бир катар көйгөйлөр бар деп эсептейт.
Азыркы мезгилде Министрлик (Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги) тарабынан 2020-жылга чейин кесиптик-техникалык билим берүү тутумун өнүктүрүүнүн Стратегиясы жана аталган тутумду 2014-жылга чейин өнүктүрүү боюнча чаралардын Программасы иштелип чыгылган. Стратегиялык документтер менен кесиптик-техникалык билим берүү тутумун өнүктүрүүнүн төмөндөгүдөй артыкчылыктары аныкталган:
донордук уюмдардын көмөгү алдында материалдык-техникалык базаларды оптималдаштыруу жана модернизациялоо;
бир адамга эсептелген каржылоону киргизүү;
кесиптик компетенцияларды киргизүү, модулдук жана дуалдык окутууну жайылтуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууну камсыз кылуу;
социалдык өнөктөштүк механизмдерин өркүндөтүү;
мүмкүнчүлүгү чектелген, жумушсуз калктын жана эмгек мигранттарынын ичиндеги адамдардан турган жарандардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министри А.Т.Алымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
билим берүүнүн бюджеттик мекемелерин өнүктүрүүнү оптималдаштыруу максатында атайын каражаттарга 20 пайыздык салыкты алып салуу маселесин карасын;
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык 2013-2015-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда төмөнкүлөрдү каржылоону көбөйтүүлөрдү карасын:
- окуу адабияттарын (анын ичинде электрондук окуу китептерин) жана окуу-көрсөтмө куралдарын басып чыгарууга;
- мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоого;
- кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун материалдык-техникалык базаларын жакшыртууга;
- кыска мөөнөттүн негизинде бойго жеткен адамдарды окутууга жана кайра окутууга;
кесиптик башталгыч билим берүү тутумун эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирсин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы "Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" № 18 токтомуна кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун окуу жайларында дем берүүчү фонддорду түзүү тууралуу толуктоо киргизсин;
кесиптик башталгыч билим берүү тутумуна кесиптик сертификациялоону жана көз карандысыз аккредитациялоону киргизүү маселесин карасын;
кесиптик башталгыч билим берүүнүн окуучуларынын тамак-ашын эсептөөнүн акчалай ченемин күнүнө 70 сомго чейин көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
2012-жылдын июнь айынын башталышына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоого 2,0 млн. сом суммасында каражат бөлүү боюнча чараларды көрсүн;
Баткен областынын Исфана айылындагы жер титирөөнүн натыйжасында бузулган ПЛ № 48 жаңы окуу корпусунун курулушун аяктоону камсыз кылуу үчүн каражаттарды бөлүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларын жалпы билим берүү сабактары боюнча окуу китептери (электрондук окуу китептери), окуу-методикалык адабияттар жана көрсөтмө куралдар менен өз мезгилинде жана толук көлөмүндө камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги менен бирдикте жалпы билим берүүчү мекемелердин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн тармактык билим берүүнү өнүктүрүү маселесин карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлиги:
кыска мөөнөттүн ичинде кесиптик башталгыч билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
кесиптик техникалык билим берүү тутумун андан ары өркүндөтүү маселесин карасын.
6. Областтык мамлекеттик администрациялар:
Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык окуу-өндүрүштүк иштерди уюштуруу үчүн кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларына жер участкаларын бөлүп берүү маселесин карасын;
айыл жерлеринде жайгашкан, алыскы жана чек арага чектеш райондордогу кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларына инженердик жана техникалык билими бар жаш адистерди тартуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
7. Министрликтер, административдик ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацына ылайык тейленген региондордо жана тармактарда кадрларга болгон талаптардын анализ-божомолун жүргүзсүн жана жыл сайын 1-майга карата кадрларды окутууга жана даярдоого өтүнмөлөрдү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлигине (Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине) берсин.
8. Жаштар, эмгек жана ишке жайгаштыруу министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги:
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине ылайык кесиптик башталгыч билим берүүнүн кадрларын даярдоо жана мамлекеттик стандарттардын заманбап талаптарына ылайык окуу программаларынын жана курстардын мазмунун өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
жумушчу кадрларын жана адистерди даярдоонун санынын жогорулатууга өбөлгө түзгөн окутуунун ыкмаларын өркүндөтүү, окутуунун заманбап технологияларын киргизүү боюнча чараларды көрсүн;
социалдык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча чараларды кабыл алсын;
кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча иштерди жүргүзсүн;
төмөнкүлөрдү туруктуу жүргүзсүн:
- кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларына жалпы билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрүн окууга тартуу жана жумушчу кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу боюнча жаштар арасында кесиптик-багыт берүү иштерин;
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн окуучуларына адептик-мекенчилдикке тарбиялоо боюнча иштерди;
кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун натыйжалуу иши үчүн окутуунун ваучердик механизмин киргизүү маселесин карасын.
9. Ушул токтомдун 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик органдар 2013-жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Т.Зулпукаров |