Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 2191-V
2013-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2014-2015-жылдарга божомол жөнүндө
2013-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясынын долбоорун жана 2014-2015-жылдарга божомолду каран чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы жана 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министри А.Ү.Жапаровдун маалыматы эске алынсын.
2. 2013-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2014-2015-жылдарга божомол кабыл алынсын (№ 1-тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнү 2013-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2014-2015-жылдарга божомол менен аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды жетекчиликке алып камсыз кылсын;
2013-жылга республикалык бюджетти жана 2014-2015-жылдарга божомолду түзүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттык фракцияларынын белгиленген бюджеттик резолюцияга карата сунуштарынa эске алсын (2-тиркеме).
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2191-V токтомуна № 1-тиркеме |
Өлкөнүн 2013-2015-жылдарга бюджеттик саясатынын негизги артыкчылыктары ушул Бюджеттик резолюция менен ал жылдарга өлкөнүн бюджетинин орто мөөнөттүү бюджетинин параметрлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын төмөнкү багыттары боюнча сунуштарынын негизине ылайык аныкталган:
1. Өлкөнүн экономикасын турукташтыруу максатында мамлекеттик каржыны натыйжалуу башкаруунун жана жөнгө салуунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү.
2. Салык алынуучу базаны көбөйтүү максатында акча-кредиттик жана фискалдык саясатты чыңдоо боюнча мыйзамдык базаны оптималдаштыруу.
3. Мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана ички мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугуна жетишүү.
4. Республиканын айыл чарба секторунда тобокелдиктерди башкарууга жетишүүнү камсыз кылуу.
5. Жергиликтүү бюджеттерди жана бюджеттер аралык мамилелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү максатында чыңдоо.
Ушул Бюджеттик резолюциянын негизги артыкчылыктары жана багыттары Кыргыз Республикасынын 2013-2015-жылдарга республикалык бюджетинин негизги параметрлерин түзүү үчүн багыт болуп кызмат кылат.
2013-2015-жылдарда төмөнкү макроэкономикалык көрсөткүчтөр камсыз кылынууга тийиш.
┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐
│ │ 2010 │ 2011 │ 2012 │ 2013 │ 2014 │ 2015 │
│ │ факт │ факт │долбоор│божомол│божомол│божомол│
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Номиналдуу ИДП, │ 212,2 │ 273,1 │ 305,5 │ 359,5 │ 408,5 │ 468,6 │
│млрд. сом │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│ИДПнын иш жүзүндө │ -0,5 │ 5,7 │ 1,8 │ 9,8 │ 7,2 │ 7,4 │
│өсүү арымы, %да │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│ИДПнын иш жүзүндө │ -1,0 │ 5,6 │ 6,0 │ 8,4 │ 8,1 │ 7,7 │
│өсүү арымы │ │ │ │ │ │ │
│(Кумтөрсүз), %да │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Керектөө бааларынын │ 19,2 │ 5,7 │ 8,4 │ 8,0 │ 7,3 │ 7,6 │
│индекси (инфляциянын │ │ │ │ │ │ │
│деңгээли),%да │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Мамлекеттик бюджеттин│ 26,0 │ 28,3 │ 29,9 │ 26,7 │ 26,1 │ 26,2 │
│жалпы кирешелери, %да│ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Мамлекеттик бюджеттин│ 30,9 │ 33,3 │ 37,5 │ 31,4 │ 30,5 │ 28,5 │
│учурдагы чыгымдары │ │ │ │ │ │ │
│(МИПсиз), %да │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│ИДПга карата │ -4,9 │ -5,0 │ -7,6 │ -4,7 │ -4,4 │ -2,3 │
│бюджеттин тартыштыгы,│ │ │ │ │ │ │
│%да │ │ │ │ │ │ │
└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын аныктап, алар Кыргыз Республикасынын 2013-2015-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоорун түзүүдө негиз катары кабыл алынууга тийиш.
Өлкөнүн экономикасын турукташтыруу мамлекеттик каржыны натыйжалуу башкаруу жана жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүүнү төмөнкүлөрдүн эсебинен караган туруктуу ченемдик укуктук база менен бекемделүүгө тийиш:
экономика жаатындагы ченемдик укуктук актыларды укуктук интеграциялоонун, унификациялоонун жана шайкеш келтирүүнүн;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин иштеп чыгуунун жана колдонууга киргизүүнү аяктоонун, ал бюджеттик механизмдердин жөнгө салуучу жоболорунун баарын жана бардык деңгээлдердеги жол-жоболорду топтоштурууга тийиш;
социалдык багыты болбогон объекттерди алып салып, тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларына ылайык республикалык бюджеттен биринчи кезекте каржыланууга жаткан курулуш жана реконструкциялоо объекттерин аныктоонун чен өлчөмдөрүн иштеп чыгуунун. Мында республикалык деңгээлдеги объекттерден тышкары спорттук-маданий багыттагы объекттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул каражаттарды республикалык бюджетке киргизүү жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо менен аныктоого тийиш;
мамлекеттик органдарды мамлекеттик каржылоону караган ченемдик укуктук актыларды бюджеттик процесстерди жөнгө салуучу ведомстволук ченемдик укуктук актыларды мүмкүн болушунча азайтуу менен унификациялоонун;
экономиканын жана кызматтар чөйрөсүнүн өндүрүштүк сегментин кеңейтүү үчүн чет өлкөлүк жана ички инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрүп, аларды коргоону кароонун;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын бардык категорияларынын эмгегине акы төлөө тутумун оптималдаштыруу боюнча бирдиктүү концепция киргизүүнүн;
саясий кызматтарга тиешелүү ченемдерди белгилөөчү зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун, ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин жана медициналык кызматкерлердин эмгегине акы төлөө тутумун оптималдаштыруунун;
эл аралык макулдашуулардын, келишимдердин жана башка эл аралык ченемдик укуктук актылардын форматын, алардын донорлор тарабынан берилүүчү аркыл жардамдын жалпы көлөмүнүн болжолдуу 50 пайызын түзгөн чет өлкөлүк жарандар тарабынан техникалык жардам көрсөтүү бөлүгүнө тиешелүү каражаттарга карата дизайнын жарыяланган иш чараларды аткарууга түздөн-түз багыттоонун;
2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын аткарууну камсыз кылуунун;
администрациялык-аймактык кайра түзүүлөрдү жүргүзүү менен республиканын бюджетинин эки деңгээлдүү тутумун бекемдөөнүн;
өз ара пайдалуу негизде жеке инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн усулдарын жайылтуунун, корпоративдик принциптерди жайылтуу менен мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун;
ар бир айыл өкмөтүндө кредиттик ставкасы 12 пайыздан жогору эмес чакан кредиттик мекемелердин тармагын өнүктүрүү боюнча укуктук базаны камсыз кылуунун;
программалык бюджеттөөнүн принциптерин пайдалануучу мамлекеттик органдардын тизмегин кеңейтүүнүн;
республикалык бюджет жөнүндө колдонуудагы мыйзамдар менен ырасталбаган мамлекеттик органдардын бюджеттик ассигнованиелеринин көлөмдөрүн көбөйтүүгө тыюу салуунун жана алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуунун;
мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу концепциясын иштеп чыгуунун.
Салык алынуучу базаны көбөйтүү максатында акча-кредиттик жана фискалдык саясатты чыңдоо боюнча мыйзамдык базаны оптималдаштыруу төмөнкүлөрдү талап кылат:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясатты өлкөнүн экономикалык билдирилген көрсөткүчтөрүнө жетүү максатында инфляцияны төмөндөтүү, экономикалык өсүшкө дем берүү жана баалардын жалпы деңгээлин кармап туруу жана алардын туруктуулугуна жетишүү боюнча жүргүзүүнү камсыз кылууну;
инвестициялык климатты жакшыртууга, бизнес жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга, салык салуунун тутумунун туруктуулугуна жана салыктык администрациялоону, анын ичинде айыл чарба чийки заттарын алга жылдырууда бажы жөнгө салуусун өркүндөтүүгө багытталган Фискалдык саясаттын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү концепциясын иштеп чыгуунун, ошондой эле жогорку рентабелдүү чарбалар үчүн салык салуунун дифференцияланган тутумун жайылтуу, кирешелүүлүк боюнча төмөнкү маанилерди аныктоо жана артыкчылыктарды берүүнү камсыз кылууну;
аларга карата республикалык бюджеттин кирешесине төлөөлөрдөн бошотуу каралган ташып келинүүчү товарлардын тизмегин кыскартууну;
мамлекеттик бюджетке дивиденддердин түшүүсүн көбөйтүү максатында пайданын акцияларын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор, компаниялар жана башка коммерциялык уюмдар тарабынан алынуучу кирешелеринин бүдөмүксүздүгүн жана аныктыгын камсыз кылууну;
түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кредит берүү тутумун кайра иштетүү өнөр жайындагы, энергетика секторундагы, жер казынасын пайдалануудагы жана инфраструктураны өнүктүрүүдөгү ири бизнес-долбоорлорду каржылоого ар бири жан башына эсептелген жана узак мөөнөттүү негизде бир нече миллион доллардан ашкан сумманы багыттоону;
кирешелеринин деңгээли орто жарандарга ипотека кредиттерин берүү үчүн социалдык ипотеканы каржылоонун механизмдерин, ошондой эле аларга берилген ипотека кредиттери боюнча пайыздык ставканы жарым-жартылай кайра каржылоонун механизмдерин жайылтууну;
өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын чек арага канаатташ айрым аймактарынын коопсуздугун жана социалдык экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча бардык иш-чараларды каржылоонун маселелерин өз убагында чечүүнү;
2013-жылга республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарынын, илимий мекемелердин, маданият жана саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттен тышкаркы (атайын) каражаттарына 20 пайыздык салыкты алып салуу боюнча чараларды көрүүнү;
заманбап банктык технологияларга мамлекеттик бюджеттик тутумду которууну;
бюджеттик чыгымдардын бүдөмүксүздүгүн камсыз кылууну;
мамлекеттик карызды тейлөө саясатын оптималдаштыруунун, карыз саясатын аныктоонун жаңы технологияларын иштеп чыгуу менен жайылтуунун жана аны ишке ашырууну.
Ички мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугу жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткарууну толук көлөмдө камсыз кылуу менен жетишилүүгө тийиш, ошондой эле берилүүчү каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун төмөнкү жолдор менен жогорулатуу максатында:
саламаттык сактоонун чыгымдарынын бюджеттик ассигнованиелерин ИДПнын көлөмүнүн 6 пайызына чейин жеткирүү;
Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын аткарууга каржы каражаттарын толук көлөмдө бөлүп берүү боюнча чараларды көрүү;
2012-2014-жылдарга калкты социалдык коргоону өнүктүрүүнүн стратегиясын аткарууну камсыз кылуу, социалдык колдоо боюнча иш-чараларды каржылоо;
аларды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү эмгектик иши үчүн тышкы эмгектик миграциянын түрлөрүн өркүндөтүү;
пенсиялардын эң аз көлөмүн жашоо минимумуна чейин жеткирүү менен туруктуу пенсиялык тутумду түзүү;
калкты иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатын жүргүзүү менен жумуш орундарын түзүү;
үй-бүлөнүн муктаждыктарына багытталган социалдык чөйрөдөгү иш-чараларды жүргүзүү;
төмөнкүлөрдү камсыз кылуу:
- кызматтык-күжүрмөн ишти, социалдык проблемаларды чечүүнү, анын ичинде аскер кызматчыларына кызматтык турак жайларды бөлүп берүүнү;
- аскерлердин жашоо-турмушун жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу планы боюнча материалдык-техникалык корлорду түзүү менен;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин жаңы объекттерин курууну жана болгондорунун инфраструктурасын реконструкциялоону каржылоо;
- Баткен областынын аймагында жайгашкан мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик участокторунун линиясын инженердик жабдуу.
Натыйжалуу менеджмент үчүн мамлекеттик органдар ички аудити активдүү жүргүзүүгө тийиш. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын отчеттуулугунун тутумун киргизүү зарыл.
Республиканын айыл чарба секторунда тобокелдиктерди башкарууга жетишүү жана өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн төмөнкү түп-тамырынан берки чараларды жүргүзүү зарыл:
айыл чарба чөйрөсүндөгү тобокелдикти мүмкүн болушунча азайтуу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуучу чараларды түзүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу боюнча;
азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ашыкча айыл чарба азыктарын өндүрүүгө чек коюу (квота берүү), анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча;
илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин пайдаланууга бир убакта дем берүү менен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн кирешелүүлүгүнүн деңгээлин түзүү жана колдоо боюнча;
таза тамак-аш азыктарын өндүрүү, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча технологияларды жайылтууга багытталган айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча;
өсүмдүктөрдүн илдеттеринин жана малдын ылаңдарынын алдын алуу жана алар менен күрөшүү, айыл чарба чийки заттарын жана азыктарын алга жылдырууну бажылык жөнгө салуу боюнча;
айылдык өндүрүштүк инфраструктураны (электрлештирүүнү, газдаштырууну, жолдорду жана телекоммуникацияларды куруу) өнүктүрүү боюнча;
республиканын мал чарбачылыгы үчүн тою өсүмдүктөрүн өндүрүүнү уюштуруу боюнча;
тарифтердин жана импорттук квоталардын тутумун белгилөө менен (БСУнун жана башка уюмдардын алкагында) дыйканчылыктын жана мал чарбасынын азыктарына ички бааларды колдоону карап, айыл чарба азыктарына бааларды жана тарифтерди жөнгө салуу тутумун иштеп чыгуу, ошондой эле продукцияны ашыкча өндүрүүнү жоюуга багытталган рынок механизмдеринин тутумуш эске алуу менен мамлекеттик аспаптарды пайдалануу боюнча;
айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн сатып өткөрүү рыногун жакшыртуу, азык-түлүк товарларына товарларга бааларды турукташтыруу максатында товардын кандайдыр бир айрым түрү боюнча бардык жерде универсалдуу типтеги же болбосо адистештирилген дүң-азык-түлүк рынокторун түзүү боюнча;
аркыл айыл чарба тармактары боюнча консультанттардын кызматын, анын ичинде чийки заттын жана азык-түлүктүн сапатын текшерүү, продукцияны сатуу боюнча консультанттардын кызматынын иштешин камсыз кылуу боюнча;
чарба жүргүзүүнүн механизацияланган жана автоматташтырылган ыкмаларына өтүү жолу менен айыл чарбасын техникалык кайра жабдууну, негизги фонддорду модернизациялоону жана жаңыртууну камсыз кылуу боюнча;
экономиканын агроөнөр жай комплекси, энергетика жана турак жай курулуш секторлоруна дем берүүнү күчөтүү боюнча;
төмөнкүлөрдү камсыз кылуу боюнча:
- табигый айыл чарба ресурстарын натыйжалуу пайдалануу менен республиканын калкынын жана экономикасынын тармактарынын айыл чарба азыктарына жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун;
- суу пайдалануунун бардык субъекттеринин суу ресурстарын;
жерлерди сактоону жана жер кыртышын бузулуудан коргоону камсыз кылуу менен жер пайдалануучулардын чек араларын тартипке келтирүүнү;
төмөнкүлөр үчүн шарттарды түзүү боюнча:
- республиканын экономикасынын агроөнөр жай секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн;
- мал чарба жана дыйканчылык тармактарын ийкемдүү өнүктүрүү үчүн.
Жергиликтүү бюджеттерди жана бюджеттер аралык мамилелерди чыңдоо төмөнкү жол менен камсыз кылынууга тийиш:
жүргүзүлүп жаткан бюджеттик реформа менен жарыш администрациялык-аймактык оптималдуу бөлүштүрүүнү жүргүзүү;
эң төмөнкү стандарттарды этап боюнча жайылтуу менен жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн бюджеттик каржылоо;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн этап боюнча компьютерлештирүү, отчеттуулуктун бирдиктүү жөнөкөйлөштүрүлгөн автоматташтырылган түрлөрүн жайылтуу;
ЖӨБ органдарынын көбүрөөк өз алдынчалуулугу жана дотациялык айылдык өкмөттөрдүн санын кыскартуу үчүн шарттарды түзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан администрациялануучу салыктык базаны кеңейтүү;
үч жылдык мезгилге пландаштырууну эске алуу менен жергиликтүү бюджеттерди орто мөөнөтүү божомолдоого өтүү боюнча чараларды көрүү;
эң төмөнкү мамлекеттик стандарттарды жайылтууну жана жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу баа берүүнү эске алуу менен бюджеттер аралык трансферттер тутумун өркүндөтүү.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2191-V токтомуна карата № 2-тиркеме |
┌──┬────────────────┬─────────────────────────────────────────────────┐
│№ │ Комитеттердин, │ Сунуштар │
│ │ депутаттык │ │
│ │ фракциялардын │ │
│ │ аталыштары │ │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│1 │Коргоо жана │Коргоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар │
│ │коопсуздук │министрлигине, Мамлекеттик улуттук коопсуздук │
│ │боюнча комитет │комитетине, Мамлекеттик улуттук коопсуздук │
│ │ │кызматынын чек ара аскерлерине. │
│ │ │Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына │
│ │ │(Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды │
│ │ │күзөтүү жана коштоо боюнча департаментине), │
│ │ │Ички иштер министрлигинин ички аскерлерине зарыл │
│ │ │көлөмдөгү каржылоо каралсын: │
│ │ │- кызматтык күжүрмөн иштерди жана күндөлүк │
│ │ │социалдык көйгөйлөрдү, анын ичинде аскер │
│ │ │кызматчыларын кызматтык турак жай менен камсыз │
│ │ │кылуу көйгөйлөрүн чечүүнү камсыз кылууга; │
│ │ │- Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун │
│ │ │камсыз кылуу планы боюнча аскерлердин │
│ │ │жашоо-тиричиликтерин жана материалдык-техникалык │
│ │ │запастарды түзүүнү камсыз кылууга; │
│ │ │- жаңы объекттерди курууга жана Мамлекеттик │
│ │ │улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара │
│ │ │аскерлеринин иштеп жаткан чек ара бекеттеринин │
│ │ │инфратүзүмдөрүн жакшыртууга; │
│ │ │- Баткен облусунун чектеринде жайгашкан │
│ │ │кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара │
│ │ │участокторунун инженердик жабдууларына. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│2 │Адам укуктары, │2013-жылга республикалык бюджетти түзүүдө │
│ │конституциялык │каржылоонун артыкчылыктуу маселелери катары │
│ │мыйзамдар жана │төмөнкүлөрдү эске алуу: │
│ │мамлекеттик │- жетимдүү пайыздык коюмдар боюнча узак │
│ │түзүлүш боюнча │мөөнөттүү ипотекалык насыялоо принциби менен │
│ │комитет │мамлекеттик кызматчыларга арналган турак │
│ │ │үйлөрдү куруу; │
│ │ │- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды │
│ │ │окутуу; │
│ │ │- Бишкек шаарында (жабдуулары менен) сокур │
│ │ │балдар үчүн адистештирилген билим берүү │
│ │ │жатак-мектеби үчүн бассейни, мончосу жана кир │
│ │ │жуугучу менен спорттук-саламаттыкты чыңдоо │
│ │ │комплексин куруу; │
│ │ │- "шал оорулуу балдарга" дем соолугунун │
│ │ │мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн │
│ │ │эсептелген атайын ыңгайлуулуктары менен │
│ │ │долбоорлонгон көп батирлүү 9 кабат турак │
│ │ │үйдү куруу. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│3 │Эл аралык иштер │2013-2015-жылдарга республикалык бюджетке │
│ │боюнча комитет │төмөнкүлөрдү ачууга каржылоону кароо: │
│ │ │- Азербайжан Республикасында Кыргыз │
│ │ │Республикасынын элчилигин - 2014-жыл; │
│ │ │- Италия Республикасында, Хабаровск шаарында │
│ │ │(Россия Федерациясы) консулдуктарды - 2013-жыл; │
│ │ │- Оренбург шаарында (Россия Федерациясы), │
│ │ │Ходжент шаарында (Тажикстан Республикасы) │
│ │ │консулдук пункттарды - 2013-жыл; │
│ │ │- Страсбург шаарындагы кеңсеси менен Бельгия │
│ │ │Королдугунда Кыргыз Республикасынын элчилигинин │
│ │ │кеңешчисинин кызмат ордун түзүү - 2013-жыл. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│4 │Билим берүү, │Төмөнкүлөрдү каржылоону кароо: │
│ │илим, маданият │- окуу китептерин нускалоого жыл сайын │
│ │жана спорт │50 млн. сомдон кем эмес; │
│ │боюнча комитет │- республиканын мектептерин компьютерлештирүүгө │
│ │ │(12,5 жекече компьютерлерди, 1902 принтерлерди │
│ │ │жана 1546 көчүрмөлөөчү аппараттарды сатып │
│ │ │алууга) - 278,8 млн. сом; │
│ │ │- мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга │
│ │ │- 100 млн. сом; │
│ │ │- жалпы билим берүүчү уюмдарды каржылык │
│ │ │административдик өз алдынчалык принцибине │
│ │ │(жан башына каржылоо) өткөрүүнү улантууга; │
│ │ │- Жайыл, Кара-Буура, Ак-Талаа, Кочкор, Ала-Бука │
│ │ │райондук архивдерин, Талас шаардык архивин, │
│ │ │Талас, Баткен, Чүй облустук архивдерин │
│ │ │капиталдык оңдоо жүргүзүүгө, архивдик агенттикке │
│ │ │документтерди, китеп көчүрмөлөрүн санариптөө │
│ │ │боюнча жабдууну сатып алууга; │
│ │ │- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер │
│ │ │академиясынын улуттук, мамлекеттик жана │
│ │ │тармактык илимий-техникалык программаларын │
│ │ │жүзөгө ашырууга, республиканын │
│ │ │социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктуу │
│ │ │багыттарына (жыл сайын 35 млн. сомдон), │
│ │ │технопаркты өнүктүрүүгө (жыл сайын 64 млн. │
│ │ │сомдон, илимий жабдууларды, алеттерди, │
│ │ │техникалык жана программалык каражаттарды сатып │
│ │ │алууга (жыл сайын 70 млн. сомдон); │
│ │ │- окуу адабияттарын жана окуу көрсөтмө │
│ │ │куралдарын басып чыгарууга, кесиптик техникалык │
│ │ │билим берүү жайлары үчүн жаңы техникаларды жана │
│ │ │жабдууларды сатып алууга; │
│ │ │- "Кыргыз энциклопедиясын" басып чыгарууга - │
│ │ │5 млн. сом. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│5 │Жогорку Кеңештин│"Кызматтык турак үй жөнүндө" │
│ │Регламенти жана │Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде │
│ │депутаттык этика│Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин │
│ │боюнча комитет │кызматтык турак үйүнүн "Б" жана "В" │
│ │ │корпустарынын курулушун бүткөрүүнү каржылоону │
│ │ │кароо. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│6 │Экономикалык │2013-жылдын республикалык бюджетинде │
│ │жана фискалдык │төмөнкүлөрдү кароо: │
│ │саясат боюнча │- 2010-жылы республиканын түштүгүндөгү июнь │
│ │комитет │окуяларынын натыйжасында жабыр тарткандарга │
│ │ │келтирилген зыяндын ордун толтурууга, │
│ │ │1991-1995-жылдары табигый кырсыктардан жабыр │
│ │ │тарткандарга республикалык бюджеттин │
│ │ │каражаттарынан берилген насыяларды кечүүгө жана │
│ │ │чек ара аймагындагы калктуу конуштарды чыңдоо │
│ │ │максатында жолдорду курууга каражаттарды; │
│ │ │- өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жана "Туризм │
│ │ │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун │
│ │ │иштеп чыгууну, 2020-жылга ченин туристтик │
│ │ │тармакты өнүктүрүү концепциясын жана │
│ │ │2012-2014-жылдары туристтик тармакты │
│ │ │өнүктүрүүнүн орто мөөнөттү программаларын │
│ │ │аяктоого "Туризм" статьясы боюнча 32 млн. сом; │
│ │ │- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке │
│ │ │жоопкерчиликтерин жогорулатуу максаттарында │
│ │ │2013-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам │
│ │ │долбоорунун тиешелүү беренесин сот органдарынын │
│ │ │чечимдери боюнча жеке адамдардын аткаруу │
│ │ │барактары боюнча төлөмдөр бөлүгүндө алардын │
│ │ │материалдык жоопкерчилигин караган норма менен │
│ │ │толуктоо сунуш кылынууда (азыр алар тиешелүү │
│ │ │министрликтердин жана ведомстволордун │
│ │ │каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат); │
│ │ │- жер казыналарын пайдалангандыгы үчүн │
│ │ │салыктарды тиешелүү жергиликтүү бюджетке │
│ │ │бөлүштүрүү жөнүндө маселени кароо. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│7 │КСДП депутаттык │Төмөнкүлөрдү каржылоону кароо: │
│ │фракциясы │- Нарын шаарында тазалоочу курулмалардын │
│ │ │курулушуна; │
│ │ │- Нарын шаарынын тазалоочу курулмаларын │
│ │ │реконструкциялоого; │
│ │ │- Нарын шаарынын ооруканаларын оңдоого; │
│ │ │- Нарын шаарынын № 9, 10 мектептеринин жаңы │
│ │ │корпустарынын курулушуна; │
│ │ │- Нарын шаарында мамлекеттик материалдык │
│ │ │резервдер фондунун буудайларды кабыл алуу │
│ │ │пунктунун ачылышына; │
│ │ │- Нарын облусуна айыл чарба техникаларды │
│ │ │бөлүүгө; │
│ │ │- төмөнкү автожолдорду капиталдык оңдоого; │
│ │ │- Нарын - Ак-Муз; │
│ │ │- Баетов - Ак-Талаа; │
│ │ │- Нарын - Орук-Там; │
│ │ │- Он-Арча - Ак-Кудук; │
│ │ │- Жаңы-Талап - Ашырма; │
│ │ │- Сары-Булак - Арчалуу; │
│ │ │- Ат-Башы - Кайыңды - Торугарт; │
│ │ │- Ат-Башы - Өзгөрүш; │
│ │ │- Кочкор - Ак-Жар - Коммунизм, │
│ │ │- Нарын районундагы насостук станцияларды │
│ │ │реконструкциялоого; │
│ │ │- Эки-Нарын айылындагы Чырпыкты каналын, Куланак │
│ │ │айылындагы магистралдык каналды, Кара-Чий │
│ │ │айылындагы мектептин корпусун оңдоого; │
│ │ │- төмөнкү курулуштарга: │
│ │ │- Ийри-Суу, Орто-Нура, 8-март, Жалгыз-Терек, │
│ │ │Кара-Чий, Жер-Көчкү, Алыш айылдарындагы клубдар; │
│ │ │- Жан-Булак, Жылан-Арык, Орто-Саз айылдарындагы │
│ │ │бала-бакчалар; │
│ │ │- Таш-Башат, Оттук айылдарындагы мектептердин │
│ │ │спорттук залдары; │
│ │ │- Ак-Талаа айылындагы насостук станция; │
│ │ │- Нарын районунун Алыш, Миң-Булак, Төш-Булак │
│ │ │айылдарындагы жаңы мектептер. │
├──┼────────────────┼─────────────────────────────────────────────────┤
│8 │Мыйзамдуулук, │Комитеттин сунуштары тиркелет │
│ │укук тартиби, │ │
│ │кылмыштуулук │ │
│ │менен күрөшү │ │
│ │боюнча комитет │ │
└──┴────────────────┴─────────────────────────────────────────────────┘