Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры № 2300-V
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (ɵкүлчүлүктɵрдү) мамлекеттик каттоо жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтү тарабынан демилге кɵтɵрүлгɵн (2012-жылдын 16-февралындагы № 102 токтом) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (ɵкүлчүлүктɵрдү) мамлекеттик каттоо жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбооруна карата ɵз сунуштарын жана түзɵтүүлɵрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндɵ жиберсин.
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбоорун келип түшкɵн жазуу жүзүндɵгү сунуштарды жана түзɵтүүлɵрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|