Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы №102
«Юридикалые жактарды, филиалдарды (ɵкүлчүлүктɵрдү) мамлекеттик каттоо жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Юридикалык жактарды, филиалдарды (ɵкүлчүлүктɵрдү) мамлекеттик каттоо жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2.Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна жиберилсин.
3.Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болун дайындалсын.
Премьер-министр |
Ɵ. Бабанов |
Долбоор
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчулүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына езгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киpгизүү тууралуу
1-берене
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 2009-ж., № 2, 130-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.6-беренеде:
1) 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү, 9-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы «каттоочу орган» деген сɵздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын;
8-бөлүктөгү «филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн)» деген сөздөрдөн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын.
2.7-берененин 4-бөлүгүндө:
1) биринчи абзацындагы «ыйгарым укуктуу жактын» деген сөздөр«жетекчинин» деген сөз менен алмаштырылсын;
2) экинчи абзацтагы «каттоочу орган» деген сэздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 8-берененин 2-бөлүгүндө «чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын» деген сөздөрдөн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын.
4. 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «органдарды» деген сез «мекемелерди» деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 10-беренеде:
1) 10-бөлүгүндөгү «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 13-белүгүндөгү:
биринчи абзацы «чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын» деген сөздөрдөн кийин «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи жана экинчи абзацтарындагы «каттоочу орган» деген сөздɵр «Өкмөт» деген сɵз менен алмаштырылсын;
3) тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 16-бɵлүк менен толукталсын:
«16. .Мамлекеттик кайра каттоо же ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген
юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча беришет.»
6 11-беренеде:
1) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 3- бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3) 4- бөлүгүндө:
-экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сез менен алмаштырылсын;
-алтынчы абзацындагы «фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы жана дарегин көрсөтүлгөн» деген сɵздɵр алып салынсын;
4) 4-1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын;
5) 5-бөлүгү төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);»
7. 12-беренеде:
1) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сез менен алмаштырылсын
2) 6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «аткаруучу органынын» деген сөздөр алып салынсын;
3) 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);».
8. 13-беренеде:
1) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмɵт» деген сɵз менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жɵнүндɵ жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын жарактуулук мɵөнөтү аталган документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.».
9. 14-беренеде:
1) «салык opгандарына жана (же)» деген сөздөр «салык органына жана (же)» деген сөздɵр менен алмаштырылсын;
2) тɵмɵнкүдɵй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнɵ кирген чечими каттоо органы тарабынан иш-аракетин токтотууну каттоо жɵнүндɵ буйрук чыгаруу үчүн негиз болот.».
10. 15-беренеде:
1)1-бɵлүгүнүн экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сɵз менен алмаштырылсын;
2) 3-бɵлүгүнүн биринчи абзацы «филиалдын (өкүлчүлүктүн» деген сөздөрдөн мурда «,финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-бɵлүгүнүн үчүнчү абзацы «уюштуруу документтеринин» деген сɵздɵрдɵн мурда «,финансы кредиттик мекемелердин» деген сɵздɵр менен толукталсын;
4) 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы «филиалдары (өкүлчүлүктɵрү)» деген сөздөрдөн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);»;
6) 6-бөлүгүндөгү «филиалдарынын (ɵкүлчүлүктөрүнүн)» деген сөздөрдɵн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын.
11.16-беренеде:
1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы «филиалдары (өкүлчүлүктөрү)» деген сездөрдөн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
2)3-бөлүгүндө:
экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын;
-жетинчи абзацы «филиалдары (өкүлчүлүктөрү)» деген сөздөрдɵн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
3)5-бөлүгү төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын финансы-кредиттик мекемелери, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);»;
7-бөлүгү «филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн)» деген сөздөрдөн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын.
12. 17-беренеде:
1-бөлүгүндө:
-экинчи абзацындагы «каттоочу орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын;
-алтынчы абзацы филиалдарынын (өкүлчүлуктөрүнүн)» деген сөздөрдөн мурда «, финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүгү төмɵнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- каттоо жыйымын төлөгөндүгү жɵнүндөгү квитанцияны;";
экинчи бɵлүгү төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын жарактуулук мөөнөтү аталган документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.».
13. 20-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик реестрден маалыматтар мамлекеттик мекемелерге акысыз берилет.».
14. 24-берененин экинчи бɵлүгү тɵмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2. 1997-жылдьн 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) 2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтотулушун каттоодон ɵтүүгө милдеттүү.
2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтотулушу каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар, филиалдар (ɵкүлчүлүктɵр) Социалдык фонддун жана же салык органынын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюулууга жатат.».
2-берене
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти