Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №2308-V
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнɵ даярдык кɵрүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан демилге кɵтɵрүлгɵн (2012-жылдын 29-майындагы № 340 токтом) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнɵ даярдык кɵрүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбооруна карата ɵз сунуштарын жана түзɵтүүлɵрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндɵ 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети жогоруда кɵрсɵтүлгɵн Мыйзамдын долбоорун келип түшкɵн жазуу жүзундегу сунуштарды жана тузетуулерду эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо учун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|