Редакцияот 01.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 1-ноябры № 2437-V

"2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин күчтөрүнүн аба кемесин басып алуу (айдап качуу)  жөнүндө маалымат алганда абага каршы коргонуу боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракеттерин уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 3-августундагы № 539 токтому) "2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин күчтөрүнүн аба кемесин басып алуу (айдап качуу) жөнүндө маалымат алганда абага каршы коргонуу боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракеттерин уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков