Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-ноябры № 2487-V
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 21-июнундагы № 432 токтому) "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.Б.Мамытов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|