Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 2496-V
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилүү иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен региондор, министрликтер жана ведомстволор, отун-энергетика комплексинин ишканалары үчүн иш-чаралардын планы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы маалыматы боюнча көмүр менен жалпы камсыз болуу республика боюнча 1138,4 миң тоннаны түзүп, мунун өзү күзгү-кышкы мезгилге муктаждыктын 55,3 пайызын түзөт.
Республикада калкка көмүр сатуу боюнча 408 отун базасы түзүлүп, мунун өзү калк үчүн 629,29 миң тонна же учурдагы планга карата 188,14 пайыз көмүр даярдоого мүмкүнчүлүк берген.
Энергетика компаниялары жогоруда көрсөтүлгөн иш планын аткаруу боюнча белгилүү иштерди жүргүзүп жатат.
Токтогул суу сактагычындагы "Электр станциялары" ААКсы тарабынан 2012-2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен чыгуу үчүн суунун жетиштүү көлөмү топтолуп, ал 2012-жылдын 25-октябрына 17,358 млрд. куб.метрди түзгөн.
2012-жылдын 17-сентябрынан тартып Токтогул суу сактагычында сууну алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге сактап калуунун зарылдыгына байланыштуу электр энергиясын экспорттоо расмий токтотулган.
Ош шаарынын ЖЭБине отун мазуту кышкы муктаждык 20 миң тонна болгон менен 2012-жылдын 20-октябрына 18,5 миң тонна даярдалган.
"Кыргызстан УЭТсы" ААКсы тарабынан 906,9 км жогорку вольттуу электр берүү линиялары, кубаттуулугу 158 MBA 8 трансформатор ремонттолгон.
Бишкек жана Ош шаарларында 110 кВ трансформатордук кичи станцияларында 11 күч трансформаторлору алмаштырылган.
Бөлүштүрүүчү электр компаниялары (мындан ары - БЭК) тарабынан күзгү-кышкы мезгилге даярдыктын алкагында Бишкек шаарында 2012-жылдын 16-октябрына 30 трансформатордук кичи станциялар орнотулуп, 22,3 км 6-10 кВ кабелдик линиялар тартылып, 1,8 км кабелдик линиялар абага которулган.
Ош шаарында узундугу 4 км 6-10 кВ жана узундугу 1,8 км 0,4 кВ кабелдик линиялар алмаштырылган.
Республиканы газ менен туруктуу жабдуу максатында "Кыргызгаз" ААКсы тарабынан бүгүнкү күнгө өтүп жаткан жылдын аягына чейин 224 АКШ доллары баада 100 млн. куб.метр көлөмдөгү газ жөнөтүүлөргө "КазТрансГаз" АКсы менен келишим түзүлгөн.
Андан тышкары, "Узтрансгаз" АКсы менен келишимге ылайык 100 млн. куб.метр (калдыгы 57,4 млн. куб.метр) көлөмүндө газ келүүдө, ал республиканын муктаждыгын жабуу үчүн жетиштүү болот.
"Бишкекжылуулуктармагы" АКсы тарабынан бардык 15 суу сордуруу станциялары ремонттолуп, 216 даана жылуулук жайлары реконструкцияланып, Исанов, Чокморов, Бөкөнбаев, Бейшеналиева көчөлөрүндөгү жана Жаш Гвардия бульварындагы жылуулук тармактарын куруу жүзөгө ашырылууда.
"Бишкекжылуулукэнерго" МИси жана "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси тарабынан 2012-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча өз балансында турган бардык технологиялык жабдууларды ремонттоо аяктаган.
Ошону менен бирге бул маселе боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишинде кемчиликтер жана жетишсиздиктер орун алган.
Айрым ведомстволор жана алыскы региондор боюнча энергия алып жүрүүчүлөрдү даярдоодо артта калууларга жол берилген.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери тарабынан даярдоонун учурдагы планынын 33,6 пайызы гана даярдалып, Лейлек чек ара отряды тарабынан каржылоонун жоктугунун айынан бүгүнкү күндө көмүр даярдоо таптакыр баштала элек.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүкчөлөрүндө, Оштогу "Теплоснабжение" МИсинде жана "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсинде көмүр даярдоо менен болгон абал ошондой эле.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Нарын шаарынын жылуулук менен жабдуучу ишканаларына отун сатып алуу үчүн 14 млн. сом алигече которула элек.
Көмүргө дүң баалар туруктуу өсүүдө жана республиканын түштүгүндө бир тонна үчүн 12-14 миң сомго жетти. Көмүр сатуу боюнча жайлардын жоктугу жана монополияга каршы маселелер боюнча мамлекеттик орган тарабынан контролдун жоктугу мунун негизги себептеринен болуп саналат.
Электр менен жабдуу маселелеринде республиканын түндүк бөлүгүнө электр энергиясынын 40 пайызы Кыргыз энергия тутуму менен катар Борбордук Азиянын бириккен энергия тутумуна (БА БЭТ) кирген коңшу өлкөлөрдүн тармактары жана Казакстандын БЭТи аркылуу келет. Бирок акыркы жылдарда коңшу өлкөлөр тарабынан кышкы мезгилде Кыргызстандын түндүк региондору үчүн өтө терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон ВЛ 500 кВ казакстандык тутумдун пландан тышкары токтун ашып кетүүсүнүн жана күч келүүнүн айынан өзүнчө иштөөгө көп жолу демилге көтөрүлгөн.
Муну менен катар электр менен жабдуу маселелеринде ички проблемалар менен жетишпегендиктер да бир кыйла.
"Электр станциялары" ААКсы тарабынан 2012-жылдын 1-октябрына жабдууларды ремонттоого 432,7 млн.сом өздөштүрүлгөн, мунун өзү учурдагы пландын 48,0 пайызын гана түзөт.
Кышкы айларда Бишкек шаарынын ЖЭБинде 14 от казан агрегаты жана 9 түтүк агрегаты иштөөгө тийиш, бүгүнкү күнгө карата иштөөгө 10 от казан агрегаты жана 7 түтүк агрегаты даяр.
2012-жылдын 20-октябрына карата абал боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан 408,91 миң тонна көмүр даярдалып, мунун өзү күзгү-кышкы мезгилдин муктаждыгынын 43,8 пайызын түзөт.
Мында Бишкек шаарынын ЖЭБине жергиликтүү көмүрдү жөнөтүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча биротоло чаралар көрүлбөй, ал бүгүнкү күнгө жалпы муктаждыктын болгону 23,6 пайызын түзөт.
Бишкек, Ош шаарларынын жаңы конуштарында электр менен жабдуунун ишенимдүү тутуму жок, трансформатордук кичи станциялар жетишпейт, электр берүү линиялары бардык жерде эле тартылган эмес.
Мектептерди электр менен жабдуунун үч фазалык тутумуна кошуу маселеси чечилбей келе жатат, бир катар мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде БЭКтин балансына өткөрүлүп берилбеген жана ушул себеп боюнча алар тарабынан тейленбеген трансформатордук кичи станциялар бар.
Көпчүлүк дарылоо мекемелеринде электр энергиясынын өчүп калган учурларына резервдик генератордук түзүлүштөр жок.
Энергетиктер тарабынан иш-чаралардын бүтүндөй бир катарынын аткарылбай жаткандыгы акча каражаттарынын жетишпегендиги жана ошол эле убакта алар тарабынан энергетика ишканаларынын каржылык абалын жакшыртуу боюнча биротоло чаралар көрүлбөй жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.
Бөлүштүрүүчү компанияларда электр энергиясын жалпы жоготуулар төмөндөбөгөн бойдон калууда, алар планда 17,5 пайыз жана орточо дүйнөлүк 7 пайыздан ашпаган болгонуна карабастан, 2012-жылдын 9 айынын ичинде 19,1 пайызды түзгөн.
Керектөөчүлөрдүн бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы дебитордук карызы жогору бойдон калууда, ал 2012-жылдын 1-октябрына оперативдүү маалыматтар боюнча 1,221 млрд.сомду түзөт.
Керектелген электр энергиясы үчүн төлөөлөр бюджеттик уюмдар тарабынан өз убагында жүзөгө ашырылбайт. 2012-жылдын 1-октябрына дебитордук карыз 297,7 млн.сомду, анын ичинде:
республикалык бюджет боюнча 83,3 млн.сомду;
жергиликтүү бюджет боюнча 68,6 млн.сомду;
"Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси боюнча 145,8 млн.сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен абонент-жеңилдик алуучуларга компенсациялык каражаттардын өз убагында төлөнүп берилбегендиги электр энергиясы үчүн дебитордук карыздын өсүшүнүн себептеринин бири болуп саналат. 2012-жылдын 9 айынын ичинде төлөнүп берилбеген сумма 79,2 млн.сомду түзгөн.
Жер-жерлерден келип жаткан сигналдарга ылайык дебитордук карыздын бир бөлүгү кийин аларды эсептен чыгаруу жана акчаларды ыйгарып алуу үчүн энергетиктер тарабынан жасалма түзүлүүдө.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен "Ореми" ААКсы тарабынан чыгарылган трансформаторлордун ордуна казакстандык өндүрүүдөгү сапатсыз, комплекттелбеген трансформаторлор сатып алынууда.
"Кыргызгаз" ААКсынын каржылык абалы олуттуу кооптонууну пайда кылат. Бюджеттик уюмдардын дебитордук карызы 139,2 млн.сомду, анын ичинде "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси боюнча 61,6 млн.сомду, "Бишкекжылуулукэнерго" КИси боюнча 53,1 млн.сомду, "Токмок-Жылуулук" МИси боюнча 17,7 млн.сомду жана Бишкек шаарынын ЭЧЖКсынын отканасы боюнча 8,6 млн.сомду түзөт.
Каражаттардын жоктугунун айынан "Кыргызгаз" ААКсы тарабынан 2012-жылдын 1-ноябрына пландаштырылган 2000 жазы метрдин ордуна 1061 жазы метр ишенимсиз газ түтүктөрү алмаштырылган. Ушул эле себеп боюнча жаңы газ магистралдарын куруунун эсебинен калкты жаратылыш газы менен жабдуу тутумун өнүктүрүү маселелери чечилбей келүүдө.
Республикада мунай казып алууну өнүктүрүү үчүн Лейлек регионунун мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толук мерчемде пайдаланылбай жатат.
Жалал-Абад шаарында 200 көп кабаттуу үй узак убакыттан бери жылуулук борборуна туташтырыла элек. Бул максатка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген каражаттарды шаардын мэриясы арналышы боюнча пайдаланган эмес.
Жолдордун, анын ичинде стратегиялык жолдордун абалы өтө канааттандырарлык эмес, жол-курулуш техникасы кышка даярдалбаган, ашууларда туз жана башка чачуучу материалдар зарыл санда жок. Бир катар райондордо, анын ичинде Өзгөн, Ноокен райондорунда көпүрөлөрдүн курулушу аягына чыгарылган эмес.
Базарларда жана башка адамдар көп чогулган жерлерде өрт өчүрүү машиналары жана медициналык тез жардам машиналары үчүн өтүүчү жол жок, мунун өзү кышкы мезгилде өтө маанилүү болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине жетиштүү көңүл бурулбайт. Күзгү айларда унга баалар кескин өсүп кеткен, мал үчүн тоют даярдоонун канааттандырарлык эместигинин айынан чөптүн бир түгүнүн баасы 200 сомго жетти.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отун-энергетика комплексинин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоодогу кемчиликтерди четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл чараларды көрсүн, бул үчүн:
1) көмүр менен жабдуу боюнча:
республикалык бюджетте отун даярдоо үчүн жылуулук энергиясына кеткен чыгымдарды компенсациялоого жеңилдиктер берилген абоненттерге жана "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсине компенсацияларды төлөп берүү үчүн каражаттарды издеп тапсын;
катуу отун менен камтылбаган региондордо аны калкка сатуу боюнча кошумча базаларды түзүү жолу менен республиканын түштүгүндө көмүргө болгон сатуу бааларын төмөндөтүү жана монополияга каршы контролду күчөтүү боюнча чараларды көрсүн;
республиканын калтырбастан бардык региондоруна жана ведомстволоруна отун жеткирүүнү толук көлөмдө камсыз кылсын. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдыкты аяктоо үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын 2012-жылдын аягына чейин бөлүп берсин;
2016-жылы жергиликтүү көмүр менен толук камсыз кылууга өтүү максатында Бишкек шаарынын ЖЭБине ата мекендик көмүр чыккан жерлерден көмүр жөнөтүү боюнча иштерди максатка багыттап жүргүзсүн;
2) электр менен жабдуу боюнча:
Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумунун (БА БЭТ) жана Казакстан БЭТинин курамында республиканын энергетикалык тутумунун жарыш иштөөсү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантсын;
энергетикалык жабдууларды жана аларга запастык бөлүктөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууда ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылык берүү менен республиканын энергетикалык компанияларында жабдуулардын ремонту боюнча тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылсын;
электр энергиясынын жалпы жоготууларын пландагыга чейин төмөндөтүүгө жетишсин; бюджеттик уюмдар тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн карыздардын толук көлөмдө төлөнүшүн камсыз кылсын;
Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарын электр менен жабдууга байланышкан кырдаалдарды жакшыртуу боюнча иш жүзүндөгү чараларды жүзөгө ашырсын;
мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин трансформатордук кичи станцияларын БЭКтин балансына өткөрүп берүү, дарылоо мекемелерин резервдик генератордук түзүлүштөр менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
3) мунай, газ жана жылуулук менен жабдуу боюнча:
газ жабдууларынын ремонттоо боюнча графиктин аткарылышын, керектелген жаратылыш газы жана жылуулук энергиясы үчүн бюджеттик карыздардын бюджеттик уюмдар тарабынан толук көлөмдө төлөнүшүн камсыз кылсын;
жаңы газ магистралдарын куруунун эсебинен калкты жаратылыш газы менен жабдуу тутумун өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды карасын жана көрсүн;
Жалал-Абад шаарынын көп кабаттуу үйлөрүн жылуулук борборуна туташтыруу маселесин чечсин;
Нарын шаарынын жылуулук менен жабдуу ишканаларына отун сатып алуу үчүн 14 млн.сом өлчөмүндө акча каражаттарын которсун;
Баткен областынын Бүргөндү массивинин мунай, газ чыгуучу жерлеринин жаратылыш ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында карасын;
4) азык-түлүк программасы боюнча:
унду жана башка биринчи зарылчылыктагы азык-түлүк товарларын жөнөтүүлөрдү жана аларга бааларды катуу контролго алсын;
2012-2013-жылдардын кыш мезгилинде малдын массалык өлүм-житимине жол бербөө максатында мал чарбачылыгын тоют менен жетиштүү санда камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
5) автомобиль жолдору боюнча:
аларды аяктоо максатында мурда башталган жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулушу менен ремонтун каржылоо маселесин чечсин;
Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош-Эркештам стратегиялык жолдорунун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын;
кыш мезгилинде натыйжалуу иштөө үчүн шарттарды түзүү максатында, ошондой эле жаратылыштык жана техногендик кырсыктардын учурларына экономиканын тиешелүү тармактарын зарыл техника менен камсыз кылуу маселесин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин жана тармактык министрлердин төмөнкүлөр боюнча ишендирүүлөрү эске алынсын:
күзгү-кышкы мезгилде электр энергиясын кезек менен кыдырата өчүрүүлөргө жол бербөө жөнүндө;
көмүргө, биринчи зарылчылыктагы азык-түлүк товарларына, мал чарбачылыгы үчүн тоюттарга бааларды кармап туруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуу түпкү максаты менен гидроэнергетиканы, көмүр өнөр жайын жана энергиянын салтка айланбаган булактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Энергетиканы өнүктүрүү программасын иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы төмөнкү фактыларды карасын жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрсүн:
региондорго сапатсыз жана комплекттелбеген трансформатордук кичи станцияларды сатып алуунун жана жөнөтүүнүн;
кийин аларды эсептен чыгаруу жана ыйгарып алуу менен бөлүштүрүүчү энергетика компаниялары тарабынан дебитордук карыздарды жасалма түзүүнүн;
көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук борборуна туташтырууга бөлүнүп берилген каражаттардын Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан максатсыз пайдаланылышынын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш жөнүндө арадагы маалыматты 2013-жылдын 15-январына карата берсин;
2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинин жыйынтыктары боюнча ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2013-жылдын 15-апрелине карата билдирсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Ж.Рыспаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |