Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-апрели № 257
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын
жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы
мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 токтомунун
редакциясына ылайык)
Экономиканын тармактарын жана калкты электр энергия жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, ошондой эле республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитетин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден өтүүгө өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План), ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, "Көмүр" жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканалары: жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасына, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна жана Оштун "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына макулдашуу боюнча:
- Пландын, ошондой эле ушул токтомдун 4-13-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылышсын;
- 2012-жылдын 15-июнуна чейин бюджеттик уюмдар үчүн отун берүүчүнү аныктоо боюнча тендерлерди өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- жылуулук энергиясын иштеп чыгуу үчүн электр энергияны жана жаратылыш газын пайдалануучу жылуулук менен жабдуу булактарын отундун альтернативдүү түрүнө этап менен которуу программасын каржылоонун керектүү көлөмүн жана булактарын көрсөтүү менен бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине беришсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын катышуусу менен 2012-жылдын 10-сентябрына чейин жылуулук берүүчү отканалардын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын алдыдагы жылытуу же мезгилдеги ишке даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн;
- ай сайын айдын 1-күнүнө карата бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине отчеттук айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кечиктирбей берип турушсун.
4. Министрликтердин жана ведомстволордун гендерлик комиссиялары, кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргыэтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы: бюджеттик уюмдар жана Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн жергиликтүү көмүр берүүгө тендер өткөрүүдө "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасына, Оштун "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына макулдашуу боюнча 2011/2012-жылдын өтүп кеткен жылытуу мезгили үчүн бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөнө элек дебитордук карызы бар Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларын карыздары болгонуна карабастан 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү мезгилиндеги убактылуу чара катары тендерлерге катышууга уруксат беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги монополист ишканалардын тизмесине киргизилген көмүр казуучу ишканалардын көмүрүнө бааларды республиканын ички рыногуна жана калкына көмүр берүү үчүн ушул ишканалар берген эсептөөлөргө ылайык 2012-жылдын 1-августуна чейин карасын жана бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги операциялык блоктору бар имараттарды электр менен камсыздоодо үзгүлтүктөргө жол бербөө үчүн дизель (бензин) генераторлор же аккумулятордук батареялар түрүндөгү автономдуу электр булактары менен комплектилөөнү камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- керектелген электр, жылуулук энергиясы, табигый газ, көмүр жана отундук мазут үчүн карызды жоюу максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө каржыласын;
- бюджеттик уюмдарга жылуулук жана электр энергияны, табигый газды керектөөнүн белгиленген лимитинин чегинде каражаттарды бөлсүн;
- бюджеттик уюмдар көмүр жана мазут отун алуу үчүн түзүлгөн жана талаптагыдай таризделген келишимдерди тапшырышкандан кийин алар берилген күндөн баштап 30 күндөн кеч эмес мөөнөттө 20 проценттик алдын ала төлөмдү өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин аткаруучу кеңешинин 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 94 токтомуна ылайык калк үчүн жылуулук энергиясын берүү тарифи 2010-жылдын 1-апрелинен баштап өзгөргөнүнө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына бөлүп берүү үчүн 500 (беш жүз) миллион сом суммасындагы каражатты караштырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскери чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын) аймагы боюнча өткөн республиканын электр өткөрүү линияларын жана газ өткөрүүчү магистралдык объекттерин пландуу жана авариялык оңдоо зарыл болгон учурда оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Токтогул районунун жана Жазыкечүү айылынын атайын фонду күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү мезгилинде "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы", "Кыргызнефтегаз", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" жана "Көмүр" мамлекеттик ишканаларынын жана отун даярдоого тартылган ишканалардын, анын ичинде көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептеринин жабылышына жол беришпесин.
10. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга төмөнкүлөр сунушталсын:
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын электр, жылуулук энергия, табигый газ, көмүр жана отундук мазут үчүн энергетика ишканаларына карыздарын тындыруу;
- бюджеттик уюмдарды керектелген электр, жылуулук энергия, табигый газ, көмүр жана отундук мазут үчүн ай сайын толук көлөмдө каржылоо;
- калк үчүн көмүргө чекене бааны төмөндөтүү максатында мурда түзүлгөн менчик отун базаларга кошумча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен көмүрдү сатуу боюнча альтернативдүү отун базаларын жана пункттарын түзүү.
11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- Пландын жана ушул токтомдун 4-24-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын координацияласын жана мониторингдесин;
- "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош злектр", "Жалал-Абад электр" жана "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору, "Кыргыз Петролеум Компани" биргелешкен ишканасы, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы, Оштун "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Көмүр" жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканалары 13-22-тиркемеге ылайык тапшырмаларды аткарышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдору менен бирдикте Бишкек жана Ош шаарларын иштелип чыккан жана бекитилген жылдык жана үч жылдык программаларга ылайык электр менен ишенимдүү жабдууну камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасы:
- отун базалары жана республиканын калкына көмүр сатуу пункттары үчүн жергиликтүү көмүрдү берүү графиктери өз учурунда жана толук көлөмдө аткарылышын камсыздасын;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана бюджеттик уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр казуучу ишканалар менен бирдикте ишенимдүү сапаттагы көмүрдү өз убагында берүүнү камсыз кылсын.
13. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жапа өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- кыргыз көмүр кендеринен жеткирилген көмүр үчүн акы төлөөнү жеткирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбей төлөө;
- 2011/2012-жылдар мезгилинде берилген көмүр үчүн Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларына карызды тындыруу боюнча 2012-жылдын 1-сентябрына чейин чара көрүү;
- 4-13-тиркемелерге ылайык отунду өз учурунда даярдоону камсыздоо.
14. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна, лицензиат-чарбакер субъекттерге төмөнкүлөр сунушталсын:
- саламаттык сактоо, билим берүү объекттеринен жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин чек ара заставаларынан башка, дебитордук карызы бар керектөөчүлөрдү, ошондой эле электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимитинен ашыкча чыгымдоого жол берген бюджеттик уюмдарды өчүрүү;
- электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген чоңдуктан ашып кетишине жол бербөө.
15. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна ушул токтомдо аныкталган тапшырмалардын жана түзүлгөн контракттардын негизинде электр энергиясын жана кубаттуулугун пайдалануунун сааттык суткалык графиктерин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна берүүнү камсыздашсын.
16. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) жаны турак жай массивдеринде электр тармактарын жана жабдууларын курууну каржылоо маселесин иштеп чыгышсын жана чечишсин.
17. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттен каржылануучу электр жана жылуулук энергияларын керектөөчүлөрдүн отурумдук төлөөлөрүнүн эсебинен 2013-жылдын апрелине чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсептерине Бишкек шаарынын ТЭЦин 2,5 млн. (эки миллион беш жүз миң) сом өлчөмдө ремонттон калыбына келтирүү иштерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦине Кара-Кече жана Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүн 3,0 млн. (үч миллион) сом өлчөмдө ташып жеткирүүнү максаттуу каржылоо үчүн акчалай каражатты ай ашын которууну камсыздоо сунушталсын.
18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтому.
19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулуктармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;
Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
3-тиркеме
┌──┬──────────────────────────────┬───────────────┬───────────────────┐
│№ │ Иш-чаралардын аталышы │Аткаруу мөөнөтү│ Жооптуулар │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│1 │Облустарда, Бишкек жана Ош │2012-жылдын │Министрликтер, │
│ │шаарларында күз-кыш мезгилине │1-майына чейин │ведомстволор, │
│ │карата даярдык көрүү боюнча │ │облустардын │
│ │дайыма иштөөчү штабдарды түзүү│ │мамлекеттик │
│ │жана ай сайын алардын │ │администрациялары │
│ │жыйындарында жылытуу мезгилине│ │(мындан ары - │
│ │карата даярдыктын жүрүшүн │ │облмамадминистраци-│
│ │кароо, төмөнкүлөргө өзгөчө │ │ялар), макулдашуу │
│ │көңүл буруу: │ │боюнча: Бишкек жана│
│ │- калкты жылуулук менен камсыз│ │Ош шаарларынын │
│ │кылууга байланышкан жылуулук │ │мэриялары, │
│ │менен камсыз кылуучу │ │отун-энергетикалык │
│ │ишканалардын отказандарын, │ │комплекс ишканасы │
│ │ведомстволук жана өнөр жайлык │ │(мындан ары - ОЭК │
│ │отказандарын даярдоого; │ │ишканасы) │
│ │- социалдык объекттерди │ │ │
│ │жылытуу мезгилине даярдоонун │ │ │
│ │сапатына; │ │ │
│ │- турак жай фондун жылытуу │ │ │
│ │мезгилине даярдоонун сапатына;│ │ │
│ │- социалдык объекттерди, │ │ │
│ │калкты отун менен камсыз │ │ │
│ │кылууга жана жеңилдиктери бар │ │ │
│ │жарандарга каражаттарды өз │ │ │
│ │учурунда бөлүп берүүгө │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│2 │Нарын жана Сыр-Дарыя │2012-жылдын │Энергоөнөржаймин, │
│ │дарыяларынын бассейниндеги │июлуна чейин │АЧММнын Суу чарба │
│ │суу-энергетикалык ресурстарды │ │жана мелиорация │
│ │сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө│ │департаменти │
│ │өкмөттөр аралык макулдашууга │ │ │
│ │кол коюу максатында Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын, Казакстан │ │ │
│ │Республикасынын, Тажикстан │ │ │
│ │Республикасынын жана Өзбекстан│ │ │
│ │Республикасынын суу чарба жана│ │ │
│ │суу-энергетикалык │ │ │
│ │тармактарынын жетекчилери │ │ │
│ │менен эксперттеринин │ │ │
│ │кеңешмесин өткөрүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│3 │2000 млн. кВтс көлөмүндө │Ай сайын │"Электр │
│ │электр знергияны экспорттоону │ │станциялары" ААКы │
│ │камсыз кылуу шарттарында │ │(макулдашуу │
│ │Кыргызгидрометтин болжолунун │ │боюнча) │
│ │жана күтүлгөн электр керектөө │ │ │
│ │көлөмүнүн негизинде 2012-жыл │ │ │
│ │жана 2013-жылдын 1-кварталы │ │ │
│ │мезгилине Токтогул суу │ │ │
│ │сактагычын пайдалануу │ │ │
│ │режиминин суу-энергетикалык │ │ │
│ │эсеп төлөөлөрүн аткаруу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│4 │Облустарга, Бишкек жана Ош │Квартал сайын │Энергоөнөржаймин, │
│ │шаарларына карата │ │министрликтер жана │
│ │отун-энергетика балансынын │ │ведомстволор, │
│ │аткарылышынын мониторинги │ │облмамадминистра- │
│ │ │ │циялар, Бишкек жана│
│ │ │ │Ош шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча)│
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│5 │Облустарга жана бөлүштүрүүчү │Зарылдыгына │Энергоөнөржаймин │
│ │электр компанияларына карата │жараша │ │
│ │электр энергияны пландуу │ │ │
│ │керектөөгө оңдоолорду жүргүзүү│ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│6 │Бюджеттик уюмдардын электр │Дайыма │Министрликтер, │
│ │энергиясын алар үчүн │ │ведомстволор, │
│ │белгиленген лимиттен ашыкча │ │Финмин, ЭТКМИ │
│ │керектөөсүнө жол бербөө боюнча│ │ │
│ │туруктуу контролдоо жүргүзүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│7 │2012/2013-жылдын күзгү-кышкы │2012-жылдын │Энергоөнөржаймин, │
│ │мезгилине карата даярдыктын │1-июнуна чейин │ОЭК ишканасы │
│ │жүрүшүн контролдоо боюнча │ │(макулдашуу боюнча)│
│ │жумушчу топ түзүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│8 │"КУЭТ" ААКнын системалык │Дайыма │Энергоөнөржаймин, │
│ │операторуна бөлүштүрүүчү │ │макулдашуу боюнча: │
│ │электр компаниялардын жана ири│ │"Электр │
│ │өнөр жай ишканаларынын электр │ │станциялары", │
│ │энергиясын жана кубаттуулугун │ │"КУЭТ", "Түндүк │
│ │керектөөсүнүн суткалык │ │электр", "Чыгыш │
│ │графиктерин өз убагында │ │электр", │
│ │берүүлөрүн камсыз кылуу │ │"Ош электр", │
│ │ │ │"Жалал-Абад электр"│
│ │ │ │ААКылары │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│9 │Республиканын энергия │Дайыма │Энергоөнөржаймин, │
│ │системасынын Борбор Азиялык │ │ТИМ, "КУЭТ" ААКы │
│ │Бирдиктүү энергетикалык │ │(макулдашуу боюнча)│
│ │системанын курамында туруктуу │ │ │
│ │жарыш иштөөсүн жана борбор │ │ │
│ │азиялык мамлекеттердин энергия│ │ │
│ │системалары жана "Энергия" │ │ │
│ │координациялык-диспетчердик │ │ │
│ │борбору менен өз ара │ │ │
│ │аракеттенүүсүн камсыз кылуу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│10│Капиталдык оңдоо, энергия │Графикке │ОЭК ишканасы │
│ │менен жабдуунун ишенимдүү │жараша │(макулдашуу боюнча)│
│ │иштешин жакшыртуу жана │ │ │
│ │материалдык-техникалык │ │ │
│ │ресурстардын авариялык запасын│ │ │
│ │түзүү боюнча иш-чараларды │ │ │
│ │аткарууну камсыз кылуу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│11│Электр менен жабдууда │2012-жылдын │Саламаттыксакмин │
│ │үзгүлтүккө жол бербөө │1-сентябрына │ │
│ │максатында операциялык │чейин │ │
│ │блоктору бар имараттарды │ │ │
│ │дизелдик (бензиндик) │ │ │
│ │генераторлор же аккумулятордук│ │ │
│ │батареялар түрүндөгү электр │ │ │
│ │жабдуу менен булактары менен │ │ │
│ │комплектөөнү камсыз кылуу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│12│Электр отказандарына уруксат │2012-жылдын │Энергоөнөржаймин, │
│ │берилген кубаттуулукту, │1-сентябрына │ЭТКМИ, макулдашуу │
│ │алардын иштөө режимин жана │чейин │боюнча: │
│ │электр энергиясын керектөө │ │"Электр │
│ │лимитин көрсөтүү менен │ │станциялары", │
│ │2012/2013-жылдын күзгү-кышкы │ │"КУЭТ", "Түндүк │
│ │мезгилине иштөөгө уруксат │ │электр", "Чыгыш │
│ │берилген электр │ │электр", "Ош │
│ │отказандарынын, ошондой эле │ │электр", │
│ │тиричилик керектөөчүлөрдүн │ │"Жалал-Абад │
│ │электр отказандарынын │ │электр" ААКылары │
│ │тизмесин аныктоо жана бекитүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│13│Жылытуу жана ысык суу менен │2012-жылдын │Министрликтер, │
│ │жабдуу үчүн пайдаланылуучу │15-сентябрына │ведомстволор, │
│ │электр (отказандарын иштөө │чейин │жергиликтүү │
│ │графигин энергосистемага │ │мамлекеттик │
│ │максималдуу күч келген │ │администрациялар │
│ │сааттарда сөзсүз түрдө │ │(мындан ары - │
│ │өчүрүү менен иштеп чыгуу жана │ │жергиликтүү │
│ │аларды түзүмдүк бөлүмдөргө │ │мамадминистра- │
│ │жеткирүү, ошондой эле жылытуу │ │циялар), МУКК, │
│ │мезгилинде бөлүмдөрдүн │ │макулдашуу боюнча: │
│ │жетекчилеринин жеке │ │жергиликтүү өз │
│ │жоопкерчилигинде алардын │ │алдынча башкаруу │
│ │сакталышын контролдоону │ │органдары, │
│ │камсыз кылуу │ │бөлүштүрүүчү │
│ │ │ │компаниялар │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│14│Электр энергиясын керектөөнүн │Дайыма │ЭТКМИ, макулдашуу │
│ │белгиленген режими бузулганда │ │боюнча: │
│ │жана электр жылытуу жабдуусун │ │"Электр │
│ │өз алдынча кошуп алганда үч │ │станциялары", │
│ │фазалык кирмеси бар │ │"КУЭТ", "Түндүк │
│ │керектөөчүлөрдү өчүрүү жана │ │электр", "Чыгыш │
│ │техникалык шарттарды жоюуну │ │электр", "Ош │
│ │жүргүзүү │ │электр", │
│ │ │ │"Жалал-Абад электр"│
│ │ │ │ААКылары │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│15│Көмүр кендери иштетилген │Дайыма │Министрликтер, │
│ │региондордо жылуулук │ │ведомстволор, МУКК,│
│ │энергиясын иштеп чыгуу үчүн │ │"Кыргызтуракжай-ко-│
│ │электр энергиясын жана │ │ммунсоюз" МИ, │
│ │жаратылыш газын пайдалануучу │ │жергиликтүү │
│ │жылуулук менен жабдуу │ │мамадминистра- │
│ │булактарын этап-этабы менен │ │циялар, макулдашуу │
│ │катуу отунду пайдаланууга │ │боюнча: │
│ │которуу боюнча иштерди │ │Бишкек жана Ош │
│ │улантуу │ │шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары, │
│ │ │ │"Бишкекжылуулук- │
│ │ │ │энергия" КИ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│16│Өнөр жайлык, жылытуу жана │2012-жылдын │Министрликтер, │
│ │ведомстволук отказандарды │1-октябрына │ведомстволор, МУКК,│
│ │2012/2013-жылдын күз-кыш │чейнн │"Кыргызтуракжай- │
│ │мезгилинде иштетүүгө даярдоо │ │коммунсоюз" МИ, │
│ │ │ │жергиликтүү │
│ │ │ │мамадминистра- │
│ │ │ │циялар, макулдашуу │
│ │ │ │боюнча: │
│ │ │ │Бишкек жана │
│ │ │ │Ош шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары, │
│ │ │ │"Бишкекжылуулук- │
│ │ │ │энергия" КИ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│17│"Түндүк электр", "Ош электр", │Дайыма │Министрликтер, │
│ │"Чыгыш электр", "Жалал-Абад │ │ведомстволор, │
│ │электр" ААКыларына │ │макулдашуу боюнча: │
│ │министрликтер, мамлекеттик │ │Бишкек жана Ош │
│ │комитет, │ │шаарларынын │
│ │облмамадминистрациялар жана │ │мэриялары, "Түндүк │
│ │Бишкек жана Ош шаарларынын │ │электр", "Ош │
│ │мэриялары менен бирдикте │ │электр", "Чыгыш │
│ │4-13-тиркемелерде белгиленген │ │электр", │
│ │электр энергиясын жана │ │"Жалал-Абад электр"│
│ │кубаттуулугун бөлүнгөн │ │ААКылары │
│ │лимиттерди керектөө │ │ │
│ │көлөмдөрүнүн чегинде уюмдарга │ │ │
│ │электр энергиясын жана │ │ │
│ │кубаттуулугун бөлүштүрүүнү │ │ │
│ │камсыз кылууну сунуштоо │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│18│Бюджеттик уюмдар керектеген │Дайыма │Министрликтер, │
│ │электр, жылуулук энергиясы │ │ведомстволор, │
│ │жана жаратылыш газы үчүн акы │ │жергиликтүү │
│ │төлөөнү толук өлчөмдө жана │ │мамадминистрация- │
│ │артыкчылыктуу тартипте │ │лар, айыл өкмөтү │
│ │жүргүзүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│19│Дебитордук карыздары бар │Дайыма │ОЭК ишканасы │
│ │керектөөчүлөргө электр, │ │(макулдашуу боюнча)│
│ │жылуулук энергиясы жана │ │ │
│ │жаратылыш газын берүүгө жол │ │ │
│ │бербөө │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│20│Көмүрдү жеткирүү боюнча │2012-жылдын │Жергиликтүү │
│ │транспорттук кызматтарды │1-августунан │мамадминистрация- │
│ │көрсөтүү менен туруктуу отун │тартып │лар, "Көмүр" МИ, │
│ │базаларына жана сатуу │2013-жылдын │макулдашуу боюнча: │
│ │пункттарына кол күчүн көмүр │1-мартына чейин│айыл өкмөтү, көмүр │
│ │жеткирүүнү уюштуруу жана │ │казуучу ишканалар │
│ │камсыз кылуу жана өткөн │ │ │
│ │2011/2012-жылдын жылуулук │ │ │
│ │берүү сезонунда камтылбаган │ │ │
│ │калктуу конуштарда кошумча │ │ │
│ │отун базаларын жана сатып │ │ │
│ │өткөрүү пункттарын түзүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│21│Калкка жана бюджеттик уюмдарга│Дайыма, │Министрликтер, │
│ │катуу отун сатуу боюнча отун │2012-жылдын │ведомстволор, │
│ │базаларына жана пункттарына │1-августунан │жергиликтүү │
│ │кыргыз көмүрүн ташып │тартып - жума │мамадминистрация- │
│ │жеткирүүнү координациялоону │сайын │лар, "Көмүр" МИ, │
│ │жана контролдоону камсыз │ │макулдашуу боюнча: │
│ │кылуу. Энергоөнөржайминге │ │Бишкек жана Ош │
│ │тийиштүү маалыматтарды берүү │ │шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары, көмүр │
│ │ │ │казуучу ишканалар │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│22│Берилген эсептерге ылайык │2012-жылдын │ЭМКМ, "Көмүр"МИ │
│ │республикалык жана жергиликтүү│1-августуна │ │
│ │бюджеттин каражаттарынын │чейин │ │
│ │эсебинен бюджеттик уюмдарга │ │ │
│ │продукция жеткирүүчү │ │ │
│ │жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр│ │ │
│ │үчүн отунга (көмүр, мазут) │ │ │
│ │дүң бааны бекитүү │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│23│Кыдырып учуу жана башка │Зарылдыгына │ӨКМ, макулдашуу │
│ │техникаларды колдонууга мүмкүн│жараша │боюнча: │
│ │болбогон жерлерге жайгашкан │ │"КУЭТ", "Түндүк │
│ │электр берүүчү линиялардын │ │электр", "Ош │
│ │аварияларын аныктоодо жана │ │электр", "Чыгыш │
│ │жоюуда жабдууларды жана │ │электр", │
│ │адистерди жеткирүү үчүн │ │"Жалал-Абад │
│ │авиациялык техника менен │ │электр" ААКылары │
│ │камсыз кылуу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│25│Жеткирүүчүлөр менен │Ай сайын, │Дайыма Минфин, │
│ │контракттын шарттарына ылайык │отчеттук айдан │министрликтер, │
│ │жаратылыш газы үчүн │кийинки айдын │жергиликтүү │
│ │"Кыргызгаз" ААКсына алдын ала │10уна чейин │мамадминистрация- │
│ │төлөмдөрдү жүргүзүүгө │ │лар макулдашуу │
│ │бюджеттик керектөөчүлөрдү өз │ │боюнча: │
│ │убагында каржылоону камсыз │ │Бишкек жана Ош │
│ │кылуу │ │шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары, ОЭК │
│ │ │ │ишканасы │
├──┼──────────────────────────────┼───────────────┼───────────────────┤
│26│Алдыдагы күз-кыш мезгилдеринен│Дайыма │министрликтер, │
│ │ийгиликтүү өтүү, отунду жана │ │облмамадминистра- │
│ │энергияны сарамжалдуу жана │ │циялар, макулдашуу │
│ │натыйжалуу пайдалануу, ошондой│ │боюнча: │
│ │эле энергияны үнөмдөө жана │ │Бишкек жана Ош │
│ │отун даярдоо боюнча жүргүзүлүп│ │шаарларынын │
│ │жаткан иш-чаралардын зарылдыгы│ │мэриялары, ОЭК │
│ │жөнүндө жалпыга маалымдоо │ │ишканалары │
│ │каражаттарын тартуу менен калк│ │ │
│ │арасында түшүндүрүү иштерин │ │ │
│ │дайыма жүргүзүү │ │ │
└──┴──────────────────────────────┴───────────────┴───────────────────┘