Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-декабры № 2561-V
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 18-октябрындагы № 724 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2012-жылга республикалык бюджеттин төмөнкү негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 26,1 пайыз салыштырма салмак менен 79803488,2 миң сом жалпы суммада (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 5272930,0 миң сом суммадагы гранттык каражаттарды кошуп алганда):
республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 33,2 пайыз салыштырма салмак менен 101522617,9 миң сом жалпы суммада:
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын четки өлчөмү ИДПга карата 7,1 пайыз салыштырма салмак менен 21719129,7 миң сом суммада жана аны жабууга 5710541,1 миң сом суммадагы ички булактар жана 16008588,6 миң сом суммадагы тышкы булактар багытталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпысынан республиканын имиджине таасир тийгизиши, социалдык дүрбөлөңгө алып келиши мүмкүн болгон "капиталдык салымдар" беренеси боюнча чыгашаларды кыскартуу менен байланышкан терс кесепеттерден качуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын аткарылган курулуш жана жол жумуштарын, ошондой эле аткарылып бүтө элек жумуштарын каржылоо үчүн каражаттарды издеп табуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуштарын карасын.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
4. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.К.Келдибеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Төрагасы
|