Загрузка документа…
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 12-декабры № 2565-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 4-октябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
Э.Исаков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
О.А.Молдалиев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
А.Н.Шыкмаматов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
К.Ж.Таштаналиев - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календарлык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (С.К.Нышанов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Торага
| А.Жээнбеков |