Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-декабры № 2570-V
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 18-октябрындагы № 724 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2012-жылга республикалык бюджеттин төмөнкү негизги параметрлерин тактоо менен экинчи окууда кабыл алынсын:
республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 26,2 пайыз салыштырма салмак менен 79916949,2 миң сом жалпы суммада (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 5272930,0 миң сом суммадагы гранттык каражаттарды кошуп алганда);
республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 33,2 пайыз салыштырма салмак менен 101521743,9 миң сом жалпы суммада;
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын четки өлчөмү ИДПга карата 7,1 пайыз салыштырма салмак менен 21604794,7 миң сом суммада жана аны жабууга 5610541,1 миң сом суммадагы ички булактар жана 15994253,6 миң сом суммадагы тышкы булактар багытталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
төмөнкүлөрдүн жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын:
- 2012-жылга республикалык бюджеттин жана 2013-2014-жылдарга болжолдун макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн аткарбагандык үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү министринин;
- мугалимдердин эмгек акысына, жалпы билим берүүчү мектептердеги окуучулардын тамактануусун уюштурууга, окуучулары чатырларда окууга мажбур болгон мектептерди курууга акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүү боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрлеринин;
2012-жылга республикалык бюджетте жана 2013-2014-жылдарга болжолдо каралган төмөнкү каражаттарды каржылоону камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 109 млн. сом суммадагы;
- эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине 20 млн. сом суммадагы;
- илимди жана нанотехнологияларды өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына 30 млн. сом суммадагы;
тиешелүү жылга республикалык бюджеттин өзгөртүүлөрүн жана толуктоолорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралгандан кийин гана жүргүзсүн;
аппаратын күтүүгө зарыл каражаттарды кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүн оптималдаштырсын;
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматчыларына эмгек акыны көбөйтүү үчүн каражаттарды издеп тапсын;
төмөнкүлөрдү каржылоону карасын:
- башталган объекттердин курулушун, анын ичинде ирригациялык тутумдарды биринчи кезекте бүткөрүүгө;
- Ош шаарында милиция мектебин курууга;
- заманбап ветеринардык жабдууларды сатып алууга;
көрсөткүчтөрүн беренелер боюнча көрсөтүп, күч түзүмдөрүнүн бюджетинин маалыматтарынын жашыруундуулугун жокко чыгарсын;
райондук жана областтык ветеринардык башкармалыктардын бухгалтерлеринин штаттык бирдиктерин калыбына келтирүү жөнүндө маселени чечсин;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-беренесине ылайык республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине жылына төрт жолудан ашык эмес берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун 2-пунктун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага | А.Жээнбеков
|