Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-декабры № 2648-V
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1141-ХII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия тарабынан киргизилген жаңы редакцияда тиркемеге ылайык баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
ушул токтомду аткаруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин багыттык комитеттерине жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V токтомуна тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ
Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики
Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Төрага |
А.Жээнбеков
|