Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 17-апрели № 207
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" № 377 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Нарын областынын Жумгал районундагы Таш-Төбө айылынын бийиктиги такталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" №377 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- № 1 тиркемедеги "Жумгал району" деген бөлүмдүн 26-пунктунда райондук коэффициент графасындагы "1,20" деген сандар "1,50" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген коэффициенттер жана үстөк төлөөлөр 2001-жылдын 1-январынан баштап төлөнсүн.
3. Бул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
|