Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-февралы №2818-V
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Азыркы убакта республикада 51 музей иштейт. Биргелешкен Музей фонду 305480 экспонатты түзөт.
Иштеп жаткан музейлердин ичинен 10у гана атайын курулган имараттарда жайгашкан, калгандары ылайыкташтырылган жайларда жайгашып, мунун өзү музейлик ишти өнүктүрүүгө кедерги болуучу фактор болуп саналат.
Музейлердин имараттарынын жарымынан ашыгы реставрациялоого же капиталдык ремонтко муктаж. Көпчүлүк музейлерге кайтаруу жана өрт үн белгилер тутуму киргизилген эмес.
Көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып өлкөдө бир дагы типтүү музей курулган эмес. Музейдин ишин заманбап уюштуруу музейлик жабдуулар менен жабдылууга, өрт өчүрүү коопсуздугунун тутумуна, цифралык технологияларды киргизүүгө карата жаңы талаптарды коюуда.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик музейлердин 25 пайызы гана компьютердик жабдуулар менен жабдылган.
Фонддорду талапка ылайык сактоо актуалдуу проблемалардын бири болуп саналат. Республикада реставрациялоо үчүн имараттын жана каржы каражаттарынын жоктугунан акыркы 20 жылдын ичинде экспонаттарды тиешелүү деңгээлде реставрациялоо мүмкүн болбой калды. Азыркы убакта сактоонун 40 миң бирдигинен ашыгы реставрациялоого муктаж.
Жаңы экспонаттарды сатып алууга жана жаңы экспозицияларды түзүүгө бюджеттен каражаттар бөлүнүп берилбейт.
Иштеп жаткан музейлердин 50 пайызынан ашыгы жергиликтүү жана муниципалдык бюджеттерден каржыланат, бирок бөлүнүп берилген каражаттар жумушту камсыз кылуу үчүн да жетишпейт. Музейлердин фонддору жаңыртууну талап кылат, фонддордогу тарыхый-маданий баалуулуктарды сактап калуу боюнча, аларды толуктоо, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, илимий ишти өнүктүрүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чаралар жетиштүү көрүлгөн эмес.
Акыркы убакта мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана коомдук уюмдар тарабынан каржылык каражаттар менен бекемделбеген музейлерди ачуу салтка айланып кетти. Бул тенденция Мыйзамдын 27-статьясынын бузулушуна алып келет. Акы төлөнүүчү жооптуу кызматкердин жоктугу айылдык музейлердин жок болуп кетишине, салыштыргыс экспонаттардын жоголушунун коркунучунун өсүшүнө алып келет.
Музейлердин абалы заманбап талаптарга жооп бербейт, салыштыргыс коллекциялардын жоголуп кетишинин коркунучун түзөт жана музейлердин ишин сактап калуу максатында жетиштүү каражаттарды бөлүп берүүнүн мүмкүнчүлүгүн карай, музейлердин ишин кайра карай, акыркы үлгүдөгү музейлик технологиялар менен жабдылган музейлерди жана жаңы көргөзмө аянтчаларды кура турган убакыт келип жетти.
Бул маселе Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин Ош шаарында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөрүлгөн көчмө жыйналышында каралган.
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси тарыхтын, маданияттын, архитектуранын жана жаратылыштын эстелиги болуп саналуу менен өзгөчө корголуучу мамлекеттик аймак болуп эсептелет.
2009-жылдын 26-июнунда "Сулайман-Тоо" музей комплекси Бүткүл дүйнөлүк тарыхый-маданий мурас объекта катары ЮНЕСКОнуи Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Бирок акыркы жылдардын ичинде ал өзгөчө корголуучу мамлекеттик объект болуп саналгандыгына карабастан жана тарыхый-маданий мурасты сактоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен "Сулайман-Тоо" музей комплексинин аймагында анын тарыхый-маданий арналышына жооп бербеген жана ылайык келбөө менен табигый ландшафты бузган объекттерди куруу жүргүзүлүүдө.
Бул фактылардын баары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы толук мерчемде аткарылбай жаткандыгына күбө болот.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетишсиз иши белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына музейлердин негизги багыттарын жана милдеттерин, музейлик иштин түрлөрүн жана формаларын, музейлерди түзүү үчүн талаптар менен критерийлерди жана музейлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун аныктоочу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине мамлекеттик актыны жол-жоболоштуруу жана берүү боюнча айкын чараларды көрсүн;
музейлердин материалдык-техникалык базасын чындоого, капиталдык ремонтуна, фонддорун толуктоого зарыл каражаттарды бөлүп берүүнү жыл сайын республикалык бюджетте карасын;
Мамлекеттик тарых музейин реэкспозициялоо жүргүзүүгө каражаттарды республикалык бюджетте карасын;
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин күтүүнү жана анын ишин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ошондой эле Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен мэриясынын ортосундагы жоопкерчиликтин айкын чөйрөсүн аныктасын;
төмөнкү маселелерди чечсин:
-"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин регенерациялоо долбоорун иштеп чыгууга 2 млн. сом суммадагы каражат бөлүп берүү жөнүндө;
-Бурана тарыхый-маданий комплексин колдоого жана күтүүгө 5 млн. сом, "Манас ордо" кыргыз улуттук комплексин колдоого жана күтүүгө 5 млн. сом, Нарын областындагы тарыхый-этнографиялык музейдин капиталдык ремонтуна 900 мин сом, ошондой эле Өзгөн шаарындагы тарыхый мунараны калыбына келтирүүгө 2013-жылы каражат бөлүп берүү жөнүндө;
-Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун музейин түзүү жөнүндө;
төмөнкү маселелерди карасын:
-республикада техникалык музей түзүү жөнүндө;
-"Ата-Бейит" мемориалдык комплексин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү жана өзгөчө статус берүү жөнүндө;
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагындагы курулуштун бардык түрлөрүнө тыюу салсын.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин корголуучу аймагындагы курулуштардын жана бөлүнүп берилген ар бир жер участогунун мыйзамдуулугун алты айлык мөөнөттө текшерсин жана мыйзамдарды бузуулар табылган учурда тиешелүү чараларды көрсүн;
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин корголуучу аймагына мамлекеттик актыны жол-жоболоштуруунун жана берүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан создуктурулушунун мыйзамдуулугун иликтесин, зарыл болсо, тиешелүү кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттернне прокурордук мамиле жасоо актысын колдонсун.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
"Кыргыз Республикасынын музейлер жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын тиешелүү түрдө аткарууну камсыз кылуу боюнча айкын чараларды көрсүн;
төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
-Кыргыз Республикасынын Музей фонду жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу жөнүндө жобону;
-өлкөнүн музейлеринин ишинин өнүгүшүнүн уюштуруу-укуктук, экономикалык кепилдиктерин камсыз кылууну кароочу 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын музейлеринин өнүгүшүнүн программасын;
-республиканын музейлеринин базасында маданий-таанып билүү туризмин өнүктүрүү программасын;
-ЮНЕСКОнун Буткул дүйнөлүк мурастар объектин - "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин өнүктүрүү жана колдоо программасын;
Ош шаарынын мэриясы менен биргелешип "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагындагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо жөнүндө мыйзамдарды бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
музейлердин фонддорун толтуруу, материалдык-техникалык базасын чындоо жана квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
7. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маселени алты ай өткөндөн кийин карасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |