Редакцияот 18.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-апрели №2993-V

"Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2011-жылдын 22-августу, №476 токтом) "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков