Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №3012-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 11-февралы, №67 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жана ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата негиздемеси менен өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (К.Дж.Рыспаев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |