Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №3026-V
"Адилетке жол" коомдук уюмунун жапа чеккен зайымчыларынын кайрылуусу жана 2010-жылдагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан зайымчыларга колдоо көрсөтүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы жабыр тарткан зайымчыларды жабыр тарткан зайымчылардын реестрине киргизүү боюнча тийиштүү чараларды карасын жана кабыл алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларындагы бардык жабыр тарткан зайымчыларды колдоо үчүн каражаттарды тапсын жана аны "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда карасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |