ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №3026-V «Адилетке жол» коомдук уюмунун жапа чеккен зайымчыларынын кайрылуусу жана 2010-жылдагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан зайымчыларга колдоо көрсөтүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө" токтому

Редакция18.04.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-апрели №3026-V

"Адилетке жол" коомдук уюмунун жапа чеккен зайымчыларынын кайрылуусу жана 2010-жылдагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан зайымчыларга колдоо көрсөтүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы жабыр тарткан зайымчыларды жабыр тарткан зайымчылардын реестрине киргизүү боюнча тийиштүү чараларды карасын жана кабыл алсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларындагы бардык жабыр тарткан зайымчыларды колдоо үчүн каражаттарды тапсын жана аны "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда карасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков