КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели № 3041-V
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 2652-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев жана Т.У.Шайназаров тарабынан демилгеленген) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |