Редакцияот 30.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 30-майы № 3148-V

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 29-ноябрындагы № 800 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар жана түзөтүүлөр боюнча комитеттин чечимин эске алуу менен экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Э.Ж.Алымбеков) экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Мыйзам долбоорунун жеткире иштелген текстин даярдасын.

 

Төрага

А.Жээнбеков