Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 800
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 29-июну, № 57) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү", "ыйгарым укуктуу өкүлү", "Ыйгарым укуктуу өкүл", "Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 6-берененин 6-7-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4. 7-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "тартам" деген сөз "тартууга даярмын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен" деген сөздөр "ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-беренеде:
1) 4-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Өкмөттүн отставкасынын натыйжасында кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү, Өкмөт ишеним көрсөтпөөгө же ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу отставкага кеткенден башка учурларда эки орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө компенсация алат.";
2) 5-бөлүк "Өкмөттүн курамынын мүчөлүгүнө" деген сөздөрдөн кийин "же администрациялык ведомствонун жетекчиси болуп" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Премьер-министрдин тескемеси менен" деген сөздөр "Өкмөттүн чечими менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 3-главанын аталышындагы ", Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ишинин кепилдиктери" деген сөздөр алып салынсын.
7. 10-берененин 1-бөлүгүндө:
1) 5-пункт "коргонуу жөндөмдүүлүгүн" деген сөздөрдөн кийин ", улуттук коопсуздукту" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;";
3) 25-пункт "администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин," деген сөздөрдөн кийин "Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн губернаторлордун," деген сөздөр менен толукталсын;
4) төмөнкү мазмундагы 26-1 жана 26-2-пункттар менен толукталсын:
"26-1) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн, штаттык санын бекитет;
26-2) Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн - губернатордун институтун түзөт;";
5) 32-пункт "мамлекеттик администрациялардын" деген сөздөрдөн кийин Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн - губернаторлордун" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 11-беренеде:
1) 2-бөлүктөгү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жөнүндө жоболорду бекитет" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
9. 13-беренеде:
1) 4-бөлүктүн бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-7-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
10. 17-берененин 5-бөлүгүндөгү "аткаруу бийлигинин башка органдарынын" деген сөздөр "башка мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 18-берененин 2-бөлүгүндө:
1) 11,31 жана 32-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
2) 29-пункттагы "жана жогорку атайын класстык чендерди" деген сөздөр алып салынсын.
12. 20-берененин 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) администрациялык ведомстволордун жетекчилерин, Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн - губернаторлорду, Өкмөткө ведомстволук караштуу уюмдар менен мекемелердин жана алардын бирикмелеринин жетекчилерин кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну;".
13. 22-берененин 1-бөлүгүндө:
1) 8-пункт "чендерди" деген сөздөн кийин ", атайын класстык чендерди" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"10) ушул конституциялык Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат".
14. 23-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"23-берене. Премьер-министрди кызмат ордунан бошотууга жана
отставкага кетирүүгө негиздер
1. Премьер-министр Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
2) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;
3) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;
6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
7) сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;
8) каза болгондо.
2. Премьер-министрди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотуу Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.
Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда Өкмөттүн мүчөлөрү өз милдеттерин Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Конституцияда каралган тартипте уланта беришет. Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.
3. Премьер-министр төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелет:
1) Президент тарабынан анын отставкасы кабыл алынганда;
2) Өкмөт отставкага кеткенде:
4. Премьер-министрдин отставкасы Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.
Премьер-министр же Өкмөт отставкага кеткен учурда, Премьер-министр же Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Конституцияда каралган тартипте уланта беришет.
5. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Президент кабыл алган арыздын негизинде милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордунан бошотулган учурда анын ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.
6. Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен байланышпаган негиз боюнча кызмат ордунан бошотулган, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөөгө же Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланышпаган негиздер боюнча отставкага кеткен Премьер-министр Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри наамына ээ болот.".
15. 24-беренеде:
1) 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) өзүн ыйгарым укуктарын тиешелүү түрдө аткарбаганда;";
2) төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Өкмөттүн мүчөсү отставкага кетүүгө өтүнүүгө укуктуу. Өкмөттүн мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.";
3) төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкер жактырылганга чейин. Премьер-министр Президентке аталган кызмат орунга Өкмөттүн мүчөсүнүн милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.".
16. 26-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Администрациялык ведомстволор өз ишин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик инспекциялар, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик фонддор түрүндө түзүлөт.
Мамлекеттик агенттик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын функцияларын ишке ашыруучу администрациялык ведомство.
Мамлекеттик инспекция - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын контролдоо жана инспектордук функцияларын ишке ашыруучу администрациялык ведомство.
Мамлекеттик кызмат - атайын статусу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылган, башкаруунун конкреттүү тармагында мамлекеттик саясатты камсыз кылууну ишке ашыруучу администрациялык ведомство.
Мамлекеттик фонд - башкаруунун конкреттүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу, ошондой эле акча каражаттарын топтоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды чогултуу максатында түзүлүүчү администрациялык ведомство."
17. 27-беренеде:
1) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы" деген сөздөр "облустагы ыйгарым укуктуу өкүлгө - губернаторго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-бөлүктөгү ", ошондой эле аны күтүүгө кеткен чыгымдардын өлчөмү" деген сөздөр алып салынсын.
18. 28-беренеде:
1) 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор тиешелүү аймактык бирдиктин - облустун чектеринде Өкмөттүн өкүлү болгон кызмат адамы болуп саналат. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор Өкмөттүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну жана тиешелүү облустун чектеринде мамлекеттик бийликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.";
2) 2-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
3) 4-бөлүктөгү "экиге чейин орун басары" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан аныкталуучу санда орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 29-беренеде:
1) 4-пункттагы "Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-пункттагы ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын маселелери боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
3) 17-пункттагы "Премьер-министр тарабынан берилген" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. 30-берене төмөнкү мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. Премьер-министр Президентке чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, туруктуу өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин түзүүгө макулдугун берет.".
21. 31-беренеде:
1) 6-7-бөлүктөр төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген жана Өкмөткө расмий корутунду алуу үчүн жиберилбеген мыйзам долбоорлорго кат жүзүндө корутунду берүүгө милдеттүү.
7. Өкмөттүн корутундусу мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин комитеттеринде, фракцияларында жана жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана маалымдалууга тийиш.".
2) 8-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
3) 9-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Өкмөт Жогорку Кеңешке берилген ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алууга укуктуу, бул жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Жогорку Кеңешке билдирилет.".
22. 39-берененин 2-бөлүгүндөгү "Эгерде мыйзамдарды же мамлекеттик иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдерде башкача каралбаса," деген сөздөр алып салынсын.
23. 10-глава күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти