КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 3166-V
"Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 22-мартындагы № 143 токтому) "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|